text
stringlengths 1
405k
⌀ | source
stringclasses 7
values |
---|---|
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды ©
Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, оорукананын жамааты жана "Ас-Сафа" эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя баштаган Кувейттен келген коноктор катышкан. ©
Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития 1 / 2 ©
Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, оорукананын жамааты жана "Ас-Сафа" эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя баштаган Кувейттен келген коноктор катышкан. ©
Sputnik / Виталий Тимкив Сабырбек Жумабеков: Катар 9,2 млн. долларлык оорукана куруп бермей болду Аянты 2 708 чарчы метр болгон беш кабаттуу медициналык жай заманбап талапка ылайык салынары белгиленет. Корпустун салынышын толугу менен "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси каржылайт. Аны 2022-жылы майда бүтүрүү пландалууда. 2020-жылы "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси тарабынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Консультациялык-диагностикалык блок жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмдөрү колдонууга берилгени айтылат. Ошондой эле учурда балдардын онкология бөлүмү үчүн имарат курулуп жатат. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга 5-июлда чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады."Төрага Талант Мамытов Баш мыйзамдын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин 34-регламентине таянып 5-июлдан 30-июлга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чакырат", — деп айтылат маалыматта. Жыйындар шаршемби, бейшемби күндөрү өтмөкчү. Жогорку Кеңеш адатта кезексиз жыйынга депутаттардын сунушу менен чакырылат. Эске салсак, депутаттар 30-июнда каникулга тарашкан. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы түзүмү 2-июлдагы жыйында төрайымдын орун басарларын тандады. ©
Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алмашты. Жаңы курамдын тизмеси БШКнын төрайымынын орун басарлыгына төрт талапкер сунушталган. Алар: Тынчтык Шайназаров, Акбалык Жумалиева, Нурлан Койчукеев жана Марс Наспеков. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев көбүрөөк добуш алган. Белгилей кетсек, БШКны кайрадан Нуржан Шайлдабекова башкара турган болду. Анын талапкерлиги БШКны беш жыл жетектеп, бир топ шайлоолорду өткөргөнү үчүн жактырылган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 665 бейтап айыкты. 1 352 киши жаңыдан жуктуруп, тилекке каршы, сегиз адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Сакайгандар: Бишкек шаары – 293; Ош шаары – 80; Чүй облусу – 96; Ош облусу – 70; Талас облусу – 10; Нарын облусу – 9; Ысык-Көл облусу – 27; Жалал-Абад облусу – 71; Баткен облусу – 9. Жалпы айыккандар 111 994 болду. Ал эми жуктургандардын саны төмөнкүчө: Бишкек шаары – 803; Ош шаары – 42; Чүй облусу – 189; Ош облусу – 67; Талас облусу – 29; Нарын облусу – 24; Ысык-Көл облусу – 37; Жалал-Абад облусу – 80; Баткен облусу – 81. ©
AP Photo / Vladimir Voronin Республикалык штаб белгилеген тез арада жасалчу иштердин тизмеси Ушуну менен жуктургандардын саны 129 232ге жетти. Тилекке каршы, акыры суткада оорунун айынан 8 киши өмүрү менен кош айтышты. Алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Жалал-Абад облусунда жана бирөө Ош шаарында дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2 027 кишинин өмүрүн алды. Учурда стационарларда 3 864 бейтап жатат. Алардын 79унун абалы канааттандырарлык, 2 514ү орто, 1 097си оор жана 174ү өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 10 318 бейтап бар. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор аралаш мушташ (ММА) тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтингинин башын ээледи. Тизмени South China Morning Post басылмасы түзгөн. ©
AFP 2021 / CARMEN MANDATO Хабибдин ордун ээлеген Оливейранын урматына Бразилияда парад уюштурулду. Видео Ага ылайык, спортчу карьерасында 400 миллион доллар тапкан. Адатта күйөрмандары акчанын көбүн UFC уюму төлөп берген деп ойлошу мүмкүн. Бирок ал жактан 22 миллион гана гонорар берилген, калган кирешени жарнамалык келишимдер менен бизнестен түшкөн каражаты алып келген. Экинчи орунда россиялык Хабиб Нурмагомедов турат. Ал 40 миллион доллардай тапкан. Бирок канчасы UFC беттештеринен, канчасы башка булактардан экени айтылган эмес. Үчүнчү орунда UFC уюмунун мурдагы чемпиону, канадалык Жорж Сен-Пьер (30 миллион), төртүнчүдө америкалык мушкер жана рестлер Брок Леснар (25 миллион) турат. Бешинчи сапта UFC уюмунун эки салмак боюнча экс-чемпиону Би Жей Пенн жайгашкан. Ал 22 миллион доллар таба алган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аптаптуу ысыкта алкоголдук ичимдиктерди, кофеин жана кант кошулган суусундуктарды ичүүдөн баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу ДССУнун расмий өкүлү Тарик Язаревич брифингде билдиргенин РИА Новости жазды."Адамдар ысыктан оолак болуп, салкын жерде баш калкалап, суусундукту көбүрөөк ичиши керек. Эгерде башы айланып баштаса дароо дарыгерге кайрылган оң. Анан бир гана суу ичүү керектигин белгилейбиз. Андыктан алкоголдон такыр баш тартып, ошондой эле кофеин менен кант кошулган сууларды көп ичпөө сунушталат", — деди ДССУнун өкүлү. Ал Канадада күндүн табы 49,6 градуска чейин жетип, аптаптуу ысык болуп жатканын эске салган. Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы келээрки аптада күн катуу ысып, түштүк региондордо 41 градуска чейин жетери эскертилди. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Адатта көпчүлүк адамдар башы ооруса дароо дары ичишет. Delish порталы илимий изилдөөлөрдү карап чыгып, баш ооруну дарысы жок айыктыра турган 12 азыкты сунуштаганын РИА Новости жазды. Билдирмеге караганда, баш ооруга даба болчу азыктардын сап башында капуста менен шпинат турат. Алар фолий кычкылы менен магнийге бай. Шоколад менен бананда дагы магний микроэлементи көп экени айтылды. ©
Photo : Pexels : Castorly Stock Капуста организмди холестеринден арылтып, кан тамырды тазалайт Баш оору менен күрөшүүгө курамында Омега-3 майлуу кычкылдарына бай лосось, авокадо сыяктуу азыктар да жардам берет. Адистер баш ооруга миңдин бири делген азыктардын катарына козу карын менен картошканы кошкон. Маселен, картошканын курамында бета-каротин, В2, В6 витаминдери, марганец, калий, ниацин бар. Анын баары баш ооруну басаңдатууга жардам берет. Кызылча менен брокколи да ушундай касиетке ээ. Маалым болгондой, суусундуктардан кофе да баш ооруну басат, бирок адистер аны этияттап ичүүнү сунушташкан. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды ©
Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, оорукананын жамааты жана "Ас-Сафа" эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя баштаган Кувейттен келген коноктор катышкан. ©
Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития 1 / 2 ©
Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, оорукананын жамааты жана "Ас-Сафа" эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя баштаган Кувейттен келген коноктор катышкан. ©
Sputnik / Виталий Тимкив Сабырбек Жумабеков: Катар 9,2 млн. долларлык оорукана куруп бермей болду Аянты 2 708 чарчы метр болгон беш кабаттуу медициналык жай заманбап талапка ылайык салынат. Корпустун салынышын толугу менен "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси каржылайт. Аны 2022-жылы майда бүтүрүү пландалууда. 2020-жылы "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси тарабынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Консультациялык-диагностикалык блок жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмдөрү колдонууга берилгени айтылат. Ошондой эле учурда балдардын онкология бөлүмү үчүн имарат курулуп жатат. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында 2,5 жашар кызды уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов билдирди. Окуя 2-июлда болгон. Милицияга кыздын энеси арыз жазган."Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жердеги байкоочу камералардан 35-40 жаш чамасындагы эркек киши наристеге сүйлөп, ээрчитип баратканын көрүшкөн. Натыйжада Ак-Буура районунун криминалдык милиция кызматкерлери кызды аман-эсеп таап, ата-энесине өткөрүп беришкен. Шектүү 38 жаштагы Алай районунун Ч.А. аттуу тургуну экени аныкталган", — деп айтылат билдирмеде. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси менен ("Киши уурдоо") кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кичинекей кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүрүүдө. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 319 кишиден коронавирус табылып, 845 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Жуктургандар: Бишкек шаары – 715; Ош шаары – 25; Чүй облусу – 225; Ош облусу – 87; Талас облусу – 15; Нарын облусу – 5; Ысык-Көл облусу – 44; Жалал-Абад облусу – 109; Баткен облусу – 84. Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 137 058ге жетип, анын 116 358и айыкты. Сакайгандар: Бишкек шаары – 422; Ош шаары – 41; Чүй облусу – 121; Ош облусу – 85; Талас облусу – 8; Нарын облусу – 6; Ысык-Көл облусу – 30; Жалал-Абад облусу – 94; Баткен облусу – 38. Тилекке каршы, бир сутка ичинде оору 10 бейтаптын өмүрүн алган. Анын жетөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда дарыланып жаткан. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медиктин коронавирус жуктурганы аныкталды. Азыркы тапта ооруканаларда 4 614, үйдө 12 874 бейтап дарыланууда. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кондиционер эмне себептен бузулат жана ал тынбай иштеп турса эмне болорун Sputnik радиосунун эфиринде "Русклимат" эл аралык компаниясынын жетекчиси Алексей Петров айтып берди. Адистин пикиринде, кондиционерлер адатта жаңы орнотулган жылы көп бузулат."Себеби — заводдун катасы же туура эмес орнотулушу. Экинчи учурда фреон агып калып, жабдуу иштен чыгат. Эгер аппарат туура орнотулса, 10 жылдан 20 жылга чейин иштеп берет", — деди Петров. Ал эми кондиционердин тынбай иштегени бузулууга алып келбей турганын кошумчалады. ©
Sputnik / Владимир Песня Дарыгер ысыкта өнөкөт оорулар күч аларын айтты"Заманбап кондиционерлер 43 градус ысыкка чейин көтөрөт жана жайкысын суткалап тынбай иштей берет. Бул жагынан кам санабай эле койсо болот. Болгону эң керектүү учурда бузулуп калбашы үчүн жылына бир ирет, колдон келсе жаз мезгилинде адистерге көрсөтүп коюу керек", — деди адис. Аппараттын бузулганын анын жай муздатып же алдынан суу тамчылай баштаганынан билсе болот. Бул учурда адистерге кайрылуу зарыл. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Вакцина алган адам менен ала элек адамдын организми коронавирусту кандай көтөрөрүн Sputnik радиосунун эфиринде иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков айтып берди. Адистин пикиринде, коронавирус эмделген кишилердин арасында өтө сейрек кездешүүдө. Бул эң негизги айырма болуп эсептелет."Экинчи өзгөчөлүгү — адам ооруну жеңил көтөрөт. Эмделгендер оор формадагы коронавируска кабылган учурлар азырынча жокко эсе. Мындан тышкары, эмделген адам башкаларга вирус жуктура турган мөөнөт дагы салыштырмалуу кыска болот. Мисалы, вакцина алган киши ооруп баштагандан тарта бир жумага чейин айланадагыларга кооптуу болсо, эмделген адамдар үч-төрт күндөн кийин эч кимге оору жугузбай калат", — деди дарыгер. Ошондой эле адис вакцина алган адамдар албагандарга караганда кооптуураак болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Анткени эмделбеген адамга ооруй баштаганы дароо билинсе, эмделгендер вирустун белгиси жок болгон соң билбей калышы мүмкүн. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 11 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 311 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Маалымат 3-июль саат 8:00гө карата берилди. Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 1; № 2 клиникалык төрөт үйү — 34; № 1 клиникалык оорукана — 1; Улуттук кардиология жана терапия борбору — 3; Чүй облустук бириктирилген ооруканасы — 12; Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 6; Улуттук госпиталдын урология корпусу — 3; Республикалык наркология борбору — 10; Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 58; Улуттук госпиталдын терапия бөлүмү — 7; Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 176. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. АКШнын аскерлери Афганистандагы Баграм авиабазасынын имаратынан чыгып кетери менен ал жакты мародёрлор тоношту. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. Маалыматка караганда, АКШ аскерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Баграмдан чыгып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат бербегендиктен, имаратты эч ким кайтарууга алган эмес. Адистер бул америкалыктар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин болчу башаламандыктын алгачкы гана белгиси деп эсептөөдө. ©
AFP 2021 / NOORULLAH SHIRZADA Талибдер Афганистандын түндүгүн "тегиздеп", Борбор Азияга "чок таштаганы" турабы? Эске салсак, АКШ Афганистандан аскерлерин быйылкы жылдын 11-сентябрына чейин толук чыгарып кетиши керек. Учурда алар четинен кете башташты. Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы куралдуу күчтөрүн Афганистандан чыгарып жатканына байланыштуу бул өлкөнүн америкалыктарга жардам берген тогуз миңдей жаранына баш калкалоо берүүнү Борбор Азия өлкөлөрүнөн суранган. Вашингтон өз жардамчыларын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттерине жайгаштырууну көздөп жатат. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалына чыккан алгачкы командалар аныкталды. Оюндар 2-июлда өттү. Биринчи чейрек финалдын беттештери Санкт-Петербургда болуп, Испания менен Швейцариянын командалары жолукту. Негизги жана кошумча убакыт 1:1 упай эсебинде аяктап, пенальтиде испаниялыктар 3:1 эсеби менен жеңди. ©
AFP 2021 / Thanassis Stavrakis Евро-2020нын ай чырайлуу күйөрман кыздары. Стадиондон тартылган 15 сүрөт 15 Андан кийин Мюнхендеги оюнда Италия Бельгияны 2:1 менен утуп, жарым финалга жолдомо алды. Испания менен Италиянын курама командалары жарым финалга чыгуу менен Европа чемпионатында коло медаль тагынууга мүмкүнчүлүк алышты. Жарым финал үчүн дагы эки жолдомо бүгүн, 3-июлда, ойнотулат. Анда Чехия менен Дания, Украина менен Англия ойнойт. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети оң рулдуу автоунаалардын кузовун алмаштырууга тыюу салууну көздөп жатат. Бул боюнча токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга алып чыкты. ©
Фото / пресс-служба ГКНБ УКМК автоунаа катализаторлорун чет өлкөгө мыйзамсыз ташыган каналды аныктады Министрлик билдиргендей, 1990-жылдардагы экономикалык оор кырдаалдан улам өлкөгө оң рулдуу автоунаалардын келиши көзөмөлгө алынбай калган. Кийин алар жолдо жүрүүдө бир топ кыйынчылыктарды жаратары аныкталып, 2015-жылдан тарта Кыргызстанга оң рулдуу автоунааны алып кирүүгө тыюу салынган. Бирок бул эреженин атайын техникага тиешеси жок. Ошондой эле мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөрдөн улам оң рулдуу автоунаалардын тетиктерин алып кирүү улантылып жатканы айтылат."Ал тетиктердин арасында өндүрүүчү автоунаанын кыймылдаткычынын түрү, чыккан жылы, машинанын өңү сыяктуу маанилүү маалыматтарды жазган бөлүктөр дагы бар. Андыктан өлкө аймагына мурда алып келинген оң рулдуу автолорду оңдоодо кожоюндары жаңы келген тетиктерди пайдаланат. Мындан улам транспортту кайра каттоого тургузган учурда мурдагы машинанын документине жаңы тетиктерде жазылган маалыматтар кирип калат дагы, кийин көп көйгөй жаралат", — деп айтылат түшүндүрмөдө. Мындан улам министрлик оң рулдуу автолордун кузовун алмаштырууга тыюу салган мыйзам кабыл алууну сунуштап жатат. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. АКШда катер менен көлдө сейилдеп жүргөн турист Жон Мартин чоң асканын сууга кулап баратканына күбө болду. Amazing video. The face of a section of the Pictured Rocks cliff falls into Lake Superior. Story: https://t.co/3ho0cZi3os pic.twitter.com/15nrZ4eMSE — Mid-Michigan NOW (@midmichigannow) June 29, 2021 The Independent басылмасынын жазышынча, окуя Мичиган штатындагы Жогорку Көлдө болгон."Жардын бөлүнүп баратканын катуу үндөн байкап калдык. Бир мүнөттүн ичинде туурасы 60 метрдей болгон бөлүгү урап түштү", — деп айтып берген турист. Видеодон башка жүргүнчүлөр бекем кармануу керектигин, болбосо толкун кайыкты оодарып салышы мүмкүндүгүн айтып жатканын угууга болот. Жогорку Көлдүн жээгин бийиктиги 50 метрден 200 метрге чейин жеткен аскалар курчап турат. Жараканын пайда болушуна түрдүү себептер айтылган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik."Дельта" штаммынын айынан дүйнө ушул тапта коронавирус пандемиясынын эң оор стадиясында турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. Анын айтымында, бул штамм дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндө табылып, дагы деле мутациясын токтотпой жатат."Дельта" штаммы дүйнөнүн көп өлкөсүндө үстөмдүк кылып турат. Бирок медицина ага гана "байланбай", коронавирустун жаңы, мындан дагы кооптуу болушу мүмкүн болгон штаммдарын карап, алар менен күрөшүүгө даяр турушу керек. Учурда вирусту эрте аныктоо, ооругандарды обочолонтуу боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Антпесе дүйнө өтө кооптуу абалда турат", — деди ДССУ жетекчиси. Мындан тышкары, Гебрейесус дүйнө коомчулугун каргаша менен өз алдынча күрөшпөй, бири-бирине дары-дармек, тест системалары жана жасалма дем алдыруучу аппарат жагынан жардам берүүгө, эмдөөнү тездетүүгө чакырды. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуларында жүк ташуучу унаалардын кезеги азайды, абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады. Бүгүн саат 12:00гө карата "Ак-Тилек" пунктунан өтөйүн деп кезекте 50 гана жүк ташуучу унаа турат. Кечээ 119 автоунаа токтоп турган. Адатта дем алыш жана базар күндөрү тыгын көп жаралары белгиленген. Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес. Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуларында жүк ташуучу унаалардын кезеги азайды, абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады. ©
Sputnik / Жоомарт Ураимов ТИМ Казакстандан кыргызстандыктардын виза алуу үчүн кирүүсүнө уруксат сурады Бүгүн саат 12:00гө карата "Ак-Тилек" пунктунан өтөйүн деп кезекте 50 гана жүк ташуучу унаа турат. Кечээ 119 автоунаа токтоп турган. Адатта дем алыш жана базар күндөрү тыгын көп жаралары белгиленген. Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес. Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти. | Sputnik_kg |
Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, окуя Иорданиянын Акаба шаарында болгон. 37 жаштагы турист кайыкка байланган парашют менен деңиздин үстүнөн учуп бара жатканда акула суудан чыга калып, аны тамандан тиштеп жулуп алган. Окуяны жанынан кайык менен өтүп бара жаткандар видеого тартып алышкан."Жарадар болгон турист дароо ооруканага жеткирилип, бутуна операция жасалды. Акула тиштеп жулуп алган жерде сөөктөр талкаланып, кан тамырлар үзүлүп кеткен", — деп айтылат кабарда. Жергиликтүү адистер киши көп жүргөн тайыз жерлерге адатта акула келбей турганын айтууда. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Афганистандагы кырдаалдын курчушунан улам Тажикстанга өткөн Улуу жана Кичи Памир кыргыздарын Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин Тажикстан Афганистандан качып чыккан этникалык кыргыздарды кабыл алганын айткан. Министрлик кандаштардын афган-тажик чек арасын кесип өткөнү тууралуу 12-июль күнү Бишкектин Кабулдагы элчилигинен кабардар болгонун белгиледи. Маалымат дароо текшерүүгө алынган."Териштирүү учурунда афган кыргыздарынын Мургаб районунун Кызыл-Рабат айылын көздөй жол алганы тастыкталган. Байланыш каражаттары дээрлик жок болгондуктан толук маалымат алууга мүмкүн болгон жок, кандаштардан кабар алуу узакка созулуп кетти. Ошол эле күнү министрлик БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын Орто Азиядагы өкүлчүлүгүн маалымдар кылып, кыргыздарды Тажикстандан Кыргызстанга эвакуациялоого жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган", — деп айтылат билдирүүдө. ©
Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Күздө Памир кыргыздарына экспедиция гумжардам жеткирип, элдин санын тактайт Мындан тышкары, ТИМ Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, афган кыргыздарынын кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пунктуларына тоскоолдуксуз жетүүсүнө көмөк көрсөтүү суранычы менен нота жибергени белгиленди. Мындай өтүнүч министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Душанбе шаарында өткөн ТИМ башчыларынын жыйынында да келтирилген."Маселе учурда КР президенти менен министрлер кабинетинин көзөмөлүндө. Мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди. Азыркы тапта министрлик тажик өкмөтү жана БУУнун тийиштүү башкармалыгы менен иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта. Кыргыз тарап Тажикстандын өкмөтү кандаштарды тарыхый мекенине кайтаруу маселесин ыкчам чечүүгө жардам берет деп ишеним артып жатканы белгиленди. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Москва шаарында көп функциялуу "Киргизия" коомдук борборунун ачылышы күтүлүүдө. Аны мурдагы ушундай эле аталыштагы кинотеатрдын ордуна курушкан. Маданий жайдын качан ачылары тууралуу расмий айтыла элек. Бирок социалдык тармактарда мекендештер имаратка суктанып, видеолорду таратып жатышат. Мындай кадрлардын бири Facebook тармагындагы "Две точки зрения" баракчасына жарыяланды. Анда автор жакшы кабар менен бөлүшүп жатат."Биз Кыргызстандан кете алабыз, бирок ал бизден эч качан кетпейт. Ал биздин жүрөгүбүздүн бир бөлүгүндө кала берет", — деди видеонун автору. Ал эми өткөн аптада Россиянын "Москва" маалымат агенттиги "Киргизия" кинотеатрынын кайра курулушу боюнча видео жарыялаган. Агенттик январь айында курулуш компаниясына шилтеме берип бул имарат ушул жылдын жаз айларында эшигин ачарын айткан эле."2021-жылы Москванын чыгышындагы Новогиреево аймагындагы "Киргизия" көп функциялуу имараты ачылат. Анда тамактануу жайлары дагы болот", — деп айтылган билдирүүдө. Куруучу компания жаңы имаратта заманбап алты кинозал ачыларын, ошондой эле комплекстин ичинде кафе, фитнес-борбор, дүкөн, офис жана жер алдындагы машина токтотуучу жай болорун айткан."Киргизия" кинотеатры Москванын чыгышындагы Новогиреево аймагындагы Зеленый проспектиси, 81 дарегинде жайгашкан. Бул жерде биринчи кино 1972-жылы көрсөтүлгөн. 2000-жылдын башында имаратта казино иштеп, айрым бөлүгү кафе үчүн берилген болчу. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел каптоодон жабыркаган 11 турак жайды тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Ага ылайык, кечээ 18:30дар чамасында Кызыл-Жар айыл аймагынын Күйөө-Таш айылында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, эки турак үй менен тогуз үйдүн короосун суу каптаган. Жабыркагандар болгон эмес. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн атайын комиссия тартылган. Учурда турак жайлар тазаланып, ички чарбалык жол калыбына келтирилип жатат. Ага эки офицер, үч куткаруучу, 20 тургун, бир экскаватор жана бир автожүктөгүч тартылган. | Sputnik_kg |
Биоакустикалык ыкма менен мээни коррекциялоонун артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун балдар бөлүмүнүн башчысы Жаркын Колубаева маек берди. Мээнин биоакустикалык коррекция ыкмасы Кыргызстанда жеке клиникаларда гана жасалат. ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Заведующий детским отделением КНИИКиВЛ Жаркын Колубаева — Биоакустикалык коррекция (БАК) деген эмне? — Бул дарылоонун жаңы ыкмасы. Ал борбордук нерв тутумунун функционалдык бузулуусун, мээнин кан тамыр ооруларын, нейроинфекцияларынын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулат. Ошондой эле невротикалык жана психосоматикалык дарттарды дарылоодо да натыйжа берет. — Бул терапия кимдер тарабынан изилденип чыккан? — БАК терапиясынын натыйжалуулугу Россиянын эң абройлуу медициналык мекемелеринде 25 жылдык изилдөөлөр менен тастыкталган. Аталган ыкма клиникалык сыноолордон өтүп, Москва жана Санкт-Петербург шаарынын бир катар алдыңкы медициналык мекемелеринде колдонулат. Биоакустикалык коррекция методу Россиянын Медицина илимдер академиясынын Эксперименталдык медицина институтунун физиология бөлүмүнүн нейрофизиологдору тарабынан иштелип чыккан. Бизде жаңыдан пайда болууда. — Мээге сигнал берүү менен функционалдык бузулууларды калыбына келтирсе болот экен. Кайсы курактагы бейтаптар кайрыла алат жана кандай оорулар кабыл алынат? ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Адамды билинбей жайлаган жыныстык инфекциялар. Дерматовенерологдун маеги — Жаш куракка чектөө жок. Аталган терапия жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта улуу курактагыларга чейин сунушталат. Эч кандай зыяны жок. Мээ денебиздеги бардык процесстерди башкарып турат. Андыктан анын иштешинин бузулушу башка органдардан байкалышы мүмкүн. Мээнин ишинде кандайдыр бир бузулуу болгондо электроэнцефалограмма (ЭЭГ) нормадан четтеп кетет. Биоакустикалык ыкма мына ушул илдетти дарылоо үчүн добуштарды колдонот. Сөздүн түз маанисинде айтканда, БАК адамга мээсинин музыкасын угууга мүмкүнчүлүк берет. Механизм биокайтарым принцибине негизделген. БАК аркылуу мээ өзү ишин жөндөй баштайт да, андагы процесстер иретке салынып, калыбына келет. Ыкманын өзөгү электроэнцефалограмманын синхрондуу үнгө айлануусуна негизделип, ал бейтапка мээнин электрдик активдүүлүгүн музыка сыяктуу сигнал түрүндө кабыл алууга мүмкүндүк берет. — Демек, кулакчын таккандан кийин адам кандайдыр бир үндөрдү уга алат экен да? — Ооба, өзүнүн мээсинин иштеген үнүн угат. ©
Фото / предоставлено Жаркын Колубаевой Заведующий детским отделением КНИИКиВЛ Жаркын Колубаева — Ар бир ооруга да программа иштелип чыгыптыр. Аны жөнөкөй тил менен кантип түшүндүрсөк болот? — Программа компьютерге жүктөлгөн. Бул ыкмага келгенге чейин невропатологдон консультация алып, электроэнцефалограммадан өтүп келиши керек. Анын жыйынтыгы менен рекомендация беребиз. Ар бир ооруга добуштун катуулугу, канча мүнөт жана кандай жыштыкта отуруу керектигин аныктап, ошого жараша БАКка программа киргизебиз. Ушуну менен дарылоо жүрүп баштайт. Башкача айтканда, ар бир бейтапка жекече дарылоо даярдалат. — Бул ыкманын жакшы жагы катары эмнени белгилейт элеңиз? — Эч кандай кыйыр таасири жок. Химиялык дары-дармектер колдонулбайт жана жаш курак каралбайт. Эффективдүүлүгү абдан жогору. Анан да көп нерсени өзүнө камтыган. Нейротерапия жана музыка терапия жасалат. Дарылоо учурунда электроэнцефалограмма тартылып турат да, дарыгер онлайн режимде карап отурат. Мээнин иштешин, ага БАК кандай таасир берип жатканын көрүп турса болот. — Кайсы ооруларды дарылай албайт? — Курч мүнөздөгү инфарктка, инсультка, инфекциялык жана өрчүп кеткен депрессиялык ооруларга жардам бере албайт. Анан эпилепсияда эпилептолог менен неврологдун кеңеши менен гана кабыл алынат. Анткени кооптуулугу бар. Ошондуктан өтө абайлап, сак болуу керек. — Микрополяризация, томатис деген да дарылоо ыкмалары бар. Булар деле кандайдыр бир аппараттардын жардамы менен дарылайт экен. БАК менен бул процедуралардын айырмачылыгы барбы же максаты бирдейби? — Бул ыкмаларды чогуу жасоого да болот. БАКта үн менен дарыласа, транскраниалдык микрополяризацияда үн угулбайт, электроддор менен мээге таасир тийгизет. — Энцефалограмманы пайдаланып жаткан мезгилде адам баласынын баш мээсинен бөлүнүп чыгып жаткан импульс адамдын ички органдарына жана башка ооруларына кандай таасир этет? — ЭЭГ добушу менен дарылап жатканда ички органдар жабыркабайт. Бул мээнин иштешин жакшыртат. Мээ аркылуу бардык органдар жөнгө салынат. Аталган терапия менен бардык организмге жардам бере алабыз. Бүт ооруларга нерв таасир этет. Бизге келерде бейтап сөзсүз түрдө невропатологго барып, кеңеш алып келиши керек. ©
Фото / предоставлено Жаркын Колубаевой Заведующий детским отделением КНИИКиВЛ Жаркын Колубаева — Процедура канчага созулат? — Негизи ар бир бейтап 10-15 жолу процедура алышы керек. Айрымдар дароо эле жыйынтык жок деп башташат. Канча жылдан бери чогулган ооруну дароо эле жок кылууга болбойт. Процедуранын башында оору бир аз козголушу мүмкүн. Андан кийин гана жакшы жактарын көрсөтүп баштайт. Бирок адамдардын баары тең эле тегиз айыгып кетпейт. Себеби ар бир организм ар кандай. Процедуранын узактыгы ар бир ооруга 25 мүнөт. Бирок балдардыкын он мүнөттөн же 15 мүнөттөн кылып, байкап көрүп анан баштайбыз. Аппаратта атайын адис отурат. Буга министрликтен лицензия алынган. Кыргызстанда лицензиясы жок деле БАКтын аппараттарын колдонгондорду угуп жатабыз. Ошол эле учурда лицензиясы бар көп дарылоо жайлары ачылып жатат. Бир чети бул да жакшы, анткени мурда бейтаптар БАК менен дарылануу үчүн Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга барууга аргасыз болчу. — Бул ыкма кайсы ооруларга жакшы натыйжа берүүдө? ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги — Аталган ыкма балдар арасында гиперактивдүүлүк синдрому, сүйлөөнүн кечеңдеши, аутизм, невроз, энурез (төшөккө заара ушатып коюу) жана уйкунун бузулушу сыяктуу ооруларды айыктырат. Ашыкча дүрбөлөңгө түшүүгө, депрессияга жана инсульттан кийин калыбына келүүгө да жардам берет. Учурда коронавирустан улам ооруп калдымбы деп дүрбөлөңгө түшүп, анын натыйжасында каза болуп калгандар да болууда. Бул ыкма реабилитацияга пайдасы көбүрөөк. Бизден процедура алып жаткан учурда комплекстүү дарылануу керек. Мисалы, тилинин чыгышы кечеңдеген балдарга логопед жана кошумча неврологдун да жардамы зарыл. Ошондо натыйжа берет. Процедураларды 15 күн алып эле жок болуп кетпей, алты айдан кийин кайра кайталап коюу зарыл. — Айрым адамдар БАК аппаратын өз алдынча колдонуп көрүүгө бел байлашы мүмкүн. Туура эмес колдонуунун кесепети кандай? — Мен бул терапия боюнча профессор, академиктерден онлайн окуп, билим алдым. Ыкманы терең үйрөнүп, өздөштүргөндөн кийин гана сертификат жөнөтүлдү. Бул терапияны өзүм билемдик менен эле колдонууга болбойт. Анткени туура эмес жагына да кетип калышы мүмкүн. Атайын сертификаты бар врачтын жардамы менен гана колдонууга болот. — Терапиядан соң кандай өзгөрүүлөрдү байкайсыздар? ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Коңуруктун эки түрү бар, бири адамды инфаркт же инсультка кептейт. Адистин маеги — Жаңы келгенде ата-эне баласынын абалы тууралуу күндөлүк толтурат. Биз да жазабыз. Андан кийин өзгөрүүлөр тууралуу жазып башташат. Процедуралар алгач борбордук нерв системасына таасир этет. Бир ооруну дарылоо менен башка бир органдарга да таасир берсе болот. Мисалы, энурез оорусунда мээ аркылуу табарсыкка таасир тийгизип жатабыз. Көбүнчө үйүндө ызы-чуу көп болгон, коркуп калган балдар энурезге кабылат. Биз көбүнчө сүйлөөсү артта калган балдарга жардам беребиз. Кээ бирде жакшы жаза албаган, кол жазмасы начар балдар келет. Терапиянын жыйынтыгында ушул балдардын кол жазмасы, сүйлөөсү кадимкидей оңолуп кетет. Бала бакчага барарда да стресс болгон бөбөктөрдө өзгөрүүлөр байкалат. Мында да ата-энелер кайрылса болот. Россияда, Казакстанда балдар окууга экзамен тапшырарда да БАК терапиясынан өтөт экен. Натыйжасы абдан жакшы дешет. Анткени мээни биоакустикалык коррекциялоо — коркуу сезимин азайтып, жан-дүйнөнү тынчтандырып коёт. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия азыркы абал Афганистандын ички аймагынан сыртка чыкпагандан кийин аталган өлкөнүн ишине кийлигишпейт. Мындай билдирүүнү Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров жасагандыгын РИА Новости жазды."Талибдердин Иран, Тажикстан менен болгон чек араларды ээлеши Афганистандын аймагында болуп жатат. Азырынча афгандар сөз менен колдогон саясий процесс эртерээк башталышы керек деген чакырыктарыбызды кайталоодон башка эч кандай чара көрбөйбүз", — деген ал. Министр Афганистандагы окуялар Россияны союздаш республикалардын аймагында "жагымсыз учурлар жаралып кетпейби" деген маселе боюнча тынчсыздандырарын айткан. Ал, мындан сырткары, Москва Вашингтон менен талибдердин ортосундагы макулдашууну колдой турганын билдирген. ©
Sputnik / Владимир Астапкович Максатыбыз бийлик эмес. Талибдер Афганистанда эмнени көздөп жатканын айтышты Ушул тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга тап коюшууда. Кооптуу кырдаал Вашингтондун 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. "Талибандын" делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов жолукту. Өздөрүн "Ислам эмирлиги" деп атаган бул тараптын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен. Андан сырткары, аталган өлкөнү башка мамлекеттерге кол салуу үчүн колдонбой тургандыктарын айтышкан. Аны менен катар эле Америка Кошмо Штаттары менен мамилени жаңы, таза барактан баштоого ниетин да айтышкан. Анткен менен "Талибандын" активдеше башташы дүйнө коомчулугун жана Афганистанга чектеш мамлекеттерди, ири саясий эл аралык уюмдарды түйшөлтө баштады. | Sputnik_kg |
Жер көчүп жаткан маал видеого түшүп калган, аны кийинчерээк жергиликтүү ЖМКлар жарыялашты. Кырсык бүгүн эртең менен болгон. Акыркы күндөрү жээкте жайгашкан райондордо нөшөрлөгөн жаан жаап жаткан. Метеорологдордун айтымында, акыркы эки суткада Сидзуока префектурасында 300 миллиметрден кем эмес жаан жааган. Kyodo агенттиги куткаруучулар Атами шаарында эки кишинин сөөгүн тапканын жазды. Акыркы маалымат боюнча, кеминде 20дай адам дайынсыз болуп, 10 турак жай жабыркаганы, электр зымдары үзүлүп кеткени айтылууда. Коңшу Канагава префектурасында да жер көчүү кооптуулугу бар экени маалымдалып жатат. Бийлик 205 миң жергиликтүү тургунду эвакуациялады. | Sputnik_kg |
Биоакустикалык ыкма менен мээни коррекциялоонун артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун балдар бөлүмүнүн башчысы Жаркын Колубаева маек берди. Мээнин биоакустикалык коррекция ыкмасы Кыргызстанда жеке клиникаларда гана жасалат. ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Жаркын Колубаева: Биоакустикалык коррекция бул дарылоонун жаңы ыкмасы. Ал борбордук нерв тутумунун функционалдык бузулуусун, мээнин кан тамыр ооруларын, нейроинфекцияларынын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулат — Биоакустикалык коррекция (БАК) деген эмне? — Бул дарылоонун жаңы ыкмасы. Ал борбордук нерв тутумунун функционалдык бузулуусун, мээнин кан тамыр ооруларын, нейроинфекцияларынын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулат. Ошондой эле невротикалык жана психосоматикалык дарттарды дарылоодо да натыйжа берет. — Бул терапия кимдер тарабынан изилденип чыккан? — БАК терапиясынын натыйжалуулугу Россиянын эң абройлуу медициналык мекемелеринде 25 жылдык изилдөөлөр менен тастыкталган. Аталган ыкма клиникалык сыноолордон өтүп, Москва жана Санкт-Петербург шаарынын бир катар алдыңкы медициналык мекемелеринде колдонулат. Биоакустикалык коррекция методу Россиянын Медицина илимдер академиясынын Эксперименталдык медицина институтунун физиология бөлүмүнүн нейрофизиологдору тарабынан иштелип чыккан. Бизде жаңыдан пайда болууда. — Мээге сигнал берүү менен функционалдык бузулууларды калыбына келтирсе болот экен. Кайсы курактагы бейтаптар кайрыла алат жана кандай оорулар кабыл алынат? ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Адамды билинбей жайлаган жыныстык инфекциялар. Дерматовенерологдун маеги — Жаш куракка чектөө жок. Аталган терапия жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта улуу курактагыларга чейин сунушталат. Эч кандай зыяны жок. Мээ денебиздеги бардык процесстерди башкарып турат. Андыктан анын иштешинин бузулушу башка органдардан байкалышы мүмкүн. Мээнин ишинде кандайдыр бир бузулуу болгондо электроэнцефалограмма (ЭЭГ) нормадан четтеп кетет. Биоакустикалык ыкма мына ушул илдетти дарылоо үчүн добуштарды колдонот. Сөздүн түз маанисинде айтканда, БАК адамга мээсинин музыкасын угууга мүмкүнчүлүк берет. Механизм биокайтарым принцибине негизделген. БАК аркылуу мээ өзү ишин жөндөй баштайт да, андагы процесстер иретке салынып, калыбына келет. Ыкманын өзөгү электроэнцефалограмманын синхрондуу үнгө айлануусуна негизделип, ал бейтапка мээнин электрдик активдүүлүгүн музыка сыяктуу сигнал түрүндө кабыл алууга мүмкүндүк берет. — Демек, кулакчын таккандан кийин адам кандайдыр бир үндөрдү уга алат экен да? — Ооба, өзүнүн мээсинин иштеген үнүн угат. ©
Фото / предоставлено Жаркын Колубаевой Жаркын Колубаева: БАК терапиясынын натыйжалуулугу Россиянын эң абройлуу медициналык мекемелеринде 25 жылдык изилдөөлөр менен тастыкталган — Ар бир ооруга да программа иштелип чыгыптыр. Аны жөнөкөй тил менен кантип түшүндүрсөк болот? — Программа компьютерге жүктөлгөн. Бул ыкмага келгенге чейин невропатологдон консультация алып, электроэнцефалограммадан өтүп келиши керек. Анын жыйынтыгы менен рекомендация беребиз. Ар бир ооруга добуштун катуулугу, канча мүнөт жана кандай жыштыкта отуруу керектигин аныктап, ошого жараша БАКка программа киргизебиз. Ушуну менен дарылоо жүрүп баштайт. Башкача айтканда, ар бир бейтапка жекече дарылоо даярдалат. — Бул ыкманын жакшы жагы катары эмнени белгилейт элеңиз? — Эч кандай кыйыр таасири жок. Химиялык дары-дармектер колдонулбайт жана жаш курак каралбайт. Эффективдүүлүгү абдан жогору. Анан да көп нерсени өзүнө камтыган. Нейротерапия жана музыка терапия жасалат. Дарылоо учурунда электроэнцефалограмма тартылып турат да, дарыгер онлайн режимде карап отурат. Мээнин иштешин, ага БАК кандай таасир берип жатканын көрүп турса болот. — Кайсы ооруларды дарылай албайт? — Курч мүнөздөгү инфарктка, инсультка, инфекциялык жана өрчүп кеткен депрессиялык ооруларга жардам бере албайт. Анан эпилепсияда эпилептолог менен неврологдун кеңеши менен гана кабыл алынат. Анткени кооптуулугу бар. Ошондуктан өтө абайлап, сак болуу керек. — Микрополяризация, томатис деген да дарылоо ыкмалары бар. Булар деле кандайдыр бир аппараттардын жардамы менен дарылайт экен. БАК менен бул процедуралардын айырмачылыгы барбы же максаты бирдейби? — Бул ыкмаларды чогуу жасоого да болот. БАКта үн менен дарыласа, транскраниалдык микрополяризацияда үн угулбайт, электроддор менен мээге таасир тийгизет. — Энцефалограмманы пайдаланып жаткан мезгилде адам баласынын баш мээсинен бөлүнүп чыгып жаткан импульс адамдын ички органдарына жана башка ооруларына кандай таасир этет? — ЭЭГ добушу менен дарылап жатканда ички органдар жабыркабайт. Бул мээнин иштешин жакшыртат. Мээ аркылуу бардык органдар жөнгө салынат. Аталган терапия менен бардык организмге жардам бере алабыз. Бүт ооруларга нерв таасир этет. Бизге келерде бейтап сөзсүз түрдө невропатологго барып, кеңеш алып келиши керек. ©
Фото / предоставлено Жаркын Колубаевой Жаркын Колубаева: бул ыкманын эч кандай кыйыр таасири жок. Химиялык дары-дармектер колдонулбайт жана жаш курак каралбайт. Эффективдүүлүгү абдан жогору — Процедура канчага созулат? — Негизи ар бир бейтап 10-15 жолу процедура алышы керек. Айрымдар дароо эле жыйынтык жок деп башташат. Канча жылдан бери чогулган ооруну дароо эле жок кылууга болбойт. Процедуранын башында оору бир аз козголушу мүмкүн. Андан кийин гана жакшы жактарын көрсөтүп баштайт. Бирок адамдардын баары тең эле тегиз айыгып кетпейт. Себеби ар бир организм ар кандай. Процедуранын узактыгы ар бир ооруга 25 мүнөт. Бирок балдардыкын он мүнөттөн же 15 мүнөттөн кылып, байкап көрүп анан баштайбыз. Аппаратта атайын адис отурат. Буга министрликтен лицензия алынган. Кыргызстанда лицензиясы жок деле БАКтын аппараттарын колдонгондорду угуп жатабыз. Ошол эле учурда лицензиясы бар көп дарылоо жайлары ачылып жатат. Бир чети бул да жакшы, анткени мурда бейтаптар БАК менен дарылануу үчүн Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга барууга аргасыз болчу. — Бул ыкма кайсы ооруларга жакшы натыйжа берүүдө? ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги — Аталган ыкма балдар арасында гиперактивдүүлүк синдрому, сүйлөөнүн кечеңдеши, аутизм, невроз, энурез (төшөккө заара ушатып коюу) жана уйкунун бузулушу сыяктуу ооруларды айыктырат. Ашыкча дүрбөлөңгө түшүүгө, депрессияга жана инсульттан кийин калыбына келүүгө да жардам берет. Учурда коронавирустан улам ооруп калдымбы деп дүрбөлөңгө түшүп, анын натыйжасында каза болуп калгандар да болууда. Бул ыкма реабилитацияга пайдасы көбүрөөк. Бизден процедура алып жаткан учурда комплекстүү дарылануу керек. Мисалы, тилинин чыгышы кечеңдеген балдарга логопед жана кошумча неврологдун да жардамы зарыл. Ошондо натыйжа берет. Процедураларды 15 күн алып эле жок болуп кетпей, алты айдан кийин кайра кайталап коюу зарыл. — Айрым адамдар БАК аппаратын өз алдынча колдонуп көрүүгө бел байлашы мүмкүн. Туура эмес колдонуунун кесепети кандай? — Мен бул терапия боюнча профессор, академиктерден онлайн окуп, билим алдым. Ыкманы терең үйрөнүп, өздөштүргөндөн кийин гана сертификат жөнөтүлдү. Бул терапияны өзүм билемдик менен эле колдонууга болбойт. Анткени туура эмес жагына да кетип калышы мүмкүн. Атайын сертификаты бар врачтын жардамы менен гана колдонууга болот. — Терапиядан соң кандай өзгөрүүлөрдү байкайсыздар? ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Коңуруктун эки түрү бар, бири адамды инфаркт же инсультка кептейт. Адистин маеги — Жаңы келгенде ата-эне баласынын абалы тууралуу күндөлүк толтурат. Биз да жазабыз. Андан кийин өзгөрүүлөр тууралуу жазып башташат. Процедуралар алгач борбордук нерв системасына таасир этет. Бир ооруну дарылоо менен башка бир органдарга да таасир берсе болот. Мисалы, энурез оорусунда мээ аркылуу табарсыкка таасир тийгизип жатабыз. Көбүнчө үйүндө ызы-чуу көп болгон, коркуп калган балдар энурезге кабылат. Биз көбүнчө сүйлөөсү артта калган балдарга жардам беребиз. Кээ бирде жакшы жаза албаган, кол жазмасы начар балдар келет. Терапиянын жыйынтыгында ушул балдардын кол жазмасы, сүйлөөсү кадимкидей оңолуп кетет. Бала бакчага барарда да стресс болгон бөбөктөрдө өзгөрүүлөр байкалат. Мында да ата-энелер кайрылса болот. Россияда, Казакстанда балдар окууга экзамен тапшырарда да БАК терапиясынан өтөт экен. Натыйжасы абдан жакшы дешет. Анткени мээни биоакустикалык коррекциялоо — коркуу сезимин азайтып, жан-дүйнөнү тынчтандырып коёт. | Sputnik_kg |
Ушул жылдын алты айында республика боюнча 69 адам сууга чөккөн. Былтыр пандемияда жарандар үйдө отурганынан улам кырсык аз катталып, өткөн жылы 37 адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Замирбек Жумаков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Радио Жумаков: температурасы 18 градустан төмөн болгон сууларга түшүүгө болбойт Анын айтымында, агын суу, көлмө жана башка жерлерге сүзүүгө тыюу салынып, куткаруучулары бар, баллон менен камсыздалган бассейндерге гана түшүүгө уруксат берилет."Кырсык каш-кабактын ортосунда. Ошондуктан уруксат берилген жерлерге гана түшүп, суу ичинде күрөшүп же башка ушул сыяктуу кооптуу аракеттерди жасабаш керек. Ошондой эле сүзгөндү билбестен, спирт ичимдиктерин ичип алып сууга секирүүгө, сүзүүгө болбойт. Эң башкысы балдарды суунун жанында кароосуз калтырбоо зарыл. Мындан тышкары, тереңдик боюнча коюлган чектен өтүп сүзгөнгө болбойт. Суунун температурасы 18 градустан төмөн болгон жерге түшүүдөн дагы сактангыла. Себеби бут же кол булчуңдары карышып калуу коркунучу бар. Мындай абалга туш болгондор эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөй, терең дем алып тырышкан жерди укалоо, мүмкүнчүлүк болсо учтуу нерсе менен сайып жибериши зарыл. Эч болбоду дегенде айгай салып жардамга чакыруу шарт", — деди Жумаков. Ал жыл сайын жергиликтүү бийликке, сууда эс алууну уюштурган курорт, санаторий, пансионаттарга кат жолдонуп, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп турарын кошумчалады. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бүгүн, 3-июлда, Мамлекеттик автоинспекциянын түзүлгөн күнүнүн 85 жылдыгы белгиленип жатат. Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо багытында эмгектенгендерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ролик даярдады. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от УПСМ г. Бишкек (@upsm_kg) Анда кызматкерлердин коомдук коопсуздукту сактоо, камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында аткарган иштери кеңири баяндалган. Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн кайгуул кызматынын инспекторлоруна мекеменин сыйлыктары тапшырылып, куттуктоо сөздөрү айтылды. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek) Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы да куттуктоо жолдоп, ЖКККБ техникалык базасынын эскилиги, кызматкерлердин санынын жетишсиздигине карабастан өздөрүнө коюлган милдеттерин аткарып келе жатканын белгилеген. Ошондой эле кызматкерлерге медаль жана мактоо баракчалары берилген. Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчиси Канат Жумагазиев эл инспекторлордун адам өмүрүн сактоодо жолдо күнү-түнү кызмат кылышарын жакшы билерин белгилеген. | Sputnik_kg |
Рысбаеванын айтымында, стюардесса болууну эңсегендер биринчи кезекте англис жана башка тилдерди мыкты билиши керек. Анан, албетте, ден соолугуң чың болушу зарыл. Алгач Дубайга жөн гана сатуучу болуп иштегени барган Перизат кантип стюардесса болуп калганы, борт кызматкерлеринин милдеттери, аталган кесиптин ысык-суугу тууралуу Sputnik Kyrgyzstan радиосуна берген маегинде кененирээк айтып берди. — Алгач өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз? Каякта чоңойдуңуз, кайсы жерден билим алдыңыз? — Караколдо төрөлүп, өстүм. Ошол жердеги Ленин мектебинде билим алып, Бишкектеги жогорку окуу жайда экономика жана менеджмент бөлүмүндө окудум. Ал эми журналистикага Караколдо жүргөн кезимде аралашып калгам. Кастинг аркылуу өтүп, телеканалда музыкалык көңүл ачуучу программаны алып барып калдым. Кийинчерээк мени Бишкектеги журналистика боюнча мектепке жиберишип, билим алгандан кийин жаңылык, дебаттарды алып барып, бул тармакка олуттуу кириштим. Ошентип 2009-жылдан баштап 2013-жылга чейин телевидениеде эмгектендим. Башында Караколдогу Антен ТВда, андан соң 5-каналдын Ысык-Көлдөгү аймактык кабарчы, Бишкекте жүргөндө таңкы программанын редактору, жаңылыктардын кабарчысы болчумун. ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Рысбаева: жүргүнчүлөрдүн бир чекиттен экинчи чекитке аман-эсен жетип алышын камсыздоо биздин негизги милдет — Анан кантип авиация тармагына келип калдыңыз? ©
Фото / предоставлено Эруланом Кокуловым Эрулан Көкүлов: мактанчаак, бетпаксың дешет, иштеген киши ошондой болот — Мектепте окуп жүргөндө эле 1-класстан баштап англис тилин жакшы окутушту. Каракол туристтик шаар болгондуктан, чет элдиктер келсе эле шаар жөнүндө маалымат берип, сүйлөшө калчумун. Андан тышкары, ар кандай чет элдик долбоорлордо ыктыярчы болуп иштедим. Бул аракеттер англис тилин дагы да терең өздөштүрүүгө жардамын берди. Бирок тилди унутуп калбаш үчүн дайыма сүйлөшүп туруу зарыл эмеспи. Бишкекте иштеп жүргөндө 21 жашта элем, англис тилин жакшылап үйрөнүп келейин деп чет мамлекетке чыгууну пландагам. Ал кезде байкем Дубайда жашачу. Бир күнү Дубайдагы аэропорттогу дьюти фриде (Duty Free) жакшы шарты менен жумуш табылып калды. Анын үстүнө ошол кезде Дубай дүңгүрөп катуу чыгып жаткан. Ошентип эки жылдык контракт менен кетип калдым. Иш үстүндө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген экипаждарды көрдүм. Алар дүйнөдөгү гигант авиакомпаниялардын кызматкерлери эле. Жүргүнчүлөр борт кызматкери болбойсуңбу, бардык критерийлерге жооп бересиң деп ойлонтуп коюшчу. Көрсө, муну авиакомпаниянын кызматкерлери эле айтып жүрчү экен. Андан соң интернеттен компаниялар тууралуу маалымат жыйнай баштадым. 2013-2014-жылдары авиакомпаниялар чоң мейманканаларда ачык эшик өткөрүп калышты. Ал жерге резюмесин таштап калыш үчүн 3-4 миңдей улан-кыз келет. Мен да бир күнү чыгынып эртең менен барып, түштөн кийин 3-4төрдө араң анкетамды бергенге жетиштим. Алар улутум, канча тил билеримди, буга чейин кайда иштегенимди сурашты. Анан колуңду өйдө көтөргөндө манжаңдын учуна чейин боюң 212 сантиметрге жетсе аталган кызматка жарактуу болот экенсиң. Ошентип сыртка чыгып таксиге отурарым менен экинчи турга өттүң деп чалышты. Мына ушундай турлардан кийин авиакомпания өзү эки ай окутат. Жыйынтыгында экзаменден өткөндөн кийин лицензия берилет да, анан учуп баштайсың. ©
Фото / из личного архива Перизат Рысбаевой Стюардесса: эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак учуу деп рекорддук көрсөткүч болгон. Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз — Эки айдын ичинде эмнелерди үйрөтөт? — Биздин компаниянын 10 миңге жакын борт кызматкери бар. Бизнес кеңейген сайын жаңы самолёттор келе берет, ал эми ошого жараша кызматкерлер талап кылынат. Ошондуктан компаниянын адистерди даярдоо боюнча өзүнүн окутуу системасы болот. Теория, практика бирдей үйрөтүлөт. Ал үчүн атайын жасалма учак, симуляторлор бар. Ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү да окутулат. Биринчи жардамдан дагы олуттуу жардам керек болуп, жакынкы аэропорттон алыс болсок, дарыгерлердин кызматына чалып алардын инструкциясы менен бейтапка жардам беребиз. Бул жаатта жылына бир жолу аттестациядан өтөбүз. — Стюардесса болуп иштеген алты жылдын ичинде канча саат, канча рейс учуп, канча өлкөгө бардыңыз? — Былтыр санаганымда ушул жылдар аралыгында 72 мамлекетке барыптырмын. Бир айда 90-100 саат учам. Болгону былтыр коронавирустан улам каттамдардын саны кыскарып, азыраак учтук. Ал эми канча шаарга барып жана канча рейс жасаганымды санай элекмин. Өтө көп. Борт кызматкерлери ар кандай багытта уча берет. Мисалы, бир жолу учкан экипажың менен кийин таптакыр көрүшпөй калышың мүмкүн. Дайыма эле кайсы бир мамлекетке учкан учурлар болбойт деле. Алты континентке бирдей кете беребиз. ©
Sputnik / из личного архива Перизат Рысбаевой Рысбаева: былтыр санаганымда алты жыл ичинде 72 мамлекетке барыптырмын. Бир айда 90-100 саат учам — Стюардесса кайда учарын ким жана кантип тандайт? — Автоматташтырылган системага ылайык бир ай мурда учуу расписаниесин алабыз. Кызматкерлер көп болгондуктан муну адамдар бөлүштүрбөйт. — Кызматкерлерди кандай өзгөчөлүктөрүнө карап алышат? Моделдик агенттиктерден тандашабы деген да суроо туулат. Укканым боюнча боюнан баштап тырмагынын түзүлүшүнө чейин карайт экен. Чындыгында эле сырткы келбет боюнча талап катуубу? — Туура айтасыз. Борт кызматкери боло турган адамдын денесинин ачык жеринде татуировка, тырык болбошу керек. Жогоруда айтып өткөндөй, 212 сантиметрге колуң жетсе анда жарактуусуң. Анан жумушка орношкондон кийин ар бир авиакомпаниянын өзүнүн талаптары болот. Алсак, башка компаниялар стюардессанын чачынын жасалгасы, макияж, маникюруна олуттуу талап койбойт. Жакшынакай көрүнүп турсаң болду деши мүмкүн. Ал эми мен иштеп жаткан Qatar Airways дүйнөдөгү алдыңкы беш авиакомпаниянын бири. Талап өтө жогору. Бирдей униформа, теринин өңүндөй колготки киебиз. Макияж, тырмактын түсүнө да чектөө бар. Ачык өңдөр колдонулбайт. Кыска иймек тагынабыз, майда чачтар чыгып калбашы зарыл. Айтор, өтө тыкан болушуң керек. Ар бир рейстин алдында чогулуш болуп турат. Анда имидж бөлүмү келип башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшерет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат. — Борт кызматкерлердин ичинде кыздар басымдуулук кылса керек? Мырзалар бул жумушка чыдамдуу келишеби? — Авиакомпаниянын жүзү бул борт кызматкерлери эмеспи. Компаниянын атын укканда дароо жүргүнчүлөрдү тейлеген стюардессаларды элестетебиз. Сырткы келбетке жана ишибизге талаптын жогору болгону мына ушундан. Бул талаптарга көбүнчө мырзалар чыдай албай кетишет. Россия, Араб өлкөлөрүндө аскердик кызматын өтөгөн кесиптештерим бул жерге караганда армияда тартип, талап жеңилирээк деп айтып калышат. Чыдабагандар көп учурда биринчи контракт бүткөндөн кийин кетишет. Кызматкерлер көп, менимче, алардын 80-85 пайызын кыздар түзөт. — Ишке киришип жатып кандай үмүт арттыңыз эле, акталдыбы? — Стюардесса болууну кыялданган эмесмин. Себеби өтө оор жумуш, иштей албасам керек деп ойлочумун. Бирок алардын жумушу тууралуу укканда менин деле колуман келерине ишенип жаткам. Жумушка орношууга барганда да, тимеле укмуш, бойлору узун, татынакай талапкерлерди көрүп ичимен мени алышпаса керек деген ой болду. Эмнегедир жактырып, өтүп кеттим. Бирок мен саякаттоону көп кыялдангам. Баргым келген мамлекеттердин тизмеси бар эле. Улам көрүп келген сайын чийип коём. Мурда көрбөгөн мамлекетке бара турган болсом, алдын ала даярданып, эс албастан дароо шаар айланып көрүп чыгам. ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Рысбаева: чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет — Тасмаларда жумуш өтө оор деле көрүнбөйт. Татаал бөлүгү кайсы? — Адамдар менен иштегендиктен ар биринин көңүлүн таап, алардын психологиясын түшүнө билүү чындыгында кыйын эле. Узак сапарларда жүргүнчүлөрдүн тамагын берип, суранычтарын аткарып, суроолоруна жооп беребиз. Айрым адамдардын "силердин жумушуңар чай, кофе ташуу менен чектелет, борт кызматкерлери асмандагы официанттар" деген пикирлерин көп эле угуп калам. Ушул индустрияга аралашып иштеп баштагандан бери менин көз карашым өзгөрдү. Себеби учактын ичине 200 адам кирсе алардын коопсуздугун карап аман-эсен жеткирүү биздин башкы максатыбыз. Анткени учакка биринчи отургандар болот, ооруп калышат же өнөкөт дарты кармап калат. Ар бир жүргүнчүнүн саламаттыгына көз салып, керек болсо биринчи жардам көрсөтөбүз. Учак эң коопсуз транспорт деп эсептелет. Ошентсе да экипаждын мойнунда чоң жоопкерчилик болот. Албетте, абада жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн абдан чоң команда иштейт. Бул пилоттор, жердеги техникалык инженер, диспетчер, учактын ичин тазалагандар жана башка адистер. Ал эми борт коштоочулардын жумушу психологиялык жактан оор деп айтат элем. Баарыбыз эле жүргүнчү катары кетип баратканда учак кармалса, аба ырайынан улам учпай калса дароо борт коштоочуларга кыйкырабыз. Анан чарчабай ар бирине кичинекей балага түшүндүргөндөй чоо-жайын айтып беребиз. Кандай гана абал болбосун жылмайып, эмоцияңды көрсөтпөйсүң. — Стюардессаларга жаш боюнча чектөө барбы? — 21 жаштан баштап стюардесса болуп иштесе болот. Ал эми Америка, Британиянын авиакомпанияларында улгайган стюардесса апалар бар. Биринчиден, ал жакта жаш боюнча чектөө жок, экинчиден, биз сыяктуу айына 90-100 саат учушпайт. Алар кыска сапарларды тейлейт. Кадимки жумушка барып келгендей эле иштешет. Борт коштоочулук алардын негизги кесиби. Ал эми Ортоңку Чыгыштагы компанияда иштеген менин кесиптештеримдин 99 пайызынын кесиби башка. Саякаттоо же тажрыйба топтоо максатында келип, кетишет. ©
Фото / из личного архива Перизат Рысбаевой Стюардесса: инструкцияны аткарбаган адамдар кыжырды келтирет — Өзгөчө кырдаалдарга кандай даярдык көрөсүздөр? — Учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат. Авариялык эшиктерди ачып, жүргүнчүлөр чыгарылат. Авиация эбак өнүккөн Европа өлкөлөрүндө экипаждын мүчөлөрүнө көз караш башкача. Алардын айтканын так аткарбаса туура эмес бир нерсе болуп кетерин, эгер авариялык абал болсо, борт коштоочулар өмүрүн сактап каларын билишет. Ошондуктан аларды урматтап, сыйлашат. Ал эми анча өнүгө элек өлкөлөрдө адамдардын түшүнүгү, аң-сезими ошол нерсеге жете элек. Алдыңкы өлкөлөргө учканда жүргүнчүлөр минтсем, тигинтсем болобу деп сурашат, ал эми өнүгүү жолундагы мамлекеттин адамдары көбүнчө өзүм билемдикке салышат. — Сиздин тажрыйбаңызда өзгөчө кырдаалдар болду беле? Абалдан кантип чыктыңыз? — Биздин авиакомпания эң акыркы үлгүдөгү жаңы чыккан учактарды алат. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдарга туш болгон жокмун. Болгону бир жолу учактын дөңгөлөгү чыкпай калышы мүмкүндүгүн, жерге катуу конорубузду айтып калышты. Жүргүнчүлөргө билдирбей кабинаны даярдап турдук. Мында самолёт курсагы менен жерге сүрүлүп, өрт чыгып же шосседен чыгып кетиши мүмкүн эле. Бирок кудай жалгап андай болгон жок. — Экипаждын ортосунда кандайдыр сүйлөшүү тили барбы, балким "сленг" колдоносуздар? — Авиацияга байланыштуу техникалык сөздөр менен гана сүйлөшөбүз. ©
Фото / из личного архива Перизат Рысбаевой Стюардесса: учуунун алдында авиакомпаниянын имидж бөлүмү бизди башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшеришет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат — Ал эми тамак-аш жөнүндө эмне айтууга болот. Учактын тамагын жейсизби? Кызматкерлердин менюсу өзгөчөлөнөбү же жүргүнчүлөрдүкүндөй элеби? — Экипаждын тамагы жүргүнчүлөрдүкүндөй эле. Жер-жемиш берилет. Учактын тамагын кээде жейм, айрым учурда үйдөн атайын тамак даярдап алам. — "Көйгөйлүү" жүргүнчүлөр көп кездешеби? — Ооба, алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди. Кээ бир жүргүнчүлөр бир нерсени жарылып кетчүдөй болуп сурай албай, айта албай отурган болот. Мен ачык адаммын. Андыктан адамдардан эмне жакпай жатат, эмне болду, баары жакшы элеби деп сурап турам. Айрымдары ашыкча чай же суу сурагандан уялышат. Бул адамдарды түшүнүү менен карап, тилин тапканга аракет кылам. — Жүргүнчүлөр кандай кылыктары менен кыжырыңызды келтирет? — Инструкцияны аткарбаган адамдар болот. "Учканы жатабыз курду тагыныңыз, столду жабыңыз" деп суранганда эмнеге, эмне үчүн же өзүм билем дегендер болот. Кээде турбуленттуулук болуп жатканда баспай, отуруңуз деп айтсаң, "а сен неге отурбай басып жүрөсүң" деп талашып-тартышат. Бул эми билимдин жетишсиздиги, маданиятсыздыктын белгиси деп айтат элем. Менин байкаганым боюнча айтсам, чоң кызматтагы адамдар, чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет. Кылар ишиң жок, тийишип, курулай айтып жаткан жериң жок да. Адамдар ушул нерсени түшүнсө. Бирок маданиятсыз адамдарды дароо ордуна коёбуз. Бара-бара адамдар жүргүнчү болуунун этикасын үйрөнүп жатышат. ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Рысбаева: алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди — Биздин жүргүнчүлөр менен чет элдиктер ортосунда жүрүм-турум жагынан айырмаланышабы? — Биздин жарандар менен жүргүнчү болуп эле учпасам, экипаждын мүчөсү катары уча элекмин. Байкаганым учак конору менен уруксат бериле электе эле курду чечип тура калып, чыгууга шашышат. Курду тагын деген белги өчмөйүнчө турууга болбойт. Себеби учак толук токтошу зарыл. Багажды ачып жүктөрүн алышат, экипаждын отургула деген сөзүн кулакка илишпейт. Кежирликти коюп, коопсуздукту да ойлой жүрүшүбүз керек деп айтат элем. Ал эми Казакстан, Өзбекстандын жүргүнчүлөрүн коштоп учтум. Таң калып карашат. Россиялыктар да орус тилин кайдан билесиз деп көп сурашат. Биздин компанияда Орто Азиядан кызматкерлер аябай аз болчу. Орусча сүйлөгөн адамды жолуктурсам, бир тууганымды көргөндөй эле сүйүнчүмүн. Азыр азиаттар көбөйүп калды. — Учак жарым-жартылай толуп же бир эле жүргүнчү менен учкан учурлар болобу? — Ооба, өзгөчө былтыр пандемия учурунда жүк, дары-дармек, ошону менен бирге үч-төрт жүргүнчү менен учуп калдык. Өткөн жылы чоң компаниялар гана учуп жатты. Мындай көрүнүш гигант компанияларда болчу эмес. ©
Фото / из личного архива Перизат Рысбаевой Рысбаева: учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат — Кандайдыр бир бонус, премия берилеби? Виза жагы кандай болот? — Премия берилбейт. Бирок башка авиакомпанияларга салыштырмалуу айлык акы көбүрөөк. Себеби биз мамлекетке салык төкпөйбүз. Маянаны толук алабыз. Визага келе турган болсок, башында айрым мамлекеттерге, мисалы, Сингапур, Австралияга биринчи жолу кирип жатканда каттоодон өтөбүз, ал эми Америкага дипломат, экипажга атайын виза берилет. Калган башка мамлекеттерге лицензия менен кире беребиз. Жаныбызда дайыма паспорт, экипаждын мүчөсү деген сертификат болот. Паспортко ар бир учууда мөөр басылбайт. — Тажрыйбаңызда эң узак жана эң татаал сапар болдубу? — Татаал деп айтпайм. Эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак сапар деп рекорддук көрсөткүч болгон. Мындан тышкары, Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Экономика менен финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик борбор калаадагы супермаркет менен базарларда кумшекер жана өсүмдүк майынын баасын турукташтыруу үчүн бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Агенттик 1-июлдан тарта кумшекер менен суу майга салынуучу кошумча нарк салыгы алынганын белгиледи. Мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу үчүн кабыл алынып, 31-августка чейин иштейт. Буга байланыштуу агенттик тарабынан "Народный", "Глобус", "Фрунзе" сыяктуу ири соода түйүндөрү менен иш жүргүзүп, алар өз кезегинде бааны төмөндөтүү боюнча аракет көрмөкчү: бир килограммы 62-63 сом турган кумшекердин баасын 55 сомго түшүрүү; өсүмдүк майынын түрүнө жараша 15 сомдон 20 сомго чейин түшүрүү. Алдыда аталган агенттик шаардагы базарларды жана башка соода түйүндөрүн да камтый турганы айтылды. | Sputnik_kg |
Анткен менен АКШ жана НАТОнун материалдык-техникалык колдоосунда түркиялык күчтөрдүн "Талибан"* менен куралдуу тиреши афган территориясындагы ажырымды ырбатышы ыктымал. Афган ислам республикасынын өкмөтү жана өзүн-өзү жарыялаган "Ислам эмирлигинин" таасири тараган зоналарга бөлүнүшү ого бетер күч алат. Эгер буга Анкара менен Вашингтондун таасири, күч жана ресурстары жетсе... АКШ менен Түркиянын Афганистан жаатындагы пландары, ЖККУнун камылгасы жана кан күйүп турган өлкөдөгү абалды аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган. Түркия коргоо министри Хулуси Акар шейшембиде журналисттерге афган планынан бөлүштү. "Биздин максат – афган туугандарыбыздын коопсуздугу, тынчтыгы жана жыргалчылыгы үчүн салым кошууну улантуу", — деди ал. Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропорттун (Кабул) пайдаланылышы жана коопсуздугу тууралуу суроолорго жооп берди. ©
Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Ашраф Гани: Кабул "Талибан" менен сүйлөшүү жүргүзүүгө үмүттөнүп жатат Түркиялык министрдин жоопторунун негизгилерине токтололу. Хулуси Акар Түркия Афган ислам республикасында 20 жылдан бери афган өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгын жактап келгенин, эч кандай аскердик миссия болбостугун, консультациялар гана жүрөрүн, техникалык тейлөө жана ремонт, анын ичинде борбор калаанын аэропорту колдонуларын белгиледи. Эгер аба майданы тийиштүү деңгээлде иштебесе, Афганистан обочолонгон мамлекетке айланып, эл аралык алакаларда олуттуу маселелер жаралат. Талибдердин күчөп бараткан таасири маселе эмес, Түркия тарап Афганистандагы окуяларга жана Тажикстан менен Өзбекстандын чек араларын коопсуздук даражасына тыкыр көз салууда. Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен афган өкмөтү, НАТО жана Европа биримдигинин катышуусунда аскердик мекемелер жана техникалык адистер боюнча Түркия менен АКШнын ортосундагы "өтө конструктивдүү жана абдан позитивдүү сүйлөшүүлөрү" уланууда. Акар АКШ менен "Талибандын"* Доха келишиминен оолак карманганы ачык байкалат. Анын себеби да анык: эгер Түркия альянстын аскердик операцияларына катышпаса, тек гана аэропорттун техникалык тейлөөсүн камсыздап, ремонттоп жана кайтарып келсе, өзүнчө бир "тынчтык миссиясын" Афганистанда 31-августтан кийин да уланта берүүгө эч нерсе жолтоо болбочудай. Бирок талибдер буга макул эмес, алар НАТОнун бардык, анын ичинде Түркиянын да күчтөрүн аскердик интервенттер, башкача айтканда, "жихад" объектилери деп эсептейт. Бирок афган борбор калаасы азырынча өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө. Калууга да азгырык бар, анда Кабулдун эл аралык аэропорту автоматтык түрдө "запастык аэродром" функциясын аткарып калат. Афганистан жана коңшу өлкөлөрдө кырдаал таптакыр колдон чыгып кеткен учурда Пентагон жана НАТО бар. Аткарылгыс вазыйпа Кабул аэропортунда түркиялык аскердик контингенттин болушу Анкара – Вашингтон байланышында эмес, афган өкмөтү менен "Талибан"* макулдашууга жетишкенде гана мүмкүн. Бирок талибдер менен макулдашуу болору арсар. Жаңжалдашкан тараптар макулдашты дейли, Кабулдагы түркиялык күчтөргө АКШ жана НАТОдогу кесиптештери материалдык-техникалык логистика жагынан колдоо көрсөтөрү турулуу иш. Башкача айтканда, вазыйпа эл аралык макам алат, анткени түркиялык ресурстар чектелүү, өлкө бир эле убакта бир нече аскердик жаңжалга катышууда. ©
Sputnik / Сайед Али Эч кимге эми жеңил болбойт. Афганистандагы акыркы кырдаалга сереп"Кабул аэропорту" миссиясын колдоо туурасында америкалык жана түркиялык президенттер июнь айында эле талкуулашкан. 31-августтан кийин да АКШ жана НАТО күчтөрүнүн калышын узартуу схемасы жетиштүү деңгээлде ачык. Ошондуктан талибдер 13-июлда Афганистанда түркиялык аскердик бөлүктөр Доха келишимин, өлкөнүн суверенитетин жана территориялык бүтүндүгүн бузууда деп расмий жана кескин түрдө билдирип, ошондой эле Түркияга да көйгөй жаратарын, ал тургай жихадды көрсөтөрүн убада кылышты. Түркиялык күчтөр менен талибдердин ортосунда кокус согуш оту тутанып кетсе, Анкаранын эбегейсиз чыгымдарын жана чоң жоготууларын F-35 истребителдерин өндүрүү жана пайдалануу программасына кайтаруу түрүндөгү америкалык сыйлык да актап бере албайт. Анкаранын да, Вашингтон жана Кабулдун да оптимисттикке берилүүгө негиздери өтө эле аз. Анткени "Талибан"* согушкерлеринин таскагы катуу. Июлдун ортосунда айыл-кыштактардын басымдуу бөлүгүн ээлеп, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан менен чек аралардагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын басып алды. Кыймылдын "саясий кеңсеси" 12-июлда Афганистандын аймагынын 85 пайызын колго алганын жар салды. Административдик ченемде бул өлкөнүн 398 районунун жарымынан көбүн түзөт. Статистика үрөй учурат. Кабулду алууну талибдер убакыт маселеси гана деп эсептейт. Талибдер 7000 санаалаш-тарапташы куткарылып, БУУнун "кара тизмесинен" чыгарылган күндө гана үч айлык элдешүүгө барарын билдирди. Бирок жазында келишимге ылайык алгачкы 5000 талибдин бошотулушу согуштук аракеттердин жаңы толкунуна кептегенине күбө болуп турабыз. Өткөн он жылдыктарда "окуучулар" талаада мээнеттенип жана өндүрүштө эмгектенгенди унуткарган. Колдоруна курал алып, тагыраагы, өз мекендештерин өлтүрүп акча табууга кынык алышкан. Кабулду алыша элек, анан да дасыккан согушкерлердин баасы артып турган убак. Бириккен Улуттар Уюму "Талибанды"* террордук уюмдар тизмегинен чыгарган күндө да афган абактарынан бошотулган жети миң "накта мусулман" террорчу болбой калышпайт. Анан да бул – афган көйгөйлөрүнүн чети гана. Афганистан үчүн прокси-күрөш Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар 15-июлда дагы бир кызыктуу билдирүүсү менен чыкты. Айтымында, бүгүнкү мамлекеттер аралык жаңжалдар адаттагы түзүмүнөн четтеп, "ассиметриялык" калыпка түштү. Өлкөлөрдүн тиз тиреши артта калып, согуштун жаңы талаасы жаралууда. Анда мамлекеттик эмес субъектилер акырындап өз таасирин күчөтөт жана алардын башында прокси-терроризм турарын белгилейт Хулуси мырза. ©
REUTERS / Mohammad Ismail/File Photo Талибдер ок атууну токтотуу үчүн эки шарт койду"Террордук уюмдар мамлекеттик эмес субъектилер катары, макулдашылган тейде жүргүзгөн күрөштүн алда канча маанилүү элементине айланды. Бул уюмдар өз таасирин чыңдоо үчүн учурдагы шарттарга көнүп жана өрчүй түшүшкөн", — дейт ал. Эгер ушул ойдун учугун андан ары улай турган болсок, Афганистандагы "прокси-террорчулар" менен да мамлекеттер аралык күрөштү боолголоп жатышат, мында Түркиянын вазыйпасын тынчтык миссиясы дегенге болбойт."Афган туугандарды" коргоо Афганистан менен чектешкен Анкаранын болжолдуу кастары – Иран, Пакистан, Кытай, Индияга (бардык айкалышта) багытталганын да болжоого болот. Борбор Азиянын өлкөлөрү обочолонуп турат, анткени аларды түрктөр "өз" катары кабылдайт. Кандай болгон күндө да "Талибан"* долбоорунун негизги куратору жана пайда көрүүчүсү – Пакистан Кабулдагы түркиялык "вазыйпага" башкаларга караганда көбүрөөк нааразы өңдөнөт. Афган багытында күч алып бараткан Кытайдын – экономикалык жана аскердик-саясий таасирин баалоо татаал. Бул держава "Талибан"* менен дипломатиялык алакаларды өнүктүрүүгө ниеткер. Пекин талибдерге өз ара кызматташууну сунуштады. "Окуучулар" ал үчүн болгону уйгурлардын "Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы" менен кызматташуудан баш тартууга тийиш. Өз ара түшүнүүгө жетишишти. Түркиялык аскерлердин Кабул аэропортунда болушу кытайлык жолдоштордун планына кирери күмөн. Ага катар эле Пекин Борбор Азияда да активдүү. Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И 12-16-июль аралыгында Афганистан менен чектешкен дароо үч өлкөгө, атап айтканда, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстанга иш сапары менен жөн жерден барганы жок. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири – тез өзгөрүлмөлүү афган кырдаалы. Ташкентте да кечээ биргелешкен экономикалык, гуманитардык долбоорлорду талкуулоо менен чектелишпеди. Андан мурунку күнү Душанбеде Ван И Кытай менен Тажикстан коопсуздук жаатында да кыйла маанилүү кызматташууну өрчүтүп, чакырык жана тобокелдиктерге каршы күрөштө аракеттерин бириктирип, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүн чогуу алдын алууга тийиш экенин билдирген. Ашхабадда 13-июлда Ван И Кытай түркмөн тараптын улуттук коопсуздугун камсыздоого кол кабыш кылуу менен "коопсуздук тармагында адаттагыдай да, адатка айланбаган да кызматташууну чыңдоого" даяр экенин билдирди. ©
REUTERS / Mohammad Ismail Талибдердин ийгилигин Азиядагы чектеш мамлекеттер кандай кабылдоодо? Борбор Азиядагы үч борбор калаада тең ар кандай формада биргеликте "тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүн жана алар келтирчү зыяндын алдын алуу" деген кытайлык сунуш үстөмдүк кылып турду. Чөлкөмдө Түркиянын (АКШ жана НАТОнун) көмөгү жок эле ички күчтөрдүн эбин таап алышары айкын. Мисалы, Россия "Талибан"* кыймылына Борбор Азиядагы союздаштарынын чек арасын кесип өтсө жана коопсуздугуна залал келтирилсе, "чоң жоготууларга" кабыларын эскерткен. Мындан сырткары, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан август – сентябрь айларында афган чек араларына жакын жерлерде атайын багыттагы аскерлердин биргелешкен машыгууларын өткөрмөкчү. Афганистандын түндүгүндө калкты "Талибанга"* каршы турууга маршал Абдул-Рашид Дустум жана айтылуу "Панжшер арстаны" Ахмад Шах Масуддун уулу түп көтөрүүдө. Ал ортодо АКШ Афган ислам республикасынан өз күчтөрүн 95 пайызга чыгарып бүтүп калышты. Кабулда "түркиялык долбоорду" чыңдай турган эч нерсе жок. Абал Афган борбор калаасындагы аэропорттун имаратында "янычарлар" менен атышууга дейре жетпестир. * – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эгерде исламга каршы келбесе талибдер аялдардын билимге жана ишке болгон укугуна кепилдик берет. Мындай билдирүүнү "Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммад Наим жасаганын РИА Новости жазды."Аялдар боюнча позициябызды бир нече жолу айтып келебиз. Эмне үчүн экенин билбейм, бирөөлөргө бул суроо өтө кызык, ал эми бирөөлөр үчүн өтө жабык болушу мүмкүн. Биз, мусулмандар, ыйык исламдын аялдарга берген укуктарын сактоого кепилдик беребиз. Эгерде билим алууга же ишке берилген укук болсо, ал биздин жоопкерчилик. Эгерде исламга, биздин улутка жана өлкөгө каршы келбесе, бул жактан бизде эч кандай маселе жаралбайт. Биз муну биринчи жолу айтып жаткан жокпуз", — деген Наим. ©
AP Photo / Alexander Zemlianichenko Талибдер Афганистанды башка өлкөлөргө кол салуу үчүн колдонбоого убада берди Ушул тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга тап коюшууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. "Талибандын" делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов менен жолукту. Өздөрүн "Ислам эмирлиги" деп атаган бул тараптын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен. Анткен менен "Талибандын" активдеше башташы дүйнө коомчулугун жана Афганистанга чектеш мамлекеттерди, ири саясий эл аралык уюмдарды түйшөлтө баштады. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаадагы соода борборлорунда коронавируска каршы эмдөө пунктуларын ачканы жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Вице-мэр Виктория Мозгачева Свердлов жана Октябрь райондору боюнча эмдөө жайлары ачыла турган жерлерди көрүп келди. Аларды төмөнкү соода борборлорунда ачуу пдандалып жатат:"Космопарк";"Таш-Рабат";"Детский мир". Ошондой эле "Чынар" базарында жана "Семетей" гимназиясында ачуу мерчемделүүдө. Жалпысынан Бишкекте учурдагы эмдөө жайларынан тышкары тогуз вакцина саюу пункту ачылмакчы. Алардын үчөө Октябрь районунда, ал эми Свердлов, Ленин жана Биринчи май райондорунда экиден пункт ишке киргизилет. | Sputnik_kg |
Кеченин негизги беттеши жеңил салмактагы америкалык Дастин Порье менен ирландиялык Конор Макгрегордун ортосунда болду. Мында ирландиялык спортчу буту сынып кетип, техникалык нокаут менен жеңилди. Андан сырткары, дагы төрт жуп негизги беттешке чыкты. Жалпысынан мелдеште 13 таймаш өттү. Анда казакстандык Жалгас Жумагулов америкалык Жером Риверону муунтуу ыкмасы менен утуп алды. | Sputnik_kg |
Ролик аталган программанын YouTube-каналына жарыяланды. Берүүнү "Кухня" сериалынын жылдыздары Ольга Кузьмина менен Жаңыл Асанбекова алып барган. ©
YouTube / ТУРДУР с Ларисой Булиной Россиялык YouTube-блогер Бишкек менен кыргыздарды сүрөттөп берди. Видео Кыргызстан — биринчи кезекте тоолуу өлкө. Бул жерде түндүктөгү эң бийик Жеңиш чокусу жайгашкан. Жайында Ысык-Көл дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтердин сүйүктүү жайына айланат. Дал ушул жер "Азиянын бермети" деп аталат", — деген алып баруучу Ольга Кузьмина. Берүүнүн жүрүшүндө алар аркан эшип, боз үй тигүүгө, бээ сааганга жардам беришкен. Россиялык программанын тартуу тобу Кыргызстанга июнь айынын башында келип кеткен. Туризм департаменти телеканалдын өкүлдөрү республиканын туристтик потенциалын эл аралык аренада көрсөтүү үчүн чакырылганын билдирген. Берүүнүн видеосун"Россия-1дин" YouTube каналынан көрүүгө болот. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна депутаттардын көпчүлүгү каршы пикирин билдирди. Аталган долбоор шайлоо мыйзамдарын жаңы Конституцияга дал келтирүү максатында даярдалган. Ал президент тарабынан демилгеленип, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте баяндама жасады. ©
Фото / Пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Тиллаев: бул мыйзам долбоору өтсө, өлкөдө тополоң, революция болот Бул демилге эл өкүлдөрүнүн жоон тобун канааттандырган жок. Рыскелди Момбеков менен Улугбек Садиков аралаш система менен (мажоритардык жана пропорционалдык) шайлоодо байлар гана парламентке келе аларын белгилешти. Жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жол берилбейт. Каныбек Иманалиев бул Кыргызстанды катастрофага алып барарын айтса, Таабалды Тиллаев акыр-аягы тополоң, революция менен бүтөрүн билдирди. Андыктан документти артка кайтарууга чакырды. Ошол эле учурда депутаттардын көпчүлүгү каршы чыгуу менен өздөрүнүн мөөнөтүн узартуу максатын көздөбөгөнүн айтышты. Себеби эгер аталган мыйзам долбоору өтпөй калса, кайра алты айдан кийин каралат."Мына, кесептештеримдин баары айтып жатат... "Өзүбүздүн мөөнөтүбүздү узартабыз" деген да сын-пикирлер болуп жатат. Эгер бул мыйзам кабыл алынбай калса, депутаттык мөөнөтүбүз кеминде алты айга узарып калат", — деди Бактыбек Турусбеков. ©
Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморкулов Момбеков Шайлдабековага: октябрь окуясынын зыянын Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз Ал эми Бактыбек Райымкулов мыйзамдын кемчилигин сындап жатканын айтып, парламенттин мөөнөтүн узартууга ким кызыкдар болсо атын аташын талап кылды. Андыктан жумушчу топ түзүп, мыйзам долбоорун кайра жакынкы аралыкта иштеп чыгууну сунуштады. Андан соң Турусбеков социалдык тармактарда "депутаттар мөөнөтүн узартуу үчүн мыйзам долбоорун кабыл албай жатат" деп жазып жатканын белгиледи. Талкуунун натыйжасында демилге биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна депутаттардын көпчүлүгү каршы пикирин билдирди. Аталган долбоор шайлоо мыйзамдарын жаңы Конституцияга дал келтирүү максатында даярдалган. Ал президент тарабынан демилгеленип, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте баяндама жасады. ©
Фото / Пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Тиллаев: бул мыйзам долбоору өтсө, өлкөдө тополоң, революция болот Бул демилге эл өкүлдөрүнүн жоон тобун канааттандырган жок. Рыскелди Момбеков менен Улугбек Садиков аралаш система менен (мажоритардык жана пропорционалдык) шайлоодо байлар гана парламентке келе аларын белгилешти. Жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жол берилбейт. Каныбек Иманалиев бул Кыргызстанды катастрофага алып барарын айтса, Таабалды Тиллаев акыр-аягы тополоң, революция менен бүтөрүн билдирди. Андыктан документти артка кайтарууга чакырды. Ошол эле учурда депутаттардын көпчүлүгү каршы чыгуу менен өздөрүнүн мөөнөтүн узартуу максатын көздөбөгөнүн айтышты. Себеби эгер аталган мыйзам долбоору өтпөй калса, кайра алты айдан кийин каралат."Мына, кесептештеримдин баары айтып жатат... "Өзүбүздүн мөөнөтүбүздү узартабыз" деген да сын-пикирлер болуп жатат. Эгер бул мыйзам кабыл алынбай калса, депутаттык мөөнөтүбүз кеминде алты айга узарып калат", — деди Бактыбек Турусбеков. ©
Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморкулов Момбеков Шайлдабековага: октябрь окуясынын зыянын Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз Ал эми Бактыбек Райымкулов мыйзамдын кемчилигин сындап жатканын айтып, парламенттин мөөнөтүн узартууга ким кызыкдар болсо атын аташын талап кылды. Андыктан жумушчу топ түзүп, мыйзам долбоорун кайра жакынкы аралыкта иштеп чыгууну сунуштады. Андан соң Турусбеков социалдык тармактарда "депутаттар мөөнөтүн узартуу үчүн мыйзам долбоорун кабыл албай жатат" деп жазып жатканын белгиледи. Талкуунун натыйжасында демилге биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жаңы Конституцияга ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскартылган. Анын 35и бир мандаттуу округдан, 55и партиялык система менен шайланат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыздар. | Sputnik_kg |
Сынакта австралиялык сүрөткер Форгу Явари айым жеңүүчү деп табылды. Анын эки эмгеги "Портреттик тарых" категориясында мыкты болду, ал эми "Мүнөз" категориясында экинчи орунду ээледи. "Үй-бүлөлүк портрет" категориясында биринчи орунга сүрөткер Зай Яр Линдин (Мьянма) эмгектери татыды. Ал эми "Кадимки портрет" ("Естественный портрет") жана "Мүнөз" категорияларында швейцариялык Йозефа Бюргинин эмгектери мыкты деп табылган. | Sputnik_kg |
2-июлда бүткүл дүйнөлүк НЛО күнү белгиленип келет. Өткөн кылымдын 40-жылдарынан баштап коомдо белгисиз учуучу объектилерге кызыгуу пайда боло баштаган. "Учуучу тарелкалардын" сүрөт, видео жана билдирүүлөрүнөн улам ЖМКда бул жасалма же табигый кубулуш эмес, планетадан тыш аймактан келгендер жана алардын учуучу аппараттары деген пикирлер айтылып келет. Азырынча НЛО боюнча илимий түшүндүрмө жок. Эксперттердин айтымында, НЛО боюнча далилдердин басымдуу бөлүгү туура эмес чечмеленген табигый кубулуштар же техникалык каражаттардын издери. Ал эми АКШнын чалгындоо кызматы отчётунда так бир жыйынтыкка келген эмес. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташа кеткендердин баары Россиядан депортацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына ИИМдин борбор калаа боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Ведомство тараткан билдирүүгө караганда, мушташ тууралуу маалымат полицияга 12-июль күнү кечинде түшкөн. Натыйжада станцияга полиция менен Росгвардиянын кызматкерлери барган. Кийинчерээк полиция бөлүмдөрүнө 103 киши алып келинген. Мушташка Борбордук Азиядан баргандар катышканы айтылууда. ©
Sputnik / Алексейс Стефановс Кыргызстандын элчилиги Москвадагы массалык мушташ боюнча билдирүү таратты Ал арада социалдык тармактарда болжол менен кыргызстандык делген эки эркек кишинин тажикстандыктар тарабынан сабалганын айткан видеосу тарады. Sputnik агенттиги Кыргызстан менен Тажикстандын Россиядагы элчиликтерине сурам жөнөткөнү менен азырынча жооп жок. Полиция ушу тапта иликтөө иштерин улантууда, ошентсе да чырды уюштурууга күнөөлүү деп табылган мигранттар депортацияланары анык болуп калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди."Чет өлкөлүк жарандарды эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде кое берүү каралган эмес. Айыбы аныкталгандан кийин адам сотко чейин камакка алынат. Эгер кылмыш мөөнөтү аныкталса, жазасын өтөйт, андан кийин, албетте, депортацияланат", — деди ал. Коженовдун айтымында, ушу тапта республикалардын диаспоралары чыр ырбап кетпеши үчүн мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат."Мен ЖМКлардан жана жөнөкөй адамдардан соцтармакта жүргөн видеолорду бөлүшпөөнү өтүнөт элем. Күтүүсүз окуялар болуп кетет. Мигранттардын 99 пайызы — бул Россияда жашап, иштеп, салык төлөп, мыйзам бузбаган адамдар. Бейбаштар өтө эле аз санда, алардын кылыгы мигранттарга көө жаппашы керек", — деди Коженов. Москвадагы Миграция боюнча эл аралык уюм да ушундай пикирде."Биз чет өлкөлүк жумушчулардын Россия аймагында чырга аралашуусун сындайбыз. Башка мамлекетте жаңжал чыгаруу туура эмес, бул Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жашаган мигранттардын баарынан шек жаратат. Окуя массалык көрүнүшкө айланып кетпеши үчүн ИИМдин көзөмөлүнө алынды", — деди уюмдун директору Абдусаттор Эсоев. Россия ИИМинин маалыматы боюнча, чырдын катышуучуларына административдик эреже бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. Ушу тапта мигранттарга Россияда жүрүү эрежесин бузуу жана майда бейбаштык боюнча айып коюлууда. Депортациядан тышкары, күнөөлүү мигранттар айыпка жыгылып, Россиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташа кеткендердин баары Россиядан депортацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына ИИМдин борбор калаа боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Ведомство тараткан билдирүүгө караганда, мушташ тууралуу маалымат полицияга 12-июль күнү кечинде түшкөн. Натыйжада станцияга полиция менен Росгвардиянын кызматкерлери барган. Кийинчерээк полиция бөлүмдөрүнө 103 киши алып келинген. Мушташка Борбордук Азиядан баргандар катышканы айтылууда. ©
Sputnik / Алексейс Стефановс Кыргызстандын элчилиги Москвадагы массалык мушташ боюнча билдирүү таратты Ал арада социалдык тармактарда болжол менен кыргызстандык делген эки эркек кишинин тажикстандыктар тарабынан сабалганын айткан видеосу тарады. Sputnik агенттиги Кыргызстан менен Тажикстандын Россиядагы элчиликтерине сурам жөнөткөнү менен азырынча жооп жок. Полиция ушу тапта иликтөө иштерин улантууда, ошентсе да чырды уюштурууга күнөөлүү деп табылган мигранттар депортацияланары анык болуп калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди. ©
Sputnik / Владимир Трефилов Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов"Чет өлкөлүк жарандарды эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде кое берүү каралган эмес. Айыбы аныкталгандан кийин адам сотко чейин камакка алынат. Эгер кылмыш мөөнөтү аныкталса, жазасын өтөйт, андан кийин, албетте, депортацияланат", — деди ал. ©
Sputnik / Алексей Витвицкий Талкуулоого даай албай... Мыйзамсыз миграция көйгөйү Коженовдун айтымында, ушу тапта республикалардын диаспоралары чыр ырбап кетпеши үчүн мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат."Мен ЖМКлардан жана жөнөкөй адамдардан соцтармакта жүргөн видеолорду бөлүшпөөнү өтүнөт элем. Күтүүсүз окуялар болуп кетет. Мигранттардын 99 пайызы — бул Россияда жашап, иштеп, салык төлөп, мыйзам бузбаган адамдар. Бейбаштар өтө эле аз санда, алардын кылыгы мигранттарга көө жаппашы керек", — деди Коженов. Москвадагы Миграция боюнча эл аралык уюм да ушундай пикирде."Биз чет өлкөлүк жумушчулардын Россия аймагында чырга аралашуусун сындайбыз. Башка мамлекетте жаңжал чыгаруу туура эмес, бул Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жашаган мигранттардын баарынан шек жаратат. Окуя массалык көрүнүшкө айланып кетпеши үчүн ИИМдин көзөмөлүнө алынды", — деди уюмдун директору Абдусаттор Эсоев. Россия ИИМинин маалыматы боюнча, чырдын катышуучуларына административдик эреже бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. Ушу тапта мигранттарга Россияда жүрүү эрежесин бузуу жана майда бейбаштык боюнча айып коюлууда. Депортациядан тышкары, күнөөлүү мигранттар айыпка жыгылып, Россиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 12 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 115 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, дартты дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. 9-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча анын 12синде бош орун бар. Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана —11; № 2 клиникалык төрөт үйү — 3; № 1 клиникалык оорукана — 4; Улуттук кардиология жана терапия борбору — 2; Чүй облустук бириктирилген оорукана — 10; Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 6; Улуттук онкология жана гематология борбору — 7; Республикалык наркология борбору — 8; Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 34; Аскер госпиталы — 5; Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 16. Өткөн суткада өлкөдө 1 319 адамдан коронавирус табылып, 10 бейтап каза болгон. | Sputnik_kg |
Кыргызстан эндемиялык зона болуп эсептелет. Илгертеден ата-бабаларыбыз мал чарбачылыкка, аңчылыкка жакын болушкан. Адам менен жаныбардын тыгыз мамилесинен улам ортодо эхинококкоз, альвеококкоз оорулары пайда болду. Бул тууралуу Эрлан Максүт уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Максүт уулу: эхинококкоз, альвеококкоз адамда көпкө чейин байкалбайт Анын айтымында, эхинококкоз оорусун өз учурунда аныктоо үчүн жылына бир ирет дарыгерге көрүнүп, анализ тапшыруу керек."Айыл жергесинде мал-жандыкка жакын адамдарда эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбүрөөк чыгып келген. Мындан 5-6 жыл мурда маселе курч эле. Операцияга муктаж бейтаптар көп болчу. Азыр ветеринария кызматкерлери абалды жолго салышты. Бүгүнкү күндө иттердин паспорту бар, дегельминтизация жүргүзүлүп жатат. Эхинококкоз менен негизинен киши жана мал ооруйт. Эхинококк ит, мышыктын ичегисинде мителик кылып, ал ичегиде өсүп жетилет да, жумурткалары заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт. Алар айлана-чөйрөдө чыдамдуу келип, адамга жана малга оору пайда кылуу коркунучун туудурат. Тамак менен кирген мите жумурткалары ичегиден канга, кан аркылуу боор, өпкөгө, мээге жана башка органдарга өтүп личинкага айланат. Ал акырындык менен өсүп, ыйлаакча болот. Ыйлаакчалар жайгашкан органдар жабыркап, алардын көлөмү, функциясы өзгөрүлүп, оору жаралат. Эхинококкоздун белгилери алардын жайгашкан жерине, көлөмүнө, санына жараша болот. Боордун эхинококк ыйлаакчасы акырындык менен өскөндүктөн көпкө чейин киши өзүнүн ооруганын сезбей жүрө берет. Ыйлаакча чоңойгон кезде гана боорду чоңойтуп жиберет. Ушул мезгилде оң кабырганын алды ооруйт. Боор чоңоюп, айрым убакта киндикке, андан ылдый түшүп кетиши мүмкүн. Ал эми альвеококкоз рак сымал организмди жабыркатат. Мунун паразиттик рак деген да аталышы бар. Бул боорду четинен жеп кете берет. Мындай учурда орган толук трансплантацияга муктаж болуп калат", — деди Максүт уулу. Дарыгер оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларын ветеринарга көрсөтүп, өздүк гигиенага көңүл буруп, ал эми ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көөмп салуу керектигин сунуштады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 373-чакырымында болгон жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды. Дагы алты адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кырсык кан жолдун Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Капчыгай тилкесинде катталган. Анда Honda Odyssey унаасы менен Toyota Estima кагылышкан. Бишкек — Ош унаа жолунун 373-чакырымында болгон жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды ©
Фото / пресс-служба МЧС КР Кырсык кан жолдун Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Капчыгай тилкесинде катталган. Анда Honda Odyssey унаасы менен Toyota Estima кагылышкан ©
Фото / пресс-служба МЧС КР 1 / 2 ©
Фото / пресс-служба МЧС КР Бишкек — Ош унаа жолунун 373-чакырымында болгон жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, алты адам жабыркаган. Жерине Кара-Көл шаардык №94 өрт куткаруу бөлүгүнөн төрт куткаруучу тартылган."Куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары оор", — деп айтылат маалыматта. Кырсыктын келип чыгышы, анын себеби такталууда. | Sputnik_kg |
Бүгүнкү күндө негизги жолдорду куруу боюнча 12 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, дагы төрт долбоор даярдалып жатат. Алар өнөктөш донорлордун каражатын тартуу менен жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу Санжар Асаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Радио Асаналиев: жол куруу боюнча 12 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда Анын айтымында, быйыл эки чоң эстакадалык көпүрө бүткөрүлүп, ишке берилет."Учурда Бишкекте 3, Ош жана Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушу жүрүп жатат. Бул жолдун курулушу үч фазага бөлүнгөн. Биринчи жана экинчи фазадагы жумуштарды Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы каржылайт. Жалпы баасы 700 миллион долларды түзүп, каражат бөлүнгөн. Курулушту China Road and Bridge Corporation жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө биринчи фазадагы жумуш 75 пайызга, экинчисинде 85 пайызга аткарылды. Биринчи фаза боюнча 3 800 метрлик тоннель салынып жаткан. Анын 700 метри бүтө элек. Экинчи фазада эки чоң эстакадалык көпүрө курулууда. Быйыл бүткөрүлүп, ишке берилет. Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, аткарылып жаткан дагы эки долбоор бар. Биринчи бөлүктө Балыкчы — Кочкор жолунда иштер аткарылууда. Ал эми экинчиси Эпкин жана Баш-Кууганды участогунда иштеп жаткан подрядчы менен былтыр келишимди үзгөнбүз. Азыр жаңы компания менен келишим түзүп, курулушту жандандыралы деп жатабыз. Ал эми Бишкек — Ош жолунда эки чоң долбоор бар. Алсак, Бишкек — Кара-Балта жолу эки бөлүктөн турат. Автобазардан Кара-Балтага чейинки 45 чакырым жолдун 42си бүттү. Сокулук тараптагы үч чакырым жолдогу иштер жер астындагы коммуникацияга байланыштуу жай жүрүүдө. Андан кийин Киркомстромдон унаа базарга чейин 7,5 чакырым жолду жаңы келишим боюнча China Railway No.5 Engineering Group жасап жатат", — деди Асаналиев. Адис Азербайжандын компаниясы салып жаткан 67 чакырымдык Маданият — Жалал-Абад унаа жолунун 26 чакырымына асфальт төшөлгөнүн кошумчалады. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди ©
Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Ал шайлоого жубайы Назгүл Марипова менен келген ©
Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Учурда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын жалпы катышуусу 12,47 пайызды түздү ©
Пресс-служба правительства / Алишер Алиев 1 / 3 ©
Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди Ал шайлоого жубайы Назгүл Марипова менен келген."Жубайым менен Бишкек шаарынын №40 жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добуш берип келдик. Республиканын ар бир жараны өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу менен социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүүсү зарыл", — деп жазган Марипов Facebook баракчасына. Учурда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын жалпы катышуусу 12,47 пайызды түздү. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шайлоого катышып жаткан партиялардын бири тараптан добуш сатып алуу фактысы катталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти."10-июль күнү Бишкек шаарындагы Ленин районунун №2 аймактык муниципалдык башкармалыгынын жашоочуларына пара берип жаткан жеринен "Эмгек" партиясынын өкүлү К. Э. А. кармалды", — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө. ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Шаардык кеңешке шайлоо: саат 12.00гө карата маалымат Маалыматка караганда, анын жанында шайлоочулардын тизмеси жана кимге акча бергендиги тууралуу маалыматтар болгон."К. Э. А. "Эмгек" партиясынын атынан чыгып жаткан Р. у. Т. аттуу талапкердин көрсөтмөсү менен аталган аймактын жашоочуларына киши башына миң сомдон берип жаткан", — деп айтылат билдирүүдө. Учурда шайлоо тилкелеринде эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окусаңыз болот. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайы Кыргызстан үчүн 25 актёрду окутуп, даярдап берет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Ага ылайык, министр Кайрат Иманалиев Россияга болгон иш сапарынын алкагында аталган окуу жайдын ректору, профессор Борис Любимов менен жолугуп, макулдашкан."Университет кыргызстандык студенттердин бекер билим алуусу, жатакана, стипендиясы үчүн жоопкерчилик алды. Кыргызстан болсо студенттердин тамактануусуна көмөк көрсөтүп, кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим менен куратордун чыгымын көтөрөт", — деп айтылат маалыматта. Министрликтин демилгеси менен апрелде Бишкекке Щепкин атындагы окуу жайдын алдыңкы окутуучулары чакыртылып, сынак уюштурулуп, натыйжада 27 киши тандалганы кошумчаланды. Окуу мөөнөтү төрт жыл. Бул жылдары студенттер Москванын кичи театрынан тажрыйба алат. | Sputnik_kg |
Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков келип, атасы тууралуу маек куруп кетти. — Улуу жазуучунун бала кезин эскерсек... — Атам 1912-жылы төрөлүп, 17 бир туугандын кичүүсү болгон. Бирок чечектен улам 16 бир тууганынын он бири каза болуп калыптыр. Ошол себептен ата-энеси ырымдап атамды улам бир үйгө катып, орун которуп аман алып калышкан экен. Ысымын да "түгөл болсун" деген ниетте Түгөлбай деп коюшкан. Балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өтүптүр. Кадимки Үркүндө атам төрт гана жашта болсо да андагы кыйын күндөрдү, окуялардын баарын эстеп калган. Ал эмес эки жашында казандагы ысык сүткө түшүп калганын да унутпай айтып берчү. Атамдын эске тутуму абдан күчтүү эле. Кичинесинде да баладай болуп ойноп кетпей, айылдагы аксакалдардын сөзүнө кулак төшөп отурчу экен. Ушундай куйма кулак болуп өсүптүр. — Үркүн тууралуу айтып бергендери эсиңизде барбы? — Үркүндөгү элдин башына түшкөн мүшкүлдө көргөн-билгендерин жазып да кеткен. 1916-жылы жаңылбасам август айында атам апасы менен Текести көздөй тентийт. 1917-жылы Кеңеш өкмөтү орноп, атамдар 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтышкан. Ошол кезде Кең-Сууда Василий Коровин аттуу билимдүү орус көпөс болгон экен. Ал Ак падышанын убагында Кытайда дипломат катары кызмат өтөгөн дешет. Кийин кандайдыр бир себептер менен фермер болуп кетиптир. Ошентип Кеңеш өкмөтү келген маалда Коровин жергиликтүү кыргыздардан жумушчу издейт. Ошол убакта атам алты жашта, ал эми өзүнөн 18 жаш улуу агасы Түмөнбай 23 жаштан өтүп калган куракта экен. Василий эмне айтса эле Түмөнбай агабыз "жасай алам, колумдан келет" дей бериптир. Ошентип Коровин атамдын агасын жана атамды малайлыкка алып, атамдар анын үйүндө туруп калышкан. Мунун баары китепте жазылуу. Башка жазуучулардан айырмаланып, бул киши баштан өткөн оор күндөрү жөнүндө китеп чыгарган. 1972-жылы 60 жашында чыккан "Жол" жана кийин 80ден ашып калганда "Бел-белес" деген чыгармаларында өзү жөнүндө абдан жакшы жазып кеткен. "Жол" романында жазылгандай, атам кичинесинде көл жээгинде балдар менен ойноп жүрүп да Лев Толстойдун, Александр Пушкиндин китебин колунан түшүрбөй окуптур. Ошондо жанындагы балдар "ой, бул китепти сен түшүнө алмак белең. Муну чоң кишилер окуйт" десе, атабыз "мен муну түшүнөм, керек болсо өзүм да ушундай китеп жазам" дечү экен. Кийин билим алуу үчүн шаарга да эрте эле келет. Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев болуп бир жатаканада турушкан. Бул туурасында "Маркумдар үнү" чыгармасында Көчкөн Сактанов жакшы сүрөттөп берген. — Апаңыз менен кандайча баш кошуптур? — Экөө таанышкан мезгилди да так айтып бере албайт экенмин. Энем Асылгүл ак сөөк, Байтиктин тукумунан болот. Кеңеш өкмөтү келгенде апамдын ата-энеси балдарын сактап калуу үчүн ар кимдин үйүнө бөлүп беришиптир. Ошентип ата-энем 17 жашында баш кошушкан. Экөө кайдан таанышканын деле билбейм, бирок эң сонун жуп боло алышты. Үйгө дайыма киши көп келгендиктен апамдын дасторкону жыйылчу эмес. Азыркыдай телефон чалып, барсам болобу же бүгүн бошсузбу демей жок. Мейман каалаган учурда келчү. Пейил башка эле. Келип ээн-эркин бакылдашып отуруп кетишчү. — Түгөлбай атанын чыгармачылыктан тыш кызыккан, алектенген нерсеси болгонбу? — Атам жазуучу болбосо бизнесмен болмок деп ойлойм. Ишкерликке шыгы бар экендиги Василий Коровиндин колунда жүргөндө эле билинген экен. Ошондо эле бал челек кармаганды өздөштүрүп, бир катар иштерге көзү жеткен тетиктигин далилдептир. Кийин үйдө деле кара жумуштан каччу эмес. Колу бошой калганда бактарды бутап, жер казып, көп жумуштарды кылар эле. Огороддо бир ишти жалгыз жасап жатсам, агаларыма караганда атам жардамдаша койчу. — Кандайча жазуучу болуп калган? — Менин колумда атамдын "Мен 1000 жыл жашадым" деген китеби турат. Китеп көркөмдүк жактан жакшы жазылгандыгын айтып, минтип атаган себебин сурагам. Ал киши: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан. Ал киши элибиздин жайлоодогу турмушу, оттогон жылкылар, желеде байланган кулундар көз алдынан кетпесин айтчу. Ошол китепте өзү тууралуу да жазылган. Атам кичинесинен эле улуу жазуучулардын китебин көп окуп, кийин ооруп калганы да жазуучу болуп калышына себепчи болсо керек. Алгач Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуп жатканда кургак учук менен ооруп калып, Фрунзеге келип редакцияда иштеп калган эмеспи. Бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу. — Чыгармаларынын аркасында бир катар бут тосууларга атаңыз да кабылса керек? — "Көк Асаба" VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп берген чыгарма. Кыргыз тарыхы жазылган китепти атам 1970-жылдары, ошол убактагы оор кырдаалга, бут тосууларга карабай жазып, чыгарган. Алгач журналга чыгармадан акырын үзүндү чыгарса, ал дароо коомчулукта талкуу жараткан. Ал кезде тарыхты жазууга тыюу салынган эле да. Бир жолу атам жыйындан маанайы жок, капаланып келди. Себебин сурасам "эч нерсе билбеген немелер мага тарыхты үйрөтүп жатат" деген. Ушул романы үчүн бир нече айга созулган дискуссиялар болду. Ал кезде билимдүү интеллигенттер деле кыргыздын тарыхын билчү эмес. Ошондой талкууларда "Түгөлбай, сен "кыргыздар Енисейден көчүп келген" деп айтып жатасың. Ал кезде учак же темир жол жок болсо, кантип көчөт?" деп сурагандар да болгон. Аны уккан атамдын оозу ачылып, таң калып келчү. — Жазуучунун балдары тууралуу айтсаңыз? — Биз төрт бир тууганбыз. Үч уул жана бир карындашыбыз бар болчу. Уулдардын эң кичүүсү менмин. Азыр 74 жаштамын. Эң кичүү карындашым Динара 2006-жылы оорудан улам көз жумду. Өзүнүн кесиби психолог эле. Аскар байкемдин өлүмү да трагедиялуу болду. Ал техника жаатында инженер болуп эмгектенчү. Ал эми кесиби сүрөтчү Арстан байкем да көлдөн сууга чөгүп кетип, өтүп кетти. Азыр жалгыз калдым. Динара карындашым окумуштуу, философ жана психолог Арон Брудныйга турмушка чыккан. Атам кезегинде "менин күйөө балам уникалдуу адам" деп калар эле. Чын эле укмуш киши болчу. Ал да каза болуп калды, аттиң... — Арты кайырлуу болсун... Түгөлбай Сыдыкбековдун чыныгы шакирттери ким болгон? — Убагында үйгө бир топ жазуучулар келчү. Көбүнүн көзү өтүп кетти, теңи аксакал болуп калышты. Ортодогу түшүнбөстүктөр менен ар кандай окуялардан улам тарыхта жазуучулардын да бөлүнгөн учурлары кездешет. Атам менен жазуучулар Кеңеш Жусупов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев жана Салижан Жигитов жакшы катышчу. Жазуучу Көчкөн Сактанов менен акын Анатай Өмүрканов да атам менен жакшы мамиледе эле. Айтматов да жаш кезинде атама келип кол жазмаларын көргөзгөн учурлары болгон. Атам да аны колдогон. Бирок кийин "Биринчи мугалим" фильми тартылганда атам режиссёр Александр Кончаловскийге абдан нааразы болду. "Кыргыздарды өтө эле жапайы көрсөтүп коюптур. Тасмага бизде жок айрым каада-салттарды киргизип салган" деп жаман көрдү. Фильмдеги айрым кадрларга, мисалы, эки адам сүйлөшүп жатса бирөө сууга заара ушатканына ачуусу келип, "кыргыздарда эч качан мындай болгон эмес" деп калчу. Анткени атам кыргыздын нарк-насилин мыкты билген адам эле. Ал эми Айтматов ал кезде алгачкы фильми тартылгандыктан бул жагын байкабай калганбы, анысын билбейм. Кыскасы, атам ушул жагына катуу каршы турду. Анан кинонун билермандары атама "сиз эмнеге анчалык ачууландыңыз. Бул фильм дүйнөлүк сынактарда сыйлыктарга татып, кыргызды таанытат, көрөсүз" дешти эле атам "минтип таанылуунун кереги жок" деген. Ошондон Чыңгыз Төрөкулович экөөнүн мамилеси бир аз сууй түштү. Бирок кийин Айтматов бир нече ирет үйгө келип, үйдө экөөнүн баарлашып отурганына күбө болгом. Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан. ©
Sputnik / Чернов Встреча Тугельбая Сыдыкбекова и Чингиза Айтматова — Атаңыз үйдө чыгарма жазууга кайсы убакта киришип, кандай шартта жазар эле? — Атамдын кабинети 2-кабаттагы китепканасынын жанында болчу. Эртең менен эрте туруп, ары-бери бир аз басып, анан жумушка киришчү. Ал кезде компьютер жок, үйдө атайын жазган машинка болор эле. Биз уктап жатсак, күнүнө машинканын тарсылдаганы угулуп турчу. Ошентип түшкө чейин жазып, анан анысын өз алдынча окуп чыкчу. Аскар байкемдин кызы бир ирет: "Анда үйдө чоң атам экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Анан эле чоң атамдын кабинетинде бакылдашкан эле үндөр чыгып калды. Барып акырын карасам, атам креслодо отуруп алып, өзү менен өзү сүйлөшүп жатыптыр", — дейт. Чынында ал киши чыгармасындагы диалогдорду ушинтип текшерчү. — Балдарына көңүл бурууга убактысы жетчү беле? — Ооба, бурчу. Бирок чынын айтканда дайыма эмес. Мурда кыргыз мектептер жетишсиз болчу да. Бул маселени атам бир нече ирет көтөргөн. Бизге да "ай, силер орус мектепте окуп жатасыңар. Кыргызча үйрөнгүлө, кийин ит болосуңар" дечү. Биз "макул" деп коюп эле, нары барып орусча сүйлөшүп кете берчүбүз. Бирок кийин эне тилибизди жакшы билбегендиктен чын эле уят болгон учурлар болду. Арстан байкемдин жубайы орус. Балдары да кыргызча түшүнгөн менен сүйлөй албайт. Атам айылда өскөндүктөн кыргыздын салт-санаасын жакшы билчү. Алы-күчү бар кезде бизге да көп нерсе үйрөтчү. Үйдөгү эркек балдар карындашыбыз бир аз эрке болгондуктан урушуп койчубуз. Анан атам "ай, антпегиле. Кыз кишинин тагдыры башка болот. Бул конок, сыйлагыла" деп айтчу. Ушундай майда-барат нерседен өйдө үйрөтүп, салтты түшүндүргөнгө аракет жасачу. — Ар бир адамдын көздөгөн тилеги бар эмеспи. Улуу жазуучу эмнени жасоого жетишпей калды? — Атамдын эки кол жазмасы китеп болуп чыкпай калган. Анан да романдары жазылып акырына чыкпай турат. Ал киши өмүрүнүн аягында Паркинсон дарты менен ооруп калбадыбы. Ошол себептен иштөөгө мүмкүн болгон жок. Азыр чыгармаларынын томдугун чыгарсак жана үй музейин уюштурсак деп жатабыз. Өзү жашап кеткен үйүн музей кылуу ниетибиз бар. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. – Sputnik. Казакстанда малдын кургакчылыктан улам массалык кырылуусу токтоду. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлигине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды. Буга чейин социалдык тармактарда коңшу өлкөдө бодо мал ачкачылыктан улам өлүп калып жаткан видеолор тараган."Мангистау жана Кызыл-Орто облустарында жаз кургакчыл болгондуктан малга тоют жетишерлик өспөй, анын кесепетинен мал массалык түрдө кырыла баштаган. Учурда коңшу облустар тоют жагынан жардам берип, малдын өлүмү токтоду. Мал-жандыктарды сактап калуу үчүн казак өкмөтү 1,9 миллиард тенге бөлдү", — деп айтылат кабарда. Ошондой эле миңдеген жаныбарлар жайлоолорунда чөбү бар Ак-Төбө, Атырау облустарына убактылуу жеткирилгени айтылат. Учурда жергиликтүү бийлик кышкыга тоют топтоо менен алек. | Sputnik_kg |
Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков келип, атасы тууралуу маек куруп кетти. — Улуу жазуучунун бала кезин эскерсек... — Атам 1912-жылы төрөлүп, 17 бир туугандын кичүүсү болгон. Бирок чечектен улам 16 бир тууганынын он бири каза болуп калыптыр. Ошол себептен ата-энеси ырымдап атамды улам бир үйгө катып, орун которуп аман алып калышкан экен. Ысымын да "түгөл болсун" деген ниетте Түгөлбай деп коюшкан. Балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өтүптүр. Кадимки Үркүндө атам төрт гана жашта болсо да андагы кыйын күндөрдү, окуялардын баарын эстеп калган. Ал эмес эки жашында казандагы ысык сүткө түшүп калганын да унутпай айтып берчү. Атамдын эске тутуму абдан күчтүү эле. Кичинесинде да баладай болуп ойноп кетпей, айылдагы аксакалдардын сөзүнө кулак төшөп отурчу экен. Ушундай куйма кулак болуп өсүптүр. — Үркүн тууралуу айтып бергендери эсиңизде барбы? — Үркүндөгү элдин башына түшкөн мүшкүлдө көргөн-билгендерин жазып да кеткен. 1916-жылы жаңылбасам август айында атам апасы менен Текести көздөй тентийт. 1917-жылы Кеңеш өкмөтү орноп, атамдар 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтышкан. Ошол кезде Кең-Сууда Василий Коровин аттуу билимдүү орус көпөс болгон экен. Ал Ак падышанын убагында Кытайда дипломат катары кызмат өтөгөн дешет. Кийин кандайдыр бир себептер менен фермер болуп кетиптир. Ошентип Кеңеш өкмөтү келген маалда Коровин жергиликтүү кыргыздардан жумушчу издейт. Ошол убакта атам алты жашта, ал эми өзүнөн 18 жаш улуу агасы Түмөнбай 23 жаштан өтүп калган куракта экен. Василий эмне айтса эле Түмөнбай агабыз "жасай алам, колумдан келет" дей бериптир. Ошентип Коровин атамдын агасын жана атамды малайлыкка алып, атамдар анын үйүндө туруп калышкан. Мунун баары китепте жазылуу. Башка жазуучулардан айырмаланып, бул киши баштан өткөн оор күндөрү жөнүндө китеп чыгарган. 1972-жылы 60 жашында чыккан "Жол" жана кийин 80ден ашып калганда "Бел-белес" деген чыгармаларында өзү жөнүндө абдан жакшы жазып кеткен. "Жол" романында жазылгандай, атам кичинесинде көл жээгинде балдар менен ойноп жүрүп да Лев Толстойдун, Александр Пушкиндин китебин колунан түшүрбөй окуптур. Ошондо жанындагы балдар "ой, бул китепти сен түшүнө алмак белең. Муну чоң кишилер окуйт" десе, атабыз "мен муну түшүнөм, керек болсо өзүм да ушундай китеп жазам" дечү экен. Кийин билим алуу үчүн шаарга да эрте эле келет. Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев болуп бир жатаканада турушкан. Бул туурасында "Маркумдар үнү" чыгармасында Көчкөн Сактанов жакшы сүрөттөп берген. ©
Фото / Александр Федоров Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков — Апаңыз менен кандайча баш кошуптур? — Экөө таанышкан мезгилди да так айтып бере албайт экенмин. Энем Асылгүл ак сөөк, Байтиктин тукумунан болот. Кеңеш өкмөтү келгенде апамдын ата-энеси балдарын сактап калуу үчүн ар кимдин үйүнө бөлүп беришиптир. Ошентип ата-энем 17 жашында баш кошушкан. Экөө кайдан таанышканын деле билбейм, бирок эң сонун жуп боло алышты. Үйгө дайыма киши көп келгендиктен апамдын дасторкону жыйылчу эмес. Азыркыдай телефон чалып, барсам болобу же бүгүн бошсузбу демей жок. Мейман каалаган учурда келчү. Пейил башка эле. Келип ээн-эркин бакылдашып отуруп кетишчү. — Түгөлбай атанын чыгармачылыктан тыш кызыккан, алектенген нерсеси болгонбу? — Атам жазуучу болбосо бизнесмен болмок деп ойлойм. Ишкерликке шыгы бар экендиги Василий Коровиндин колунда жүргөндө эле билинген экен. Ошондо эле бал челек кармаганды өздөштүрүп, бир катар иштерге көзү жеткен тетиктигин далилдептир. Кийин үйдө деле кара жумуштан каччу эмес. Колу бошой калганда бактарды бутап, жер казып, көп жумуштарды кылар эле. Огороддо бир ишти жалгыз жасап жатсам, агаларыма караганда атам жардамдаша койчу. ©
Sputnik / Александр Федоров Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков — Кандайча жазуучу болуп калган? — Менин колумда атамдын "Мен 1000 жыл жашадым" деген китеби турат. Китеп көркөмдүк жактан жакшы жазылгандыгын айтып, минтип атаган себебин сурагам. Ал киши: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан. Ал киши элибиздин жайлоодогу турмушу, оттогон жылкылар, желеде байланган кулундар көз алдынан кетпесин айтчу. Ошол китепте өзү тууралуу да жазылган. Атам кичинесинен эле улуу жазуучулардын китебин көп окуп, кийин ооруп калганы да жазуучу болуп калышына себепчи болсо керек. Алгач Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуп жатканда кургак учук менен ооруп калып, Фрунзеге келип редакцияда иштеп калган эмеспи. Бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу. — Чыгармаларынын аркасында бир катар бут тосууларга атаңыз да кабылса керек? ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Бообек Ибраевдин уулу Марат Ибраев: ата-энем мен үчүн көпкө урушуп жүргөн экен — "Көк Асаба" VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп берген чыгарма. Кыргыз тарыхы жазылган китепти атам 1970-жылдары, ошол убактагы оор кырдаалга, бут тосууларга карабай жазып, чыгарган. Алгач журналга чыгармадан акырын үзүндү чыгарса, ал дароо коомчулукта талкуу жараткан. Ал кезде тарыхты жазууга тыюу салынган эле да. Бир жолу атам жыйындан маанайы жок, капаланып келди. Себебин сурасам "эч нерсе билбеген немелер мага тарыхты үйрөтүп жатат" деген. Ушул романы үчүн бир нече айга созулган дискуссиялар болду. Ал кезде билимдүү интеллигенттер деле кыргыздын тарыхын билчү эмес. Ошондой талкууларда "Түгөлбай, сен "кыргыздар Енисейден көчүп келген" деп айтып жатасың. Ал кезде учак же темир жол жок болсо, кантип көчөт?" деп сурагандар да болгон. Аны уккан атамдын оозу ачылып, таң калып келчү. ©
Sputnik / Александр Федоров Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков — Жазуучунун балдары тууралуу айтсаңыз? — Биз төрт бир тууганбыз. Үч уул жана бир карындашыбыз бар болчу. Уулдардын эң кичүүсү менмин. Азыр 74 жаштамын. Эң кичүү карындашым Динара 2006-жылы оорудан улам көз жумду. Өзүнүн кесиби психолог эле. Аскар байкемдин өлүмү да трагедиялуу болду. Ал техника жаатында инженер болуп эмгектенчү. Ал эми кесиби сүрөтчү Арстан байкем да көлдөн сууга чөгүп кетип, өтүп кетти. Азыр жалгыз калдым. Динара карындашым окумуштуу, философ жана психолог Арон Брудныйга турмушка чыккан. Атам кезегинде "менин күйөө балам уникалдуу адам" деп калар эле. Чын эле укмуш киши болчу. Ал да каза болуп калды, аттиң... — Арты кайырлуу болсун... Түгөлбай Сыдыкбековдун чыныгы шакирттери ким болгон? — Убагында үйгө бир топ жазуучулар келчү. Көбүнүн көзү өтүп кетти, теңи аксакал болуп калышты. Ортодогу түшүнбөстүктөр менен ар кандай окуялардан улам тарыхта жазуучулардын да бөлүнгөн учурлары кездешет. ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл: 33 жыл өттү, дале жүрөк ыйлайт Атам менен жазуучулар Кеңеш Жусупов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев жана Салижан Жигитов жакшы катышчу. Жазуучу Көчкөн Сактанов менен акын Анатай Өмүрканов да атам менен жакшы мамиледе эле. Айтматов да жаш кезинде атама келип кол жазмаларын көргөзгөн учурлары болгон. Атам да аны колдогон. Бирок кийин "Биринчи мугалим" фильми тартылганда атам режиссёр Александр Кончаловскийге абдан нааразы болду. "Кыргыздарды өтө эле жапайы көрсөтүп коюптур. Тасмага бизде жок айрым каада-салттарды киргизип салган" деп жаман көрдү. Фильмдеги айрым кадрларга, мисалы, эки адам сүйлөшүп жатса бирөө сууга заара ушатканына ачуусу келип, "кыргыздарда эч качан мындай болгон эмес" деп калчу. Анткени атам кыргыздын нарк-насилин мыкты билген адам эле. Ал эми Айтматов ал кезде алгачкы фильми тартылгандыктан бул жагын байкабай калганбы, анысын билбейм. Кыскасы, атам ушул жагына катуу каршы турду. Анан кинонун билермандары атама "сиз эмнеге анчалык ачууландыңыз. Бул фильм дүйнөлүк сынактарда сыйлыктарга татып, кыргызды таанытат, көрөсүз" дешти эле атам "минтип таанылуунун кереги жок" деген. Ошондон Чыңгыз Төрөкулович экөөнүн мамилеси бир аз сууй түштү. Бирок кийин Айтматов бир нече ирет үйгө келип, үйдө экөөнүн баарлашып отурганына күбө болгом. Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан. ©
Sputnik / Чернов Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков — Атаңыз үйдө чыгарма жазууга кайсы убакта киришип, кандай шартта жазар эле? — Атамдын кабинети 2-кабаттагы китепканасынын жанында болчу. Эртең менен эрте туруп, ары-бери бир аз басып, анан жумушка киришчү. Ал кезде компьютер жок, үйдө атайын жазган машинка болор эле. Биз уктап жатсак, күнүнө машинканын тарсылдаганы угулуп турчу. Ошентип түшкө чейин жазып, анан анысын өз алдынча окуп чыкчу. Аскар байкемдин кызы бир ирет: "Анда үйдө чоң атам экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Анан эле чоң атамдын кабинетинде бакылдашкан эле үндөр чыгып калды. Барып акырын карасам, атам креслодо отуруп алып, өзү менен өзү сүйлөшүп жатыптыр", — дейт. Чынында ал киши чыгармасындагы диалогдорду ушинтип текшерчү. — Балдарына көңүл бурууга убактысы жетчү беле? ©
Фото / из личного архива Азата Акматова Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам — Ооба, бурчу. Бирок чынын айтканда дайыма эмес. Мурда кыргыз мектептер жетишсиз болчу да. Бул маселени атам бир нече ирет көтөргөн. Бизге да "ай, силер орус мектепте окуп жатасыңар. Кыргызча үйрөнгүлө, кийин ит болосуңар" дечү. Биз "макул" деп коюп эле, нары барып орусча сүйлөшүп кете берчүбүз. Бирок кийин эне тилибизди жакшы билбегендиктен чын эле уят болгон учурлар болду. Арстан байкемдин жубайы орус. Балдары да кыргызча түшүнгөн менен сүйлөй албайт. Атам айылда өскөндүктөн кыргыздын салт-санаасын жакшы билчү. Алы-күчү бар кезде бизге да көп нерсе үйрөтчү. Үйдөгү эркек балдар карындашыбыз бир аз эрке болгондуктан урушуп койчубуз. Анан атам "ай, антпегиле. Кыз кишинин тагдыры башка болот. Бул конок, сыйлагыла" деп айтчу. Ушундай майда-барат нерседен өйдө үйрөтүп, салтты түшүндүргөнгө аракет жасачу. — Ар бир адамдын көздөгөн тилеги бар эмеспи. Улуу жазуучу эмнени жасоого жетишпей калды? — Атамдын эки кол жазмасы китеп болуп чыкпай калган. Анан да романдары жазылып акырына чыкпай турат. Ал киши өмүрүнүн аягында Паркинсон дарты менен ооруп калбадыбы. Ошол себептен иштөөгө мүмкүн болгон жок. Азыр чыгармаларынын томдугун чыгарсак жана үй музейин уюштурсак деп жатабыз. Өзү жашап кеткен үйүн музей кылуу ниетибиз бар. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде коронавирус илдетине чалдыккан 10 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Алар төмөнкү аймактарда катталды: Бишкек — 5; Чүй облусу — 2; Жалал-Абад — 2; Нарын — 1; Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19дан ажал тапкан адамдардын саны 2037ге жетти. Анын ичинен лабораториялык тастыкталганы 778, клиникалык-эпидемиологиялык аныкталганы (пневмония) 1 259. Эске салсак, былтыр 4-июлда пневмония менен COVID-19 инфекциясынан 33 адам көз жумган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 401 кишиден коронавирус табылып, 710 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, былтыркы жылдын 4-июлуна карата өлкөдө бир суткада 327 учуру катталган. Жуктургандар: Бишкек – 907; Ош – 50; Чүй облусу – 175; Ош облусу – 20; Талас облусу – 13; Нарын облусу – 17; Ысык-Көл облусу – 32; Жалал-Абад облусу – 105; Баткен облусу – 82. Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 130 633гө жетип, анын ичинен 112 644 бейтап айыкты: Бишкек – 393; Ош – 81; Чүй облусу – 83; Ош облусу – 30; Талас облусу – 7; Нарын облусу – 17; Ысык-Көл облусу – 12; Жалал-Абад облусу – 66; Баткен облусу – 21. Азыркы тапта 4 001 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 151 кишинин абалы оор болсо, 169 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Өткөн суткада 37 медиктен коронавирус аныкталган. Жалпысынан оору жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 580 болду. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Олимпиадалык оттун келишине байланышкан салтанат Токиодогу Комазава паркында башталды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды. Азем башталар алдында мелдешти өткөрүүгө каршы болгондор стадиондун жанында акция уюштурушту. Алардын "Олимпиаданы токтот!", "Биз Олимпиадагы каршыбыз!" деген чакырыктары салтанат өтүп жатканда стадиондо да угулуп турду. Токионун губернатору Юрико Коике борборго Олимпиаданын оту келгени боюнча докладды кабыл алды. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан эстафета быйыл март айында Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты."Өткөн жылдын март айында бул от Грециядан Японияга алып келинген. Олимпиада жылдырылды, биз отту жыл бою сактадык. Мына акыр-аягы 25-мартта Фукусимада эстафета старт алды. Олимп оту 47 префектуранын 46сында болуп, бүгүн Токиого келди. Олимпиаданын оту бардык кыйынчылыктарга карабай, бүтүндөй өлкө элинин күчү менен үмүт отунун символу катары борборго жетти", — деген губернатор. Аземде борбордук префектурада эстафета башталганы тууралуу жар салынды. Эстафета эң алгач Матида шаарында өтөт. 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет. Азем Япония өкмөтү коронавирустун жайылганына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан бир нече сааттан кийин башталды. Ошондуктан ал санитардык нормаларды так сактоо менен өтөт. Иш-чара элди катыштырбай эле өткөрүү чечими кабыл алынгандыктан, келгендер аккредитацияланган журналисттер жана уюштуруучулар менен эле чектелди. ©
Sputnik / Наталья Селиверстова Токио Олимпиадасында Кыргызстандын туусун ким көтөрүп өтөрү белгилүү болду Олимпиадага эки апта калганда Япония өкмөтү Токиодо 12-июлдан 22-августка чейин өзгөчө абал режимин киргизгенин жарыялады. Токиодо акыркы эки аптадан бери ковид жуктургандардын саны туруктуу өсүп жатат. Шаршемби күнү 920 учур катталып, 13-майдан берки эң жогорку көрсөткүч болду. Токио Олимпиадасы 23-июлда башталып, 8-августка чейин созулат. Ал ойнотулган спорттун түрлөрү (33) жана категориялары (339) боюнча эң масштабдуу болуп калат. 19 миңдей спортчу катышары, аларды коштоочулар 41 миңге чейин кыскартылары айтылууда. Оюндарга чет жактан келген көрүүчүлөр киргизилбейт. Япониялыктар да расмий ачылышына жана жабылышына, Токио шаарында өткөн бардык мелдештерге кирбейт. Мындан сырткары, Токиого канатташ Сайтама, Тиба жана Канагава префектураларында да оюндар күйөрмансыз өтөт. Ошол эле маалда эпидемиологиялык кырдаал жакшы болгон Мияги, Фукусима, Ибараки жана Сидзуока аймактарында чектелген сандагы көрүүчүлөрдү стадиондорго киргизүү пландалып жатат. Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарга ыктыярчылар менен кошо 300 миң киши (190 миң Олимпиадага жана 110 миң Паралимпиада) тартылат. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 401 кишиден коронавирус табылып, 710 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, былтыркы жылдын 4-июлуна карата өлкөдө бир суткада 327 учур катталган. Жуктургандар: Бишкек – 907; Ош – 50; Чүй облусу – 175; Ош облусу – 20; Талас облусу – 13; Нарын облусу – 17; Ысык-Көл облусу – 32; Жалал-Абад облусу – 105; Баткен облусу – 82. Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 130 633кө жетип, анын ичинен 112 644 бейтап айыкты: Бишкек – 393; Ош – 81; Чүй облусу – 83; Ош облусу – 30; Талас облусу – 7; Нарын облусу – 17; Ысык-Көл облусу – 12; Жалал-Абад облусу – 66; Баткен облусу – 21. Азыркы тапта 4 001 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 151 кишинин абалы оор болсо, 169 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Өткөн суткада 37 медиктен коронавирус аныкталган. Жалпысынан оору жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 580 болду. | Sputnik_kg |
Атлеттер кечээ беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөргөн. Анын аягында жүз карашуу учурунда өзүн кармай албаган ирландиялык мушкер атаандашын сол буттап тепкен. Бирок сокку америкалыкка тийген эмес. Спортчуларды промоушендин президенти Дана Уайт жана уюштуруучулар арачалап калышты. Посмотреть эту публикацию в Instagram Публикация от ufc (@ufc) Таймаш 11-июлга караган түнү болот. UFC уюмунун 264-катардагы таймашы АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул уюмдун жеңил салмактагы атактуу мушкерлеринин үчүнчү беттеши болуп саналат. Алгач 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилген. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча Токио Олимпиадасына катыша турган лицензияга ээ болду. Бул туурасында Кыргызстандын Күрөш федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Бириккен күрөш уюму Болгариянын София шаарында өткөн турнирде индиялык спортчу Сумит Малик допингге каршы эрежелерди бузганына байланыштуу, андан кийинки орунда турган Лазаревге жолдомо берилгенин кабарлаган. Кыргызстандык балбан 125 килограмм салмак категориясында күрөшөт. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалдык баскычы аяктап, жарым финалда ойноочу курама командалар аныкталды. Түндө Англиянын курама командасы украиналыктарды 4:0 эсебинде утту. Ага чейин Дания Чехияны 2:1 эсеби менен жеңген болчу. Кечээ өткөн чейрек финалда Испания беттештин жеңүүчүсүн аныктоочу пенальтилер сериясынан Швейцарияны уткан. Ага чейин Италия ишенимдүү оюн көрсөтүп, 2:1 эсеби менен Бельгияны мелдештен четтеткен. ©
REUTERS / Stuart Franklin Евро-2020: жарым финалга чыккан алгачкы командалар белгилүү болду Эми жарым финалдык жупта Италия – Испания, Дания – Англия курама командалары беттешет. Оюндары 6-7-июлда Лондондо өтөт. Матчтар Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат. Ал эми финалдык беттеш да 11-июлда Англиянын борборуна белгиленген. Эске салсак, Евро-2020 мелдеши былтыркы жылдын жай айында өтмөк. Коронавирус пандемиясына байланыштуу мелдеш 2021-жылга калтырылган. Оюндар 11-июнда Европанын бир катар шаарларында башталган. Буга чейинки Евро-2016 мелдешин Португалия курамасы жеңген. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча Токио Олимпиадасына катыша турган лицензияга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Бириккен күрөш уюму Болгариянын София шаарында өткөн турнирде индиялык спортчу Сумит Малик допингге каршы эрежелерди бузганына байланыштуу андан кийинки орунда турган Лазаревге жолдомо берилгенин кабарлаган. Кыргызстандык балбан 125 килограмм салмак категориясында күрөшөт. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын Караул-Төбе айылына жакын жерде АН-2 учагы кулап түштү. Бул туурасында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. Окуя бүгүн, 4-июлда, эртең менен саат 07:00 чамасында болгон. Учактын күрүч талаасына дары чачып жатканда кырсыктаганы айтылат. АН-2 бир нече чакырымга учкандан кийин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра конууга аргасыз болуп, аракет кылып жатканда эгин таласынын үстүнө түшкөн. Борттун ичиндеги 67 жана 54 жаштагы эки пилот ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын Караул-Төбе айылына жакын жерде АН-2 учагы кулап түштү. Бул туурасында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. ©
Фото / пресс-служба МЧС Казахстана Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын Караул-Төбе айылына жакын жерде АН-2 учагы кулап түштү Окуя бүгүн, 4-июлда, эртең менен саат 07:00 чамасында болгон. Учактын күрүч талаасына дары чачып жатканда кырсыктаганы айтылат. АН-2 бир нече чакырымга учкандан кийин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра конууга аргасыз болуп, аракет кылып жатканда эгин таласынын үстүнө түшкөн. Борттун ичиндеги 67 жана 54 жаштагы эки пилот ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Евробиримдик АКШда өлүм жазасына мораторий киргизүүнү жактайт жана аны дүйнөдө толугу менен жок кылуу үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат кызматынын өкүлү билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд Юстиция министрлиги тиешелүү текшерүү процедураларын жүргүзүп жаткан маалда өлүм жазасын колдонууга федералдык деңгээлде мораторий жарыялаган. Ошондой эле АКШ лидери Жозеф Байден өлүм жазасын алып салууну колдой турганын жана бул мораторий маанилүү кадам болгонун билдирген."Бул көп нерсеге убада берген алгачкы кадам. Мындай практикага федералдык деңгээлде чек коюп, АКШда өлүм жазасына тартууну жокко чыгаруубузга өбөлгө болот", — деп айтылат ЕБ билдирүүсүндө. Евробиримдик өлүмгө тартууну кылмыштуулукту ооздуктоого жатпаган мыкаачылык жана адамдыктан тайган жаза деп эсептейт. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik."Талибан" согушкерлер кыймылы Афганистандын чек ара комендатурасын басып алгандан кийин 300дөн ашык афган чек арачысы Тажикстандын аймагына өттү. Бул тууралуу РИА Новости Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат борборуна таянып жазды."Ишемби күнү кечинде Афганистандын Бадахшан облусундагы Хохон, Шахрибузург Рогистон уезддеринде кырдаал оорлошуп, аталган райондун баарын "Талибан" кыймылы басып алган. Куралдуу кагылышуунун натыйжасында согушкерлер Хохон уездиндеги "Овез" комендатурасына да ээлик кылышкан", — деп айтылат маалыматта. ©
Sputnik / Сайед Али АКШ Борбор Азиянын үч өлкөсүнөн 9000 афганга баш калкалоо берүүнү суранууда Качып келген кесиптештерин тажик чек арачылары өз аймагына өткөрүүгө уруксат беришкени айтылды."Афган аскерлери куралдуу кагылышуудан кийин жеке курамды сактап калуу үчүн аргасыздан мамлекеттик чек араны "Истиклол" жана "Саригор" посту аркылуу кесип өтүшкөн", — деп жазылат кабарда. Афганистан менен Тажикстан чек арасындагы абал толугу менен тажик чек арачыларынын көзөмөлүндө экени кошумчаланды. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Cancer Research UK медициналык уюмунун адистери рак илдетинин белгилерин ооз көңдөйүнөн кантип билсе болорун айтышты. Бул тууралуу Daily Express гезити жазганын РИА Новости билдирди. Зыяндуу заттар тилде же анын астында өнүгүшү мүмкүн экени маалыматта айтылат. Адамдын тилинде кызыл же ак чекитке окшогон сезгенүү көпкө чейин сакталса, анда ал дарыгерге кайрылышы керек. ©
AFP 2021 / LOIC VENANCE Онколог рактын дарыны тоготпогон түрлөрүн атады Кооптуу ооруну эскерткен көптөгөн белгилердин катарында дарыгерлер жараны (язва) же өзүнөн-өзү жоголбогон шишикти аташты. Эгерде тилди кокусунан тиштеп алганда канап кетсе, анда бул да онкологиялык оорунун белгилеринен болушу мүмкүн. Макалада алкоголдук ичимдиктерден, тамеки чегүүдөн жана адамдын папиллома вирусун жуктуруудан улам ооздогу рактын өрчүп кетүү коркунучу көбөйөрү айтылган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Казакстанда 3003 кишиден коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып Sputnik Казакстан жазды. Аймактар боюнча: Нур-Султан шаары - 791 Алматы шаары - 391 Чымкент шаары - 169 Акмоло облусу - 105 Актөбө облусу - 78 Алматы облусу - 112 Атырау облусу - 154 Чыгыш-Казакстан облусу - 73 Жамбыл облусу - 34 Батыш Казакстан облусу - 173 Караганда облусу - 496 Костанай облусу - 53 Кызыл-Ордо облусу - 56 Мангистау облусу - 186 Павлодар облусу - 71 Түндүк Казакстан облусу - 19 Түркестан облусу - 42. Жалпысынан өлкөдө 433 931 адам коронавируска кабылган. Бир күн мурда COVID жуктургандардын саны 2800 болчу. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik."Спутник V" адамдын генине таасир тийгизбейт. Ал эми анын курамындагы аденовирустар адамдын организминде көбөйө албайт. Бул тууралуу россиялык вирусологдордун айтымына таянып РИА Новости кабарлады."Аденовирус, ал тургай жапайысы дагы биздин клетканын өзөгүнө түшкөндө эписома сыяктуу өзүнчө бирдик болуп калат. Өзөк менен ал өз ара жуурулушуп кетпейт, ДНК менен дагы андай болбойт", — деген вирусолог Алексей Аграновский. Анын айтымында, аденовирус ферменттер клеткаларында гана көбөйүшү мүмкүн, ал эми адамдын клеткаларында ал эмдөөдөн кийин эки жума гана кармалат. Биология илимдеринин доктору Сергей Нетесов кесиптешинин оюна толугу менен кошулат. Анын айтымында, "Спутник V" вакцинасы негиз катары түзүлгөн аденовирустардан геном бөлүгү алып салынган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын билдиришти."Дүйшөмбү, 19-июль арапа күнү, ал эми Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет", — деп айтылат билдирүүдө. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча республиканын аймагында индиялык штаммды жуктурган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Ага ылайык, өлкөдөгү бейтаптардан 85,7 пайызынан британиялык жана 14,2 пайызынан түштүк африкалык штаммдар аныкталган. Республикалык штаб калкты 90 пайызга чейин эмдөө аркылуу ооруну алдын алууга жана жеңил өткөрүүгө болорун билдирди. Учурда өлкөдө 130 миңге жакын киши вакцина алды. ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргызстандык вирусолог: азыр COVID адамды болушунча өлтүрбөгөнгө аракет кылууда Апрель айында министрлик Кыргызстанда коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" жана "россиялык" штаммдары жүргөнүн айткан болчу. Анализдердин жыйынтыгы Новосибирскидеги лабораториядан чыкканын белгилешкен. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму SARS-CoV-2нин төрт түрүн "тынчсыздандыруучу" тизмеге киргизген: альфа (Британия), бета (Түштүк Африка), гамма (Бразилия) жана дельта (Индия). Эксперттердин айтымында, акыркысы Ухандан чыккан вирустан да эки эсе коркунучтуу, ошого карабай дагы мутацияланып жатат. Жакында эле анын дельта-плюс түрү пайда болгон. Индиялык штамм дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө жайылган. Ал кишиге бат жугуп, ооруну тез козгоп, абалды кыйындатканы менен белгилүү. | Sputnik_kg |
"Techкыздар" долбоорунун сабактары онлайн режимде өттү. Буга чейин мектепте деле аралыктан окугандыктан онлайн билим алуу кыйын деле болгон жок. Бул тууралуу Гүлжан Эрнис кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Эрнис кызы: "Techкыздар" долбоорунун алкагында медициналык тиркеме иштелди Анын айтымында, тренингдер күнүнө бир сааттан өткөрүлгөн."Окууда санариптик көндүмдөрдөн тышкары өзүңдү өнүктүрүү, адамдар менен баарлашуу, команда менен иштешүү, креативдүүлүк жана критикалык ой-жүгүртүү боюнча да сабак алдык. Мен долбоордун алкагында SMM-таргет тармагын өздөштүрдүм. Себеби буга чейин ушул жаатка кызыгып, изилдеп жаткам. Окуунун аягында биздин команда медициналык демоверсиядагы тиркеме иштеп чыктык. Бул тиркеме аркылуу мектеп жашындагы өспүрүмдөр медициналык билим, маалымат ала алышат. Мындайча айтканда, өзүнө же жанындагыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүп, базалык маалымат берилет. Учурунда биз рынокту изилдеген эмеспиз. Кийин башка да ушул сыяктуу тиркемелерди карап чыгып, жакшы жактарын үлгү катары алып, анан продукциянын кемчиликтерин оңдодук", — деди Эрнис кызы. Ал тиркемеге жетиштүү, туура маалымат жайгаштарыш үчүн ар багыттагы медкызматкерлер менен байланышуу көп убакытты алганын кошумчалады. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти."Дүйшөмбү, 19-июль, арапа күнү, ал эми Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет", — деп айтылат билдирүүдө. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти."Дүйшөмбү, 19-июль, арапа күнү, ал эми Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет", — деп айтылат билдирүүдө. Эскерте кетсек, эреже боюнча Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 5-июлда Кыргызстандын бир катар аймактарында күн 40 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. ©
Видео / VK / Телеканал РОССИЯ 1"Россия-1" телеканалы Кыргызстан тууралуу берүүсүн тартуулады. Видео Синоптиктер күндүз өрөөндөрдө жаан-чачын болбой турганын, ал эми бир катар аймактардагы тоонун этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөрүн айтышты. Абанын температурасы Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында +35...+40, Таласта +32...+37, Баткен аймагында +37...+39, Ысык-Көлдө +26...+31 жана Нарын жергесинде +26...+31 градус болору кабарланды. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарында +38...+40, ал эми Чолпон-Атада +26...+29 градуска жетет. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Афганистан ортодогу көйгөйлөргө карабастан "Талибан"* кыймылынын согушкерлери менен сүйлөшүү жүрөт деп үмүттөнөт. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Ашраф Гани билдиргенин РИА Новости жазды. Ташкентте "Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык карым-катнаш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аталышындагы эки күндүк конференция өттү. Ага Өзбекстандын жана Афганистандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Ашраф Гани, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Еврокомиссиянын вице-президенти Жозеп Боррель, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда."Биз ортодогу оор көйгөйлөргө карабастан "Талибан" менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз. Бул үчүн болгон чараларды колдонобуз. Аларга бош келбейбиз", — деди Гани конференцияда. Ал билдиргендей, учурда Пакистандан Афганистанды көздөй багыт алган согушкерлер көп."Талибан" жалгыз жолду сунуш кылды, же алардын тарабына өтүү, же аларга багынып берүү керек", — деген Афганистандын президенти. Ошондой эле ал ар кандай эл аралык байкоочулар бир пикирге келгенине карабастан, "колдоону камсыз кылуу үчүн эч кандай аракеттерди жасабаганын" кошумчалады. ©
Sputnik / Сайед Али Эч кимге эми жеңил болбойт. Афганистандагы акыркы кырдаалга сереп Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарды ээлеп, чоң шаарларга кол салууда. Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШнын администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат. 2020-жылы Дохада Вашингтон менен "Талибан" дээрлик 18 жылдык согуштан кийин биринчи жолу тынчтык келишимине кол коюшкан. Анда 14 айдын ичинде чет өлкөлүк аскерлерди Афганистандан чыгарып кетүү жана туткундарды алмаштыргандан соң афгандардын арасында өз ара сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган. * "Талибан" – Россияда террористтик уюм катары таанылып, тыюу салынган уюм. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрүндө эртең, 5-июлда, электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди. Электр кубаты өчө турган аймактар: Саат 9:00дөн 16:00гө чейин — Мурас Ордо жаңы конушу; 9:00-17:00 — Манас, Жаш гвардия проспектилери, №38 Б темир жолу, Күрөңкеев, Элебесов, Ленинград, Аремия, Төкөлдөш, Октябрь көчөлөрүнүн бөлүгү; 9:00-18:00 — Циолковский, Осмонов, Кривоносов, Гагарин, Республика, Фучик, Лесхоз, Профессор Зима, Кудрук, Шорин, Манас, Күрөңкеев көчөлөрүнүн бөлүгү. Жибек жолу проспектиси, Мозырский, Термопольский, Долон, Жети-Өгүз тар көчөсү, Арча-Бешик конушу (Бердибаев, Кара-Кужур, Он-Арча көчөлөрү); 9:30-12:00 — Кара-Жыгач конушу (Багыш, Жетиген, Чоктал көчөлөрү); 9:30-17:00 — Аламүдүн айылы (Жаштар, №44 көчөлөрү); 9:30-18:30 — Чүй проспектиси, 7-апрель, Мамбетов көчөлөрү, Чыгыш-5 кичи районунун бөлүгү, № 3, 4, 7-14 үйлөр; 9:30-19:00 — 12-кичи район, № 57/3, 57/4, 57/5, 56-59; 12:00-17:00 — Алтын-Ордо конушу (Кадыр-Ата, Калымбетов, Алиев көчөлөрү). | Sputnik_kg |
Афганистан Ислам Республикасынын өкмөттүк күчтөр менен согушууда террорчулардын айдан-ачык ийгиликтери эл аралык консолидацияга алып келбеди, Бириккен Улуттар Уюму да тынчсыздануусун гана билдирүү менен чектелүүдө. Афганистандагы кырдаал кооптуу нукта баратат. Кабул 10-июлга караган түнү тышкы өнөктөштөрүн, айрыкча, эң жакынкы Индия менен Кытайды бөлүп атап (өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүз), афган армиясы жана күчтөрүнө террорчулук менен күрөшүүдө техникалык жактан жардамдашууга чакырды. Анткен менен өнөктөштөр өздөрүн оолак кармап, бейтараптуулукту сактоого умтулууда деп белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Ага катар эле БУУнун расмий өкүлү талибдердин Тажикстан, Иран жана Пакистан менен чек аралардагы бир катар маанилүү өтмөктөрдүн басып алышына тынчсыздануусун билдирди. Өз арбайын өзү соксун деген тейде кандайдыр бир биргелешкен көмөк көрсөтүү (тынчтык орнотуучу операциялар) тууралуу талкуу да жок. ©
REUTERS / KEVIN LAMARQUE"Байден, курал үчүн рахмат!". Афганистанда талибдерди ким колдоодо РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн апта аягында индиялык кесиптеши Субраманьям Жайшанкар менен сүйлөшүп, "талибдер Иран жана Тажикстан менен чектешкен жерлерде чек ара постторун ээлеп алышты. Мындай көрүнүштөр Афганистандын аймагында болуп жатканда эч кандай чара көрбөй жатабыз" деди. Ошону менен бирге эле Афган Ислам Республикасындагы абал Россияны союздаштарынын территориясына да жайылып кетүү коркунучунан улам кооптондурарын тактады. Индия ТИМ башчысы Афганистандагы кырдаал "чөлкөмдөгү коопсуздукка түз кесепети болгондуктан өзгөчө көңүл бурдурарын" айтуу менен "Афганистанды ким башкарбасын, ал мыйзамдуу болушу абзел" деп кошумчалады. Мурда аталган өлкөгө чектеш Кытай, Иран жана Пакистан Афганистандагы "абалдын салмактуу өзгөрүшү" үчүн чет өлкөлүк күчтөрдү иреттүүлүк жана жоопкерчилик менен чыгарууга чакырган. Бул процесс дээрлик аяктап калды. Ушул тапта талибдердин өлкөдөгү бийликти күчкө салуу менен толук басып алып, ислам республикасын "ислам эмирлигине" айлантууга алып бара жаткан чечкиндүү арыштарына күбөбүз. Азыркы өкмөт жана башка саясий оппоненттери менен Доха макулдашуусун эске албастан же колунда кандайдыр бир мамлекеттик түзүлүштүн запастык варианты жок... Жакынкы коңшулардын буга реакциясы бир кылка эмес. Табышмактуу Түркмөнстан Талибдер 9-июлда Түркмөнстан менен чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пунктун басып алып, Афганистандын түндүк провинцияларындагы ийгилигин арттырууда. Бул Ашхабадды коопсуздуктун өзгөчө чараларын көрүүгө мажбурлайт. Маалымат каражаттары түркмөн аскердик командачылыгы Марый вилаятынын түштүгүнө кошумча күчтөрдү жеткиргенин маалымдоодо. Кушка дайрасынын жээгиндеги Серхетабат калаасында танк батальон, артиллерия, атайын багыттагы күчтөр жана зооттолгон техникалуу бир нече башка бөлүктөр топтоштурулган. Анын реакциясы мыйзам ченемдүү жана күтүлгөндөй эле. Бирок Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги 11-июлда афган чек арасындагы кырдаалдын курчушу, ага куралдуу күчтөрдүн жана аскердик техниканын тартылышы тууралуу маалыматты четке какты. Ашхабад: "Эки коңшу мамлекет жана калктын достук алакасынан улам түркмөн-афган чектешкен жери достук жана кызматташтыктын чек арасы болуп саналат" деп билдирди. ©
Ruptly Афганистан азап чеккен өлкөгө айланып баратканда. Видео Чыгыш кылдаттыкты талап кылат эмеспи. Түркмөн тараптын "Талибан"* менен да тил табышып, расмий Кабул менен да коңшулук мамилесин сактап келет. "Талибандын"* өкүлдөрү 10-июлда Ашхабадга экинчи ирет барып, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Муну Катардагы талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Мохаммад Наим Вардак тастыктады. Түркмөнстан расмий Кабулдун кыжырына тийгиси келбейт, ошентсе да талибдер менен сүйлөшүүлөрдө өз ара коопсуздук маселелери жана качкындардын агымын бөгөттөө варианттары талкууланган. Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги 7-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин өкүлдөрүнүн конференциясын уюштурган. Анда Афганистандагы абалды турукташтыруу боюнча чогуу көрүлчү аракеттер талкууланган. Мурда (1-июлда) түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Чек арадан Марый жана Лебап вилаяттарындагы ракеталык орнотмолорду жайгаштыруу, Мары-2 аскердик аэродромуна кошумча авиатехникаларын, атап айтканда, чабуул коюучу, тик учак жана сокку уруучу авиатопту тескөө пунктун жеткирүү тууралуу кеп жүргөн. Катаал Өзбекстан Чектешкен Афганистандагы аскердик аракеттер күчөп турганда чөлкөмдөгү эң күчтүү өзбек армиясы (Global Firepower рейтингинин версиясы боюнча) толук даярдыкта. Ошол эле убакта Өзбекстан Республикасы ЖККУга кайтуу маселесин караган жок. Өлкө президентинин басма сөз кызматы жана анын администрация башчысынын орун басары Шерзод Асадов 12-июлдагы брифингде: "ЖККУга мүчөлүк боюнча сунуш алган жокпуз. Анан да биздин мыйзам аскердик базаларды түзүү жана мындай уюмдарга кошулууга тыюу салат", - деди. Бул билдирүү Афганистан Ислам Республикасынын азыркы өкмөтү менен алакага эч кандай залал келтирбестен Афганистандагы болжолдуу "жаңы бийлик" менен байланышка бара тургандай таасир калтырат. ©
REUTERS / JALIL AHMAD"Талибан"* – 2021". Кыймылдын абалы азыр кандай? Эгер афган тараптан чек ара эрежелерин бузуу Өзбекстандын коопсуздугуна коркунуч туудура баштаса, ак санатай бейтараптуулук ыкчам аскердик жооп берүүгө өтөт. Эске салсак, 23-июндагы талибдер менен салгылаштан бери ондогон афган чек арачы жана жоокерлери Өзбекстандын территориясына улам чегинет, принципиалдуу түрдө аларды кайрадан артка жөнөтүшөт. Бейтараптуулук болушунча катаал. Россиялык Борбордук аскердик округунун мотоаткычтар, артиллериялык инженердик бөлүктөрү Өзбекстанда жергиликтүү кесиптештери менен сириялык тажрыйбасынан бөлүшүүдө. Программада заманбапташтырылган БТР-82 зооттолгон транспортерлордун куралдарын пайдалануу менен ок атууга даярдык, чалгындоочу техникалык каражаттарды колдонуу менен артиллерия огун башкаруу, гранатометтордон көзөмөлдөөчү ок атуу көнүгүүлөрү, мотоаткычтар бөлүгүнүн курамындагы күндүзгү жана түнкү тактикалык машыгуулары камтылган. Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жакында эле ислам эмирлигинин кайтышын кабыл албай турганын, бирок афган каатчылыгынын аскердик чечими болбостугун билдирди. Анын пикиринде, Афганистан Борбор Азиянын интеграцияланган бөлүгүнө айланышы маанилүү. Мындан тышкары, "Афганистандагы тынчтык процессине чөлкөмдүк жана эл аралык бирдиктүү ыкма зарыл" экендигин да кошумчалаган. Бул – жөнгө салуунун өтө татаал схемасы. Республикада "Талибан"* расмий түрдө террордук уюм деп саналбайт, бирок Фарьяб провинциясында тартылган талибдердин тасмасында катардагы согушкерлер өзбек тилинде сүйлөшкөнү угулат. Бул Ташкент үчүн олуттуу нерседен коңгуроо кагат. Кызып турган Тажикстан Афганистандын түндүк провинцияларындагы салгылаштар, Душанбеден 150 чакырым аралыктагы чек арадагы атышуулар Тажикстанды катуу тынчсыздандырууда. Тажик армиясы түштүк чек араларын чыңдоо үчүн запастагы 20 миң аскерди кызматка чакырды. 1300дөн ашуун чакырымга созулган тажик-афган чек арадагы инженердик жабдуу үлгүлүү болуп саналбайт, түштүк тараптан 900 чакырымдан ашуун тилкени талибдер көзөмөлдөөдө. Афган качкындарынын агымы менен бирге эле дагы бир кооптуулук туулат: Тажикстанга террорчулар жана баңгизат да кириши ыктымал. Душанбе Борбор Азиядагы баш калааларга караганда "Талибанга"* карата достук мамиле кылары күмөн. ©
Sputnik / Сайед Али Борбор Азия "америкалык" афган качкындарынын айласын кантип табат? Террорчулар менен күрөштө күн сайын Афганистан Ислам Республикасынын улуттук коопсуздук күчтөрүнүн ондогон жоокери жана офицерлери набыт болууда. Афган провинцияларынын көпчүлүгүнө талибдердин чабуулу коюшу "Аль-Каиданын"* согушкерлерин активдештирди. Топ жасалма жардыргыч түзүлүштөрдү, мина коюлган автомобиль жана жан кечтилерди пайдаланууда. Жакындагы эле терактыларда ондогон аскер кызматкерлер жана жай жарандар каза болду. Мындан сырткары, Афганистанда азыр ислам мамлекетинин* Сирия жана Ирактан качкан 10 миң согушкери бар. Тажик, кыргыз, өзбек, уйгур, кавказдыктар – булардын баары чек арадан өтүп, Тажикстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө келиши мүмкүн. Афганистандан чыгарда АКШнын атайын кызматы чөлкөмгө бүлүк салууну көздөп атайын ИМ* согушкерлерин чек араларга жакын Бадахшан жана Тахарга "сээп" кеткен болсо да таңгалып болбойт. Афган согушу ЖККУга мүчө-өлкөлөргө азырынча түз өтө элек, ошентсе да Тажикстандын тургундары катуу чочулап, "Талибандын"* коңшулаш өлкөлөрдүн чек аралары бузулгус экени жөнүндөгү билдирүүлөрүнө алар ич ара маселелерин чечип алганча гана ишенүүгө болорун белгилешет."Афган казаны" жарыларын эске алсак, РФ Коргоо министрлиги соңку он күн аралыгында түштүк багытта ар кыл машыгууларды өткөрүүдө. Россия Тажикстандын коопсуздугун камсыздоо үчүн 201-аскердик базасынын бөлүктөрүн зарыл учурда тартууга даяр. ЖККУнун ыкчам тобу түздөн-түз тажик-афган чек арасында аракет этүүдө. Чечкиндүү Иран Талибдер Иран менен чек араны 9-июлда көзөмөлгө алды. Тегеран Афганистан менен чек арасына атайын багыттагы 65-аба-десанттык бригадасын жана оор зооттолгон техниканы, анын ичинде Т-72С жана БМП-2 жайгаштырган. Ошону менен бирге эле Иран Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде фронт жакындаганы менен Афганистан менен чектешкен райондордо кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдайт. Талибдер Ислам-Кала жана Абу Наср Фарахи чек ара бекеттерин басып алган соң бир нече афган адистери баш паанек издеп Иран аймагына өтүшкөн. ©
AP Photo / Alexander Zemlianichenko Талибдер Афганистанды башка өлкөлөргө кол салуу үчүн колдонбоого убада берди Иран Ислам Республикасынын Бажы башкармалыгы талибдер басып алгандан кийин Афганистан менен чек арадагы көзөмөл пунктулары аркылуу экспорттук жүктөрдү ишканаларга жөнөтпөөнү кескин түрдө өтүнгөн. Тегерандын афган "эмирлигинин түптөөчүлөрүнө" мамилеси өзгөчө. Шииттик Иран талибдердин "мамлекетинин" фундаменталисттик сунниттик үлгүсүн кабыл алууга даяр эмес. Анан да бир топ жылдан бери "Талибан"* (ал тургай өлүм жазасы да чек арадагы курьерлерди тизгиндебей келет) тескеп келген афган наркотрафигине каршы катуу күрөшүп келет. БУУнун маалыматына таянсак, афган наркобарондорунун жылдык кирешеси – 70 млрд. доллардын терегегинде. Алар талибдерге апийим өстүрүү жана сатууга киргизилген "салыктын" 10%ын төгөт. Америкалыктар чыгып кеткен соң бул көйгөй дагы күчөйт. Эгер баңгизат өндүрүшү толук жоюлса, Афганистанда калктын 95 пайызы жакырланат. Андан улам Ирандын жакынкы келечегинде чектешкен өлкөдөгү "жаңы бийликтен" Иран жарытарлык нерсе күтпөйт. Пакистан, Кытай, Индия – Азиянын "табышмактуу үчтүгү" Талибдер менен мамиледе "ак тактар" баарынан Кытай, Пакистан, Индия менен көбүрөөк. Афганистан менен чектешкен үч өлкөнүн жалпы калкынын саны – 3 миллиарддан ашуун, Кабулга аскердик-саясий жана экономикалык таасири эбегейсиз. Эгер Пекин, Исламабад жана Нью-Дели биргеликте аракеттенсе, анда Афганистандагы согуш өткөн кылымда эле биротоло аяктап калмак. Талибдер ок жаадырып турганда бир сутка ичинде 160 афган аскер кызматкери Пакистандын аймагына өттү. Дал ушул мамлекеттин колдоосу менен 1994-жылы "Талибан"* кыймылы жаралып, бачым эле күчкө толгон (эки жыл өтпөй Кабулду алган). ©
AFP 2021 / NASEER SADEQ Союздаштар кол сунат: тажик-афган чек арасында ЖККУнун ыкчам тобу иштөөдө Ал эми бүгүнкү күндө Исламабад "окуучуларына" эч кандай таасири жоктой түр көрсөтөт. Бирок бул уюмга тектеш "Аль-Каида"* уюмунун түптөөчүсү Усама бен-Ладен өмүрүнүн аягына дейре Абботтабаддагы Пакистан аскердик академиясынын 1 300 метр аралык нары жайгашкан тамда үй-бүлөсү менен жашаганы белгилүү. Бул кандайдыр "негизги баалуулуктары" жана террордук уюмдардын башкарылуусун ачык айгинелеп турат. Албетте, Борбордук жана Түштүк Азиядагы Пакистандын кызыкчылыктары көп учурда Кытай менен Индияныкына шайкеш эмес. Индия жана Кытай өнүгүүдө атаандаш, улуттук кызыкчылыктарында "афган картасын" пайдаланууга ниеткер. Кытайлык Global Times гезити: "Маанилүү кошуна жана ири держава катары Кытай мында алакан куушуруп отурбайт, афган маселелеринен четте кала албайт", - деп жазды. Канткен күндө да өз жолу менен барат. Бул эмнени туюндурат? Financial Times басылмасынын маалыматына таянсак, Кытай Афганистанда талибдерге кызматташууну сунуштаган, бирок ал үчүн уйгурлардын "Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы" менен кызматташуудан баш тартууга тийиш. Мында Пекинди талибдердин идеология жана мамлекеттик долбоорлору эмес, Улуу Жибек Жолунун болочогу, экономика түйшөлтүшү мүмкүн. Индия чечкиндүү түрдө Кабулдагы азыркы өкмөт менен кызматташууга ниеттенип, мыйзамсыз "Талибанга"* карата дипломатиялык реверанстарды кабыл албайт. Ошентип, жогоруда баяндалган бул үч чектеш жана күчтүү өлкө Афганистанда туруксуздук узакка созуларын гана кепилдейт. Ал эми анын кесепети жакынкы коңшулардын ар бирине тийиши ыктымал. * – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюмдар. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Автоэксперт Вячеслав Субботин автоунааны техникалык жактан текшертип, каратарда чыгым болбош үчүн эмне кылуу керектигин Sputnik радиосуна айтып берген. Адис автоунаанын кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин ээси расмий сервиске кайрылып, көрсөтүлгөн регламенттик иштерди жасатып турушу керектигин белгилеген."Кепилдик мөөнөтү бүтөрүнө аз калгандагы акыркы эки тейлөөнү расмий борбордон эмес, адистештирилген станциялардан жасаткан жакшы. Себеби фирма борборунун акысы кымбат. Өзүң деле тейлеп, карасаң болот. Бирок бул ишти кепилдик мөөнөтү бүткөндөн кийин жасоо керек", — деген Субботин. Адис автоунааны каратуу, текшертүүдөн деле акча үнөмдөсө болорун белгилеген. Себеби кээде анча маанилүү эмес пункттар кошулуп кетет. Маселен, тизмеден тормоз системасын чаңдан тазалоо сыяктуу пайдасыз кээ бир нерселерди чийип салса болот. Адистердин айтымында, чаң тормоз басуудан пайда болот. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Жакын арада борбор калаада күн дагы ысыйт, андыктан көчөгө көп чыкпай, сак болуп, ден соолукка көз салуу зарыл. Бишкек мэриясынын мындай эскертүүсүн алардын маалымат кызматы таратты. Муницпалитет шаардагы ишкана ээлерине өздөрүнүн кызматкерлери, кардарлары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берип, муздак суу, кондиционер — желдеткич менен камсыз кылууну сунуштаган."Урматтуу шаардыктар, мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгы узак убакыт көчөдө, күндө жүрбөш керектигин эскертип жатат. Жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийип, суу ичүү тартибин сактап, тамакты аз-аздан, бирок тез-тез жеп туруу керектигине кеңеш берди", — деп жазылат кайрылууда. Мэриянын маалымат кызматы ордо калаада күн сайын саат 10:00дөн 19:00гө чейин фонтандар иштеп жатканын кошумчалады. ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Жаан жаайбы? Алдыдагы аптага аба ырайы"Ала-Тоо" аянтындагы жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтандар 21:00гө чейин иштейт. Алар эки жума сайын тазаланып турат. Филармониянын алдындагы фонтан тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу иштебейт", — деп айтылат маалыматта. Мэрия ысыкка байланыштуу бак-дарактардарды сугаруу жана көчөлөрдү жууган иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын кабарлады. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо участкадан тыш добуш берүү үчүн 3 992 адамдан арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. ©
Sputnik / Алексей Майшев БШК Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жиберди Мыйзам боюнча алар шайлоодон бир күн мурун, тагыраак айтканда, эртең, 10-июлда, жактырган партиясын шайлайт. Мындай укук Бишкек шаарында 2 602, Ошто 1 168 жана Токмокто 222 шайлоочуга берилген. Бул категорияга майыптыгы бар жана үйдөн чыга албаган улгайган адамдар кирет. Ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, алыскы жайлоодо жүргөндөр кошулат. Калктуу конуштан алыс жайгашкан аскерлер, шайлоо күнү кызмат өтөгөн ИИМ кызматкерлери да көчмө урна аркылуу добуш берет. | Sputnik_kg |
Рыспаеванын айтымында, стюардесса болууну эңсегендер биринчи кезекте англис жана башка тилдерди мыкты билиши керек. Анан, албетте, ден соолугуң чың болушу зарыл. Алгач Дубайга жөн гана сатуучу болуп иштегени барган Перизат кантип стюардесса болуп калганы, борт кызматкерлеринин милдеттери, аталган кесиптин ысык-суугу тууралуу Sputnik Kyrgyzstan радиосуна берген маегинде кененирээк айтып берди. — Алгач өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз? Каякта чоңойдуңуз, кайсы жерден билим алдыңыз? — Караколдо төрөлүп, өстүм. Ошол жердеги Ленин мектебинде билим алып, Бишкектеги жогорку окуу жайда экономика жана менеджмент бөлүмүндө окудум. Ал эми журналистикага Караколдо жүргөн кезимде аралашып калгам. Кастинг аркылуу өтүп, телеканалда музыкалык көңүл ачуучу программаны алып барып калдым. Кийинчерээк мени Бишкектеги журналистика боюнча мектепке жиберишип, билим алгандан кийин жаңылык, дебаттарды алып барып, бул тармакка олуттуу кириштим. Ошентип 2009-жылдан баштап 2013-жылга чейин телевидениеде эмгектендим. Башында Караколдогу Антен ТВда, андан соң 5-каналдын Ысык-Көлдөгү аймактык кабарчы, Бишкекте жүргөндө таңкы программанын редактору, жаңылыктардын кабарчысы болчумун. ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Рыспаева: жүргүнчүлөрдүн бир чекиттен экинчи чекитке аман-эсен жетип алышын камсыздоо биздин негизги милдет — Анан кантип авиация тармагына келип калдыңыз? ©
Фото / предоставлено Эруланом Кокуловым Эрулан Көкүлов: мактанчаак, бетпаксың дешет, иштеген киши ошондой болот — Мектепте окуп жүргөндө эле 1-класстан баштап англис тилин жакшы окутушту. Каракол туристтик шаар болгондуктан, чет элдиктер келсе эле шаар жөнүндө маалымат берип, сүйлөшө калчумун. Андан тышкары, ар кандай чет элдик долбоорлордо ыктыярчы болуп иштедим. Бул аракеттер англис тилин дагы да терең өздөштүрүүгө жардамын берди. Бирок тилди унутуп калбаш үчүн дайыма сүйлөшүп туруу зарыл эмеспи. Бишкекте иштеп жүргөндө 21 жашта элем, англис тилин жакшылап үйрөнүп келейин деп чет мамлекетке чыгууну пландагам. Ал кезде байкем Дубайда жашачу. Бир күнү Дубайдагы аэропорттогу дьюти фриде (Duty Free) жакшы шарты менен жумуш табылып калды. Анын үстүнө ошол кезде Дубай дүңгүрөп катуу чыгып жаткан. Ошентип эки жылдык контракт менен кетип калдым. Иш үстүндө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген экипаждарды көрдүм. Алар дүйнөдөгү гигант авиакомпаниялардын кызматкерлери эле. Жүргүнчүлөр борт кызматкери болбойсуңбу, бардык критерийлерге жооп бересиң деп ойлонтуп коюшчу. Көрсө, муну авиакомпаниянын кызматкерлери эле айтып жүрчү экен. Андан соң интернеттен компаниялар тууралуу маалымат жыйнай баштадым. 2013-2014-жылдары авиакомпаниялар чоң мейманканаларда ачык эшик өткөрүп калышты. Ал жерге резюмесин таштап калыш үчүн 3-4 миңдей улан-кыз келет. Мен да бир күнү чыгынып эртең менен барып, түштөн кийин 3-4төрдө араң анкетамды бергенге жетиштим. Алар улутум, канча тил билеримди, буга чейин кайда иштегенимди сурашты. Анан колуңду өйдө көтөргөндө манжаңдын учуна чейин боюң 212 сантиметрге жетсе аталган кызматка жарактуу болот экенсиң. Ошентип сыртка чыгып таксиге отурарым менен экинчи турга өттүң деп чалышты. Мына ушундай турлардан кийин авиакомпания өзү эки ай окутат. Жыйынтыгында экзаменден өткөндөн кийин лицензия берилет да, анан учуп баштайсың. ©
Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой Стюардесса: эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак учуу деп рекорддук көрсөткүч болгон. Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз — Эки айдын ичинде эмнелерди үйрөтөт? ©
Фото / из личного архива Мээрим Калкамановой Кувейтте стюардесса болуп иштеген Мээрим: каттам сайын суроо берип текшеришет — Биздин компаниянын 10 миңге жакын борт кызматкери бар. Бизнес кеңейген сайын жаңы самолёттор келе берет, ал эми ошого жараша кызматкерлер талап кылынат. Ошондуктан компаниянын адистерди даярдоо боюнча өзүнүн окутуу системасы болот. Теория, практика бирдей үйрөтүлөт. Ал үчүн атайын жасалма учак, симуляторлор бар. Ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү да окутулат. Биринчи жардамдан дагы олуттуу жардам керек болуп, жакынкы аэропорттон алыс болсок, дарыгерлердин кызматына чалып алардын инструкциясы менен бейтапка жардам беребиз. Бул жаатта жылына бир жолу аттестациядан өтөбүз. — Стюардесса болуп иштеген алты жылдын ичинде канча саат, канча рейс учуп, канча өлкөгө бардыңыз? — Былтыр санаганымда ушул жылдар аралыгында 72 мамлекетке барыптырмын. Бир айда 90-100 саат учам. Болгону былтыр коронавирустан улам каттамдардын саны кыскарып, азыраак учтук. Ал эми канча шаарга барып жана канча рейс жасаганымды санай элекмин. Өтө көп. Борт кызматкерлери ар кандай багытта уча берет. Мисалы, бир жолу учкан экипажың менен кийин таптакыр көрүшпөй калышың мүмкүн. Дайыма эле кайсы бир мамлекетке учкан учурлар болбойт деле. Алты континентке бирдей кете беребиз. ©
Sputnik / из личного архива Перизат Рыспаевой Рыспаева: былтыр санаганымда алты жыл ичинде 72 мамлекетке барыптырмын. Бир айда 90-100 саат учам — Стюардесса кайда учарын ким жана кантип тандайт? — Автоматташтырылган системага ылайык бир ай мурда учуу расписаниесин алабыз. Кызматкерлер көп болгондуктан муну адамдар бөлүштүрбөйт. — Кызматкерлерди кандай өзгөчөлүктөрүнө карап алышат? Моделдик агенттиктерден тандашабы деген да суроо туулат. Укканым боюнча боюнан баштап тырмагынын түзүлүшүнө чейин карайт экен. Чындыгында эле сырткы келбет боюнча талап катуубу? — Туура айтасыз. Борт кызматкери боло турган адамдын денесинин ачык жеринде татуировка, тырык болбошу керек. Жогоруда айтып өткөндөй, 212 сантиметрге колуң жетсе анда жарактуусуң. Анан жумушка орношкондон кийин ар бир авиакомпаниянын өзүнүн талаптары болот. Алсак, башка компаниялар стюардессанын чачынын жасалгасы, макияж, маникюруна олуттуу талап койбойт. Жакшынакай көрүнүп турсаң болду деши мүмкүн. Ал эми мен иштеп жаткан Qatar Airways дүйнөдөгү алдыңкы беш авиакомпаниянын бири. Талап өтө жогору. Бирдей униформа, теринин өңүндөй колготки киебиз. Макияж, тырмактын түсүнө да чектөө бар. Ачык өңдөр колдонулбайт. Кыска иймек тагынабыз, майда чачтар чыгып калбашы зарыл. Айтор, өтө тыкан болушуң керек. Ар бир рейстин алдында чогулуш болуп турат. Анда имидж бөлүмү келип башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшерет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат. — Борт кызматкерлердин ичинде кыздар басымдуулук кылса керек? Мырзалар бул жумушка чыдамдуу келишеби? ©
AFP 2021 / GREG BAKER Кыргыз баланын сөөгүн тик учакка жүктөп. Афганистандан Кувейтке кеткен Берметтин баяны — Авиакомпаниянын жүзү бул борт кызматкерлери эмеспи. Компаниянын атын укканда дароо жүргүнчүлөрдү тейлеген стюардессаларды элестетебиз. Сырткы келбетке жана ишибизге талаптын жогору болгону мына ушундан. Бул талаптарга көбүнчө мырзалар чыдай албай кетишет. Россия, Араб өлкөлөрүндө аскердик кызматын өтөгөн кесиптештерим бул жерге караганда армияда тартип, талап жеңилирээк деп айтып калышат. Чыдабагандар көп учурда биринчи контракт бүткөндөн кийин кетишет. Кызматкерлер көп, менимче, алардын 80-85 пайызын кыздар түзөт. — Ишке киришип жатып кандай үмүт арттыңыз эле, акталдыбы? — Стюардесса болууну кыялданган эмесмин. Себеби өтө оор жумуш, иштей албасам керек деп ойлочумун. Бирок алардын жумушу тууралуу укканда менин деле колуман келерине ишенип жаткам. Жумушка орношууга барганда да, тимеле укмуш, бойлору узун, татынакай талапкерлерди көрүп ичимен мени алышпаса керек деген ой болду. Эмнегедир жактырып, өтүп кеттим. Бирок мен саякаттоону көп кыялдангам. Баргым келген мамлекеттердин тизмеси бар эле. Улам көрүп келген сайын чийип коём. Мурда көрбөгөн мамлекетке бара турган болсом, алдын ала даярданып, эс албастан дароо шаар айланып көрүп чыгам. ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Рыспаева: чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет — Тасмаларда жумуш өтө оор деле көрүнбөйт. Татаал бөлүгү кайсы? ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Усубалиевди сүйүнтүп... Мурдагы стюардесса кесибинин сырларын ачты — Адамдар менен иштегендиктен ар биринин көңүлүн таап, алардын психологиясын түшүнө билүү чындыгында кыйын эле. Узак сапарларда жүргүнчүлөрдүн тамагын берип, суранычтарын аткарып, суроолоруна жооп беребиз. Айрым адамдардын "силердин жумушуңар чай, кофе ташуу менен чектелет, борт кызматкерлери асмандагы официанттар" деген пикирлерин көп эле угуп калам. Ушул индустрияга аралашып иштеп баштагандан бери менин көз карашым өзгөрдү. Себеби учактын ичине 200 адам кирсе алардын коопсуздугун карап аман-эсен жеткирүү биздин башкы максатыбыз. Анткени учакка биринчи отургандар болот, ооруп калышат же өнөкөт дарты кармап калат. Ар бир жүргүнчүнүн саламаттыгына көз салып, керек болсо биринчи жардам көрсөтөбүз. Учак эң коопсуз транспорт деп эсептелет. Ошентсе да экипаждын мойнунда чоң жоопкерчилик болот. Албетте, абада жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн абдан чоң команда иштейт. Бул пилоттор, жердеги техникалык инженер, диспетчер, учактын ичин тазалагандар жана башка адистер. Ал эми борт коштоочулардын жумушу психологиялык жактан оор деп айтат элем. Баарыбыз эле жүргүнчү катары кетип баратканда учак кармалса, аба ырайынан улам учпай калса дароо борт коштоочуларга кыйкырабыз. Анан чарчабай ар бирине кичинекей балага түшүндүргөндөй чоо-жайын айтып беребиз. Кандай гана абал болбосун жылмайып, эмоцияңды көрсөтпөйсүң. — Стюардессаларга жаш боюнча чектөө барбы? — 21 жаштан баштап стюардесса болуп иштесе болот. Ал эми Америка, Британиянын авиакомпанияларында улгайган стюардесса апалар бар. Биринчиден, ал жакта жаш боюнча чектөө жок, экинчиден, биз сыяктуу айына 90-100 саат учушпайт. Алар кыска сапарларды тейлейт. Кадимки жумушка барып келгендей эле иштешет. Борт коштоочулук алардын негизги кесиби. Ал эми Ортоңку Чыгыштагы компанияда иштеген менин кесиптештеримдин 99 пайызынын кесиби башка. Саякаттоо же тажрыйба топтоо максатында келип, кетишет. ©
Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой Стюардесса: инструкцияны аткарбаган адамдар кыжырды келтирет — Өзгөчө кырдаалдарга кандай даярдык көрөсүздөр? — Учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат. Авариялык эшиктерди ачып, жүргүнчүлөр чыгарылат. Авиация эбак өнүккөн Европа өлкөлөрүндө экипаждын мүчөлөрүнө көз караш башкача. Алардын айтканын так аткарбаса туура эмес бир нерсе болуп кетерин, эгер авариялык абал болсо, борт коштоочулар өмүрүн сактап каларын билишет. Ошондуктан аларды урматтап, сыйлашат. Ал эми анча өнүгө элек өлкөлөрдө адамдардын түшүнүгү, аң-сезими ошол нерсеге жете элек. Алдыңкы өлкөлөргө учканда жүргүнчүлөр минтсем, тигинтсем болобу деп сурашат, ал эми өнүгүү жолундагы мамлекеттин адамдары көбүнчө өзүм билемдикке салышат. — Сиздин тажрыйбаңызда өзгөчө кырдаалдар болду беле? Абалдан кантип чыктыңыз? — Биздин авиакомпания эң акыркы үлгүдөгү жаңы чыккан учактарды алат. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдарга туш болгон жокмун. Болгону бир жолу учактын дөңгөлөгү чыкпай калышы мүмкүндүгүн, жерге катуу конорубузду айтып калышты. Жүргүнчүлөргө билдирбей кабинаны даярдап турдук. Мында самолёт курсагы менен жерге сүрүлүп, өрт чыгып же шосседен чыгып кетиши мүмкүн эле. Бирок кудай жалгап андай болгон жок. — Экипаждын ортосунда кандайдыр сүйлөшүү тили барбы, балким "сленг" колдоносуздар? — Авиацияга байланыштуу техникалык сөздөр менен гана сүйлөшөбүз. ©
Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой Стюардесса: учуунун алдында авиакомпаниянын имидж бөлүмү бизди башыбыздан бутубуздун учуна чейин карап, текшеришет. Эгер кайсы бир кызматкердин бетине безетки же учук чыгып калган болсо, рейстен алып коюшат — Ал эми тамак-аш жөнүндө эмне айтууга болот. Учактын тамагын жейсизби? Кызматкерлердин менюсу өзгөчөлөнөбү же жүргүнчүлөрдүкүндөй элеби? — Экипаждын тамагы жүргүнчүлөрдүкүндөй эле. Жер-жемиш берилет. Учактын тамагын кээде жейм, айрым учурда үйдөн атайын тамак даярдап алам. — "Көйгөйлүү" жүргүнчүлөр көп кездешеби? — Ооба, алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди. Кээ бир жүргүнчүлөр бир нерсени жарылып кетчүдөй болуп сурай албай, айта албай отурган болот. Мен ачык адаммын. Андыктан адамдардан эмне жакпай жатат, эмне болду, баары жакшы элеби деп сурап турам. Айрымдары ашыкча чай же суу сурагандан уялышат. Бул адамдарды түшүнүү менен карап, тилин тапканга аракет кылам. — Жүргүнчүлөр кандай кылыктары менен кыжырыңызды келтирет? — Инструкцияны аткарбаган адамдар болот. "Учканы жатабыз курду тагыныңыз, столду жабыңыз" деп суранганда эмнеге, эмне үчүн же өзүм билем дегендер болот. Кээде турбуленттуулук болуп жатканда баспай, отуруңуз деп айтсаң, "а сен неге отурбай басып жүрөсүң" деп талашып-тартышат. Бул эми билимдин жетишсиздиги, маданиятсыздыктын белгиси деп айтат элем. Менин байкаганым боюнча айтсам, чоң кызматтагы адамдар, чоң мамлекеттердин министрлери, падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү, бизнесмендер, тескерисинче, таптакыр жөнөкөй, айтканыңды ашыкча сүйлөбөй аткарышат. Анткени биздин иш-аракеттин себеби бар экенин билишет. Кылар ишиң жок, тийишип, курулай айтып жаткан жериң жок да. Адамдар ушул нерсени түшүнсө. Бирок маданиятсыз адамдарды дароо ордуна коёбуз. Бара-бара адамдар жүргүнчү болуунун этикасын үйрөнүп жатышат. ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Рыспаева: алгач мен үчүн адамдар менен сүйлөшүү оор болду. Бирок мурда журналистикада жүргөнүмдүн пайдасы ошол жерден тийди — Биздин жүргүнчүлөр менен чет элдиктер ортосунда жүрүм-турум жагынан айырмаланышабы? ©
Фото / Артем Громаков Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги — Биздин жарандар менен жүргүнчү болуп эле учпасам, экипаждын мүчөсү катары уча элекмин. Байкаганым учак конору менен уруксат бериле электе эле курду чечип тура калып, чыгууга шашышат. Курду тагын деген белги өчмөйүнчө турууга болбойт. Себеби учак толук токтошу зарыл. Багажды ачып жүктөрүн алышат, экипаждын отургула деген сөзүн кулакка илишпейт. Кежирликти коюп, коопсуздукту да ойлой жүрүшүбүз керек деп айтат элем. Ал эми Казакстан, Өзбекстандын жүргүнчүлөрүн коштоп учтум. Таң калып карашат. Россиялыктар да орус тилин кайдан билесиз деп көп сурашат. Биздин компанияда Орто Азиядан кызматкерлер аябай аз болчу. Орусча сүйлөгөн адамды жолуктурсам, бир тууганымды көргөндөй эле сүйүнчүмүн. Азыр азиаттар көбөйүп калды. — Учак жарым-жартылай толуп же бир эле жүргүнчү менен учкан учурлар болобу? — Ооба, өзгөчө былтыр пандемия учурунда жүк, дары-дармек, ошону менен бирге үч-төрт жүргүнчү менен учуп калдык. Өткөн жылы чоң компаниялар гана учуп жатты. Мындай көрүнүш гигант компанияларда болчу эмес. ©
Фото / из личного архива Перизат Рыспаевой Рыспаева: учак сууга же жерге шашылыш конушу мүмкүн. Эгер өзгөчө кырдаал болуп, самолёт аман-эсен жерге конуп алса, экипаждын чыныгы жумушу мына ошондо башталат — Кандайдыр бир бонус, премия берилеби? Виза жагы кандай болот? — Премия берилбейт. Бирок башка авиакомпанияларга салыштырмалуу айлык акы көбүрөөк. Себеби биз мамлекетке салык төкпөйбүз. Маянаны толук алабыз. Визага келе турган болсок, башында айрым мамлекеттерге, мисалы, Сингапур, Австралияга биринчи жолу кирип жатканда каттоодон өтөбүз, ал эми Америкага дипломат, экипажга атайын виза берилет. Калган башка мамлекеттерге лицензия менен кире беребиз. Жаныбызда дайыма паспорт, экипаждын мүчөсү деген сертификат болот. Паспортко ар бир учууда мөөр басылбайт. — Тажрыйбаңызда эң узак жана эң татаал сапар болдубу? — Татаал деп айтпайм. Эң узун рейс Жаңы Зеландияга болду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң узак сапар деп рекорддук көрсөткүч болгон. Мындан тышкары, Дохадан Окланд шаарына 18 саат учканбыз. | Sputnik_kg |
Видеодон аба кемесинин сыныктарын, жалын, кара түтүндү көрүүгө болот. Белгилей кетсек, С-130 үлгүсүндөгү учак Холо аралындагы Сулу провинциясына кулаган. Филиппиндин коргоо министри Делфин Лорензанунун айтымында, кырсыктан кеминде 29 адам каза таап, 50дөй киши жабыркаган. Дагы 17 жарандын тагдыры белгисиз болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын ичинде 92 адам болгон. Филиппиндин куралдуу күчтөр штабынын начальниги кырсыктын себеби катары учак учуп-конуучу тилкеге коно албай койгонун айтты. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеште бүгүн чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө курал-жарак берип, ден соолугун камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Жыйында депутат Самат Исманов ыйгарым укуктуу өкүлдөргө маяна төлөгөндөн көрө атайын даярдыктагы жоокерлерди тартуу керектигин айтты."Кыргыз-тажик чек арасында ар дайым жаңжал, жоготуулар болуп жатат. Эмнеге сиздер жаңы жоокерлерди (атайын даярдыктагы жоокерлер — ред.) албайсыздар. 140 чек ара ыйгарым укуктуулардын эмне кереги бар сиздерге? Алар эмне иш кылат, түшүнбөй жатам, маалымат жеткирип туруу үчүнбү? Маалыматты өзүңөр агенттер аркылуу иштеп алсаңар болот да. Эмне иши үчүн аларга маяна төлөйсүңөр. Анда сиздердин ыкчам бөлүм каякты карайт?" — деди Исманов. Ошол учурда төрага Талант Мамытов депутаттын сөзүн бөлүп, этияттап сүйлөөгө чакырды."Кээ бир маселелерди бир аз этияттасаңар. Анткени спецификасы бар. Суроону ылгап берсек, анткени бул өтө аялуу маселе. Чек ара баарыбыздын көйгөйүбүз, ынтымакта, жарандарыбызды коопсуздугун камсыздоо менен чечишибиз керек. Бүгүн ошондой аракеттер жасалып жатат", — деди төрага. Андан соң Исманов, эң башкысы, ыйгарым укук өкүлдөрүнө курал бергенден кийин Чек ара кызматына алгылыктуу жардам бере турган болсо эле мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. Андан соң депутат Өмүрбек Бакиров бул мыйзам долбоорун жабык эшик артында кароону сунуштады. Бир саамга созулган талкуудан кийин төрага депутаттарга кайрылып талкууну токтотуп, мыйзам долбоорун өткөрүп жиберүүгө чакырды. Натыйжада депутаттар колдоп, суроо берилген жок. Чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр эмне иш кылат? Алар чек араны кайтаруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат. Бул кызматка чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашаган жана чарба иштери менен алектенген адамдар эмгек келишимдин негизинде алынат. Чек ара ыйгарым укуктуулар барууга кыйын, алыскы жана начар корголгон тилкелерде мамлекеттик чек араны ыкчам коргоо жана чек арачыларга кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылат. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Жакын арада борбор калаада күн дагы ысыйт, андыктан көчөгө көп чыкпай, сак болуп, ден соолукка көз салуу зарыл. Бишкек мэриясынын мындай эскертүүсүн алардын маалымат кызматы таратты. Муниципалитет шаардагы ишкана ээлерине өздөрүнүн кызматкерлери, кардарлары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берип, муздак суу, кондиционер, желдеткич менен камсыз кылууну сунуштаган."Урматтуу шаардыктар, мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгы узак убакыт көчөдө, күндө жүрбөш керектигин эскертет. Жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийип, суу ичүү тартибин сактап, тамакты аз-аздан, бирок тез-тез жеп туруу кеңешин беребиз", — деп жазылат кайрылууда. Мэриянын маалымат кызматы ордо калаада күн сайын саат 10:00дөн 19:00гө чейин фонтандар иштеп жатканын кошумчалады. ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Жаан жаайбы? Алдыдагы аптага аба ырайы"Ала-Тоо" аянтындагы жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтандар 21:00гө чейин иштейт. Алар эки жума сайын тазаланып турат. Филармониянын алдындагы фонтан тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу иштебейт", — деп айтылат маалыматта. Мэрия ысыкка байланыштуу бак-дарактарды сугаруу жана көчөлөрдү жууган иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын кабарлады. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеште бүгүн чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө курал-жарак берип, ден соолугун камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Жыйында депутат Самат Исманов ыйгарым укуктуу өкүлдөргө маяна төлөгөндөн көрө атайын даярдыктагы жоокерлерди тартуу керектигин айтты."Кыргыз-тажик чек арасында ар дайым жаңжал, жоготуулар болуп жатат. Эмнеге сиздер жаңы жоокерлерди (атайын даярдыктагы жоокерлер — ред.) албайсыздар. 140 чек ара ыйгарым укуктуулардын эмне кереги бар сиздерге? Алар эмне иш кылат, түшүнбөй жатам, маалымат жеткирип туруу үчүнбү? Маалыматты өзүңөр агенттер аркылуу иштеп алсаңар болот да. Эмне иши үчүн аларга маяна төлөйсүңөр. Анда сиздердин ыкчам бөлүм каякты карайт?" — деди Исманов. Ошол учурда төрага Талант Мамытов депутаттын сөзүн бөлүп, этияттап сүйлөөгө чакырды."Кээ бир маселелерди бир аз этияттасаңар. Анткени спецификасы бар. Суроону ылгап берсек, анткени бул өтө аялуу маселе. Чек ара баарыбыздын көйгөйүбүз, ынтымакта, жарандарыбызды коопсуздугун камсыздоо менен чечишибиз керек. Бүгүн ошондой аракеттер жасалып жатат", — деди төрага. Андан соң Исманов, эң башкысы, ыйгарым укук өкүлдөрүнө курал бергенден кийин Чек ара кызматына алгылыктуу жардам бере турган болсо эле мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. Андан соң депутат Өмүрбек Бакиров бул мыйзам долбоорун жабык эшик артында кароону сунуштады. Бир саамга созулган талкуудан кийин төрага депутаттарга кайрылып талкууну токтотуп, мыйзам долбоорун өткөрүп жиберүүгө чакырды. Натыйжада депутаттар колдоп, суроо берилген жок. ©
Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Чек арачылардын айлыгы канчага көбөйөрү айтылды Чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр эмне иш кылат? Алар чек араны кайтаруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат. Бул кызматка чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашаган жана чарба иштери менен алектенген адамдар эмгек келишимдин негизинде алынат. Чек ара ыйгарым укуктуулар барууга кыйын, алыскы жана начар корголгон тилкелерде мамлекеттик чек араны ыкчам коргоо жана чек арачыларга кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылат. | Sputnik_kg |
Сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн жер алдынан суу алуучу скважиналарды колдонуу зарыл. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Радио Жаныбеков: ирригацияны жакшыртууга жылына 5 миллиард сом керек Анын айтымында, учурда скважиналарды баланска алуу үчүн инвентаризация жүргүзүлүүдө."Дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо үчүн ирригациялык фондду каржылап, оңдоо керек. Маселен, чарба аралык канал, суу топтогуч жана башкаларды жакшы абалда кармоо үчүн жылына беш миллиард сом каражат керектелет. Жок дегенде мунун 40-50 пайызын тапсак, ирригациялык системаны акырындан жакшыртууга мүмкүндүк түзүлөт. Буга утурлай, бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып кышкы мезгилде суу топтоо шарт. Ал үчүн суу сактоочу курулмаларды көбөйтүү зарыл. Маселен, Чүй облусундагы суу топтоочу курулмаларды долбоорлоого 100 миллион, ал эми курулушу үчүн жети миллиард сом талап кылынат. Учурда бул иштерге акча издөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, союз мезгилинен калган ыкманы - жер алдынан суу алып колдонуу керек. Тилекке каршы, союздан калган скважиналар учурунда жергиликтүү бийликтин балансына өткөн эмес. Азыр аларды инвентаризация кылып, баланска алуу аракеттери көрүлүүдө. Ошондой эле сугат сууну үнөмдүү пайдаланууну колго алуу үчүн тамчылатуу ыкмасын, жаңы технологияларды колдонуу жолго салынат", — деди Жаныбеков. Министр Чүй облусунда Ортоңку Чүй каналын куруу боюнча чечим кабыл алынганын кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: | Sputnik_kg |
Баалар autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (баалар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарынан алынды. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир машинанын орточо наркы чыгарылды. Эң көп сатуудагы автоунаалар: Honda Odyssey; Subaru Outback; Toyota Ipsum; Honda Stepwgn; Honda Stream; Toyota Caldina; Volkswagen Passat B5; Mercedes W203 C-класс; Audi A6; Suzuki Liana. Көбүнчө Honda Odyssey, Toyota Ipsum жана Honda Stepwgn кымбаттап, орто эсеп менен 200-500 долларга өскөн. Башкаларынын баасы ар кандай. Мисалы, 1999-жылы чыгарылгандары 300 долларга кымбаттаган, бирок ушул эле моделдин жылы эскилери, тескерисинче, арзандаган. | Sputnik_kg |
Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Россиянын ӨКМи Ми-2 үлгүсүндөгү тик учак кырсыктаганын, жерге катуу түшүп, бирок талкаланбагандыгын билдирди. ©
Фото / ГУМЧС Росси по Кабардино-Балкарской Республике 4-июлда Кабардин-Балкар Республикасындагы Прохладный шаарынын жанына аба техникасы кырсыктаганы боюнча кабар куткаруучуларга саат 10:20да айтылган 4-июлда Кабардин-Балкар Республикасындагы Прохладный шаарынын жанына аба техникасы кырсыктаганы боюнча кабар куткаруучуларга саат 10:20да айтылган. Тик учактын эшиктери ачылган тейде калып, анын ичинде учкучтар жок болуп чыккан. Алардын абалы тууралуу маалыматтар азырынча айтыла элек. ©
Фото / ГУМЧС Росси по Кабардино-Балкарской Республике Тик учактын эшиктери ачылган тейде калып, анын ичинде учкучтар жок болуп чыккан. Алардын абалы тууралуу маалыматтар азырынча айтыла элек Агенттик тик учактын талаага түшкөндөн кийинки асмандан, капталынан, жанынан тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. Анда сапсары болуп бир нече гектарга созулуп жаткан күн карама өскөн талааны жана анын ортосуна түшкөн тик учакты көрүүгө болот. Аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин тиешелүү бөлүмү иликтөө иштерин баштаган. Маалыматта тик учактын авиациялык-химиялык иштерди жасоо үчүн абага көтөрүлгөнү айтылган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов Токиого жөнөй турчу курама команданын талкууга түшкөн параддык формасы тууралуу үн катты. Аны менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүйлөштү. Эске салсак, кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барган. Форманын сүрөттөрү интернетке тарап, оймо-чийме жана сакура түшүрүлгөн кадимки ак чапанды сынга алып, башкачараак кийим кийишсе болмок деген ойлорун айтышкан. УОКтун өкүлү Эргешов маанилүү оюнга үч форма тигилгенин айтты. Биринчиси оюндун ачылыш аземинде кие турчу параддык кийим. Экинчиси спорттук форма, анда кийимдин 15 түрү бар, муну спортчулар Олимпиада шаарчасында жүргөндө, машыгууга, мелдешке барганда кийип жүрүшөт. Үчүнчүсү атайын спорттук кийим, муну мелдешке чыкканда, күч сынашканда кийишет."Параддык форманы Дилбар (дизайнер Ашимбаева — ред.) тигип берди, бир жагында кыргыздын улуттук символикалары, экинчи жагында Япониянын маданиятынын символикасы бар. Негизги максаты — өлкөлөрдүн тыгыз достугун, биримдигин көрсөтүү. Ал эми 2016-жылы Олимпиадага чыккан чапаныбыз көпчүлүктү кызыктырып, популярдуу болгон, ошон үчүн бул ирет да суртюкту тандадык. Бул жөнөкөй Олимпиада эмес, бир жылга жылдырышты, андан кийин болот-болбойт деп жатышты, спортчулар да сарсанаа болуп жүрдү. Токидо өзгөчө кырдаал экенине карабастан өткөнү турат, бул үчүн Японияга чоң рахмат. Жалпыбыздын майрамыбыз деген мааниде ошондой форма кийип чыгалы дегенбиз", — деп билдирди Эргешов. Ал параддык форманын бирөө 95 миң сом турушу кымбат дегендер боюнча да оюн айтты. ©
Фото / пресс-служба НОК РК Кошуна өлкөлөр олимпиадачыларына кандай форма тигип берди. Сүрөттөр"Дилбарга терең ыраазычылык, бир айдын ичинде тигип берди. Ал Лондон жана РИО Олимпиадаларында да тигип берген, бул жолу да ишеним арттык. Оюндун өтүшү арсар болгондуктан кээ бир мамлекеттер тиккенге жетишпей калды, алар ачылыш аземинде жөнөкөй спорттук кийим менен чыгышат. Ар бир форма 95 миң сом экен деп да талкуулап жатышат. Буга бюджеттен акча кеткен жок, Улуттук олимпиада комитети менен демөөрчүлөр каржылады. Кездемелер кымбат, дизайнерлердин эмгек акысы да бар. Биздин демөөрчүлөр спортчулардын кийимдери үчүн 2000 доллардан дагы берүүгө даяр", — деди УОК өкүлү. Спорттук жана атайын спорттук формаларды Кытайдын Tectop жана ата мекендик Bigser Sport компаниялары тиккенин кошумчалады. Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алган. Дагы бир спортчу Паралимпиадага лицензия уткан. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү экономикалык жактан Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү үчүн пайдалуу. Мындай пикирди Евразия элдер ассамблеясынын башкы катчысы, РФтин эмгек сиңирген экономисти Андрей Бельянинов билдирди. Ал "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жолдору" деп аталган Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан — Бишкек видеокөпүрөсүнүн алкагында сүйлөдү. Экономисттин айтымында, улуттук валютадагы эсептешүүлөргө өтүү иш жүзүндө болушу керек."Эгерде биз бардык эсептешүүлөрдө евро жана долларды пайдаланбай койсок, ошондой эле SWIFT системасын башкасына алмаштырсак, анда ар кандай тобокелдиктерди азайтып, товар жүгүртүүнү алдыга жылдыра алабыз. Доллар арбитр катары гана кызмат кылып калышы мүмкүн, бирок иш жүзүндө эсептешүүлөрдү камсыз кылган программаларда биз тобокелдиктерден алыс болобуз. Бул өтө маанилүү", — деген Бельянинов. ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Кытай ЕАЭБ менен соода-сатыкты күчөтүүгө даяр экенин билдирди Сөзүн бышыктоо үчүн ал кош конвертацияны мисал келтирип, мындан улуттук валюталар менен эсептешүү аркылуу арылууга болорун белгиледи."Маселен Беларуста жашаган жарандар пенсияны Россиядан алат деп коёлу. Россия америкалык биржадан доллар сатып алып, Беларуска которот. Беларусь долларды ошол эле биржадан беларусь рублине алмаштырат да, пенсионерлерге берет. Эки тараптан да ашыкча чыгым болуп жатат. Мындайдын кимге кереги бар, белгисиз", — деген Бельянинов. Анын айтымында, мамлекеттер аралык эсептешүүлөр системасы улуттук валютага өтүүгө толук чамасы жетет."Бул эгемендүүлүк парады эмес, бул бардык ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн пайдалуу экономикалык иш. Анын үстүнө биз буга чейин иштеп жаткан аянтчада каалаган өлкөлөр менен мындай эсептөөлөрдү жүргүзө алабыз", — деп сөзүн жыйынтыктады ал. Бельянинов буга чейин Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн багыттары жана кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүү боюнча пикир бөлүшкөн. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Корумду — Балбай жолунун курулушу эки эсе кымбат бааланып жатканын билдирди. Эл өкүлү 104 чакырымдык Балыкчы — Корумду жолун 6,8 миллиард сомго кымбат курган деп айыптап, ошондой эле премьер-министр Темир Сариев, транспорт министри Аргынбек Малабаев кызматтан кеткенин айтып, бул долбоор андан эки эсе кымбатка түшкөнүн билдирди."Депутаттык комиссия түзүп, кымбат болуп кетти деп Сариев менен Малабаевди кетиргенбиз. Азыр эки эсе кымбат салып жатабыз. Анда тигилерди кайра алып келиш керек. Бул долбоордо Чолпон-Атадай шаарды кесип өтпөйт, Долинкадагыдай коммуникацияларды кылбайт. Аралыктары алыс, бирок эки эсе кымбат. Кредиттин пайыздык коюму да жогору. Жол салуу эмес эле казынага кол салуу болуп жатпайбы. Эки жолго эки баа, 65 миллион доллар жана 135 миллион доллар. Бирок категориялары бирдей", — деди Момбеков. Балыкчы — Корумду жолун бюджеттин эсебинен салыктардын баары төлөнүп курулганын, мында кредитке, салык төлөбөй салууга белсенип жатышканын сындады. ©
Фото / пресс-служба Минэкономики КР Корумду — Балбай жолун реконструкциялоо. Кувейт фонду менен келишим түзүлдү Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев бул долбоорго жаңы критерийлер кошулганын айтты."Мурда төрт тилкелүү болгондо ортосуна тосмо коюлчу эмес, азыр Корумду — Балбай жолуна тосмо орнотулат. Андан сырткары, 81 чакырымы тротуар, веложол, жарыктандыруусу менен жасалат. Бул сметалык баасы, тендер өткөндөн кийин баасы түшөт. Балыкчы — Корумду жолунун курулушу боюнча тендер 6 жыл мурун өткөн да. Мында веложол менен тротуардун кенендиги төрт метр болот", — деди Кайынбаев. Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушунун жалпы наркы 128 миллион долларды түзөт. Каражат чет өлкөдөн насыя катары алынат. | Sputnik_kg |
Өлкөдө учурда 200дөн ашык санаторий жана курорттор иштеп, ооруларды алдын алууда жана реабилитациялык багытта кайрылгандарды кабыл алат. Бул тууралуу Акбарали Махмадиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Радио Махмадиев: Кыргызстан Орто Азияда курорттук ресурстар боюнча биринчи орунда Анын айтымында, курорттук ресурстарыбызды туура колдоно албай жатабыз."Кыргызстан курорт ресурстары жана курорттук-санаториялык мекемелери менен Орто Азияда биринчи орунда турат. Бул биздин негизги байлыгыбыз. Тилекке каршы, ал ресурстарыбызды туура колдоно албай жатабыз. Себеби курорттук-санатордук жайлардын баары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине карабайт. Болгону Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту гана министрликтин карамагында. Өлкөдө 200дөн ашык санаторий жана курорт иш жүргүзөт. Булардын баары убагында жеке менчикке өтүп кеткен. Учурда "Аврора", "Жыргалаң", "Жети-Өгүз", "Көгүлтүр Ысык-Көл" сыяктуу жайларыбызга чет өлкөлөрдөн келип дарыланып кетишет. Курортология институтундагы илимий изилдөө иштери ар кимдин өзүнүн демилгеси, мүмкүнчүлүгүнө жараша болуп калды. Илимди өнүктүрүү жаатында каражат бөлүнбөгөнүнө байланыштуу келечектеги абалыбыз оор болушу ыктымал", — деди Махмадиев. Ошондой эле дарыгер курортология тармагында кадр саясатын туура жүргүзүү, жаш адистерди даярдоо зарылдыгы турганын кошумчалады. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында (ТҮРКПА) азербайжан тилине которулган "Кыргыздар" жана "Манас" эпосунун негизинде жазылган китептердин бет ачары болду. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат борбору билдирди. ©
Фото / пресс-служба ТЮРКПА Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында (ТҮРКПА) азербайжан тилине которулган "Кыргыздар" жана "Манас" эпосунун негизинде жазылган китептердин бет ачары болду"Манас" боюнча китепти азербайжанча аталган элдин адабиятчысы жана акыны Адил Жамил жазган. Китептерди коомчулукка тааныштыруу 3-июлда "Азербайжан жана Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу иш-чаранын учурунда болгон. ©
Фото / пресс-служба ТЮРКПА Китептерди коомчулукка тааныштыруу 3-июлда "Азербайжан жана Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу иш-чаранын учурунда болгон Кыргызстан менен Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган жыйында өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара кызматташуунун маанилүү аспектилери аныкталды. Депутаттар жемиштүү кызматташуунун негизи болгон орток тарыхый жана маданий мурастардын маанилүү экендигин белгилешти. ©
Фото / пресс-служба МИД КР Кыргыз-азербайжан алакасы жаңы деңгээлге чыгат. Казакбаев Бакудан кайтты Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, ошондой эле Азербайжандын Милли Межлисинин депутаттары, "Азербайжан - Кыргызстан" парламенттер аралык жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты. Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысынын орун басары Каныбек Иманалиев жазган "Кыргыздар" кыргыз элинин тарыхына, маданиятына жана мурасына арналган. Чыгарма буга чейин алты тилде басылып чыккан. Адил Жамил "Манас" эпосунун жалпы сюжетин өзүнүн поэтикасы, өзүнүн ою, таланты менен жазып, азербайжан окурмандарына тартуулаган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Европа бир ирет колдонуучу пластик буюмдарды пайдаланууга толугу менен тыюу салганын Euronews жазды. Мындай мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Ал Евробиримдиктин бардык мамлекеттерине рыноктон пластик буюмдардын бардыгын алууга жана 2021-жылдын 3-июлунан тарта аларды чыгарууга тыюу салууга милдеттендирген. Өлкөлөргө колунда болгон пластиктердин запасын сатып түгөтүүгө бир жыл убакыт берилет да, андан соң аталган мыйзам орноп, аны кыйшаюусуз аткарууга туура келет. ©
REUTERS / YARA NARDI Рим папасына пластик бөтөлкөлөрдөн папамобиль жасалат ЕБдеги бельгиялык депутат Фредерик Ристин айтымына караганда, аталган биримдикте бул кадам менен пластиктен жасалган, бир гана жолу колдонуп, ыргытыла турган буюмдарга тыюу салынат. Алар тамак жей турган ашкана буюмдары, шариктердин таякчалары, кофе аралаштыргычтар, азык салган контейнерлер ж.б. оокаттар. Депутат пластик таштандынын 80 пайызын ээлерин, деңиз, океандарды булгап, сууда уулуу заттарды пайда кыларын айткан. Андан сырткары, деңиз жаныбарларынын жана адамдын өмүрүнө кадимкидей кооптуулук жаратып жатканын кошумчалаган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Дарыгер Владимир Хорошев жылаңайлак жүрүүнүн пайдасы жана ага кандай жер ыңгайлуу экенин Sputnik радиосунун обосунда айтып берди. ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги Буттун таманында биологиялык активдүү чекиттер арбын жайгашкан. Адам жылаңайлак басканда биологиялык активдүү чекиттерге массаж болуп, ал организмге таасир этет. Хорошевдин айтымында, алгач жылаңайлак жүрүүгө ыңгайлуу жер таап алуу керек. Буга эң жакшы вариант - шагыл. Башкача айтканда, таштак жер. Чөп менен кумда да бут кийимди чечип басса болору айтылды."Кумда деле, чөптө деле жылаңайлак жүргөн пайдалуу. Бирок таштак жердики абдан жакшы. Мындай жерде таманга эле массаж болбостон, муун дагы машыгат",— деген дарыгер. Медик эң жакшы шарт түзүлгөн учурда дагы жылаңайлак эки-үч сааттан ашык баспаш керектигин эскерткен. Себеби көп адамдар май тамандуулук менен жабыркайт. Дарыгер бут кийими жок асфальтта, бетондо жылаңайлак жүрбөш керектигин баса белгилеп, эскерткен. | Sputnik_kg |
"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, ит короого келген аюудан коркпой, аны айланып-тегеренип ойной баштаган. Жаныбарлар бири-бирин кубалап, жытташып, айтор, "оюну" болжол менен жети мүнөткө созулган. Бактыга жараша, эки жаныбардын жолугушуусу жакшы аяктап, эч ким жабыркаган эмес. Кокустан короо кайтарган ит аюуну тиштеп алганда жырткыч үй жаныбарын оңой эле өлтүрүп коймоктугу жазылган. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Шейшемби күнү тоолуу райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градусту түзөт. | Sputnik_kg |
Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков келип, атасы тууралуу маек куруп кетти. — Улуу жазуучунун бала кезин эскерсек... — Атам 1912-жылы төрөлүп, 17 бир туугандын кичүүсү болгон. Бирок чечектен улам 16 бир тууганынын он бири каза болуп калыптыр. Ошол себептен ата-энеси ырымдап атамды улам бир үйгө катып, орун которуп аман алып калышкан экен. Ысымын да "түгөл болсун" деген ниетте Түгөлбай деп коюшкан. Балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өтүптүр. Кадимки Үркүндө атам төрт гана жашта болсо да андагы кыйын күндөрдү, окуялардын баарын эстеп калган. Ал эмес эки жашында казандагы ысык сүткө түшүп калганын да унутпай айтып берчү. Атамдын эске тутуму абдан күчтүү эле. Кичинесинде да баладай болуп ойноп кетпей, айылдагы аксакалдардын сөзүнө кулак төшөп отурчу экен. Ушундай куйма кулак болуп өсүптүр. ©
Фото / из семейного архива Сыдыкбековых Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен — Үркүн тууралуу айтып бергендери эсиңизде барбы? — Үркүндөгү элдин башына түшкөн мүшкүлдө көргөн-билгендерин жазып да кеткен. 1916-жылы жаңылбасам август айында атам апасы менен Текести көздөй тентийт. 1917-жылы Кеңеш өкмөтү орноп, атамдар 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтышкан. Ошол кезде Кең-Сууда Василий Коровин аттуу билимдүү орус көпөс болгон экен. Ал Ак падышанын убагында Кытайда дипломат катары кызмат өтөгөн дешет. Кийин кандайдыр бир себептер менен фермер болуп кетиптир. Ошентип Кеңеш өкмөтү келген маалда Коровин жергиликтүү кыргыздардан жумушчу издейт. Ошол убакта атам алты жашта, ал эми өзүнөн 18 жаш улуу агасы Түмөнбай 23 жаштан өтүп калган куракта экен. Василий эмне айтса эле Түмөнбай агабыз "жасай алам, колумдан келет" дей бериптир. Ошентип Коровин атамдын агасын жана атамды малайлыкка алып, атамдар анын үйүндө туруп калышкан. Мунун баары китепте жазылуу. Башка жазуучулардан айырмаланып, бул киши баштан өткөн оор күндөрү жөнүндө китеп чыгарган. 1972-жылы 60 жашында чыккан "Жол" жана кийин 80ден ашып калганда "Бел-белес" деген чыгармаларында өзү жөнүндө абдан жакшы жазып кеткен. "Жол" романында жазылгандай, атам кичинесинде көл жээгинде балдар менен ойноп жүрүп да Лев Толстойдун, Александр Пушкиндин китебин колунан түшүрбөй окуптур. Ошондо жанындагы балдар "ой, бул китепти сен түшүнө алмак белең. Муну чоң кишилер окуйт" десе, атабыз "мен муну түшүнөм, керек болсо өзүм да ушундай китеп жазам" дечү экен. Кийин билим алуу үчүн шаарга да эрте эле келет. Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев болуп бир жатаканада турушкан. Бул туурасында "Маркумдар үнү" чыгармасында Көчкөн Сактанов жакшы сүрөттөп берген. ©
Фото / Александр Федоров Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өткөн — Апаңыз менен кандайча баш кошуптур? — Экөө таанышкан мезгилди да так айтып бере албайт экенмин. Энем Асылгүл ак сөөк, Байтиктин тукумунан болот. Кеңеш өкмөтү келгенде апамдын ата-энеси балдарын сактап калуу үчүн ар кимдин үйүнө бөлүп беришиптир. Ошентип ата-энем 17 жашында баш кошушкан. Экөө кайдан таанышканын деле билбейм, бирок эң сонун жуп боло алышты. Үйгө дайыма киши көп келгендиктен апамдын дасторкону жыйылчу эмес. Азыркыдай телефон чалып, барсам болобу же бүгүн бошсузбу демей жок. Мейман каалаган учурда келчү. Пейил башка эле. Келип ээн-эркин бакылдашып отуруп кетишчү. — Түгөлбай атанын чыгармачылыктан тыш кызыккан, алектенген нерсеси болгонбу? — Атам жазуучу болбосо бизнесмен болмок деп ойлойм. Ишкерликке шыгы бар экендиги Василий Коровиндин колунда жүргөндө эле билинген экен. Ошондо эле бал челек кармаганды өздөштүрүп, бир катар иштерге көзү жеткен тетиктигин далилдептир. Кийин үйдө деле кара жумуштан каччу эмес. Колу бошой калганда бактарды бутап, жер казып, көп жумуштарды кылар эле. Огороддо бир ишти жалгыз жасап жатсам, агаларыма караганда атам жардамдаша койчу. ©
Sputnik / Александр Федоров Сабырбек Сыдыкбеков: атамдын бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу — Кандайча жазуучу болуп калган? — Менин колумда атамдын "Мен 1000 жыл жашадым" деген китеби турат. Китеп көркөмдүк жактан жакшы жазылгандыгын айтып, минтип атаган себебин сурагам. Ал киши: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан. Ал киши элибиздин жайлоодогу турмушу, оттогон жылкылар, желеде байланган кулундар көз алдынан кетпесин айтчу. Ошол китепте өзү тууралуу да жазылган. Атам кичинесинен эле улуу жазуучулардын китебин көп окуп, кийин ооруп калганы да жазуучу болуп калышына себепчи болсо керек. Алгач Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуп жатканда кургак учук менен ооруп калып, Фрунзеге келип редакцияда иштеп калган эмеспи. Бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу. — Чыгармаларынын аркасында бир катар бут тосууларга атаңыз да кабылса керек? ©
Sputnik / Табылды Кадырбеков Бообек Ибраевдин уулу Марат Ибраев: ата-энем мен үчүн көпкө урушуп жүргөн экен — "Көк Асаба" VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп берген чыгарма. Кыргыз тарыхы жазылган китепти атам 1970-жылдары, ошол убактагы оор кырдаалга, бут тосууларга карабай жазып, чыгарган. Алгач журналга чыгармадан акырын үзүндү чыгарса, ал дароо коомчулукта талкуу жараткан. Ал кезде тарыхты жазууга тыюу салынган эле да. Бир жолу атам жыйындан маанайы жок, капаланып келди. Себебин сурасам "эч нерсе билбеген немелер мага тарыхты үйрөтүп жатат" деген. Ушул романы үчүн бир нече айга созулган дискуссиялар болду. Ал кезде билимдүү интеллигенттер деле кыргыздын тарыхын билчү эмес. Ошондой талкууларда "Түгөлбай, сен "кыргыздар Енисейден көчүп келген" деп айтып жатасың. Ал кезде учак же темир жол жок болсо, кантип көчөт?" деп сурагандар да болгон. Аны уккан атамдын оозу ачылып, таң калып келчү. ©
Sputnik / Александр Федоров Залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан "Мен 1000 жыл жашадым" китеби тууралуу — Жазуучунун балдары тууралуу айтсаңыз? — Биз төрт бир тууганбыз. Үч уул жана бир карындашыбыз бар болчу. Уулдардын эң кичүүсү менмин. Азыр 74 жаштамын. Эң кичүү карындашым Динара 2006-жылы оорудан улам көз жумду. Өзүнүн кесиби психолог эле. Аскар байкемдин өлүмү да трагедиялуу болду. Ал техника жаатында инженер болуп эмгектенчү. Ал эми кесиби сүрөтчү Арстан байкем да көлдөн сууга чөгүп кетип, өтүп кетти. Азыр жалгыз калдым. Динара карындашым окумуштуу, философ жана психолог Арон Брудныйга турмушка чыккан. Атам кезегинде "менин күйөө балам уникалдуу адам" деп калар эле. Чын эле укмуш киши болчу. Ал да каза болуп калды, аттиң... — Арты кайырлуу болсун... Түгөлбай Сыдыкбековдун чыныгы шакирттери ким болгон? — Убагында үйгө бир топ жазуучулар келчү. Көбүнүн көзү өтүп кетти, теңи аксакал болуп калышты. Ортодогу түшүнбөстүктөр менен ар кандай окуялардан улам тарыхта жазуучулардын да бөлүнгөн учурлары кездешет. ©
Sputnik / Асель Сыдыкова Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл: 33 жыл өттү, дале жүрөк ыйлайт Атам менен жазуучулар Кеңеш Жусупов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев жана Салижан Жигитов жакшы катышчу. Жазуучу Көчкөн Сактанов менен акын Анатай Өмүрканов да атам менен жакшы мамиледе эле. Айтматов да жаш кезинде атама келип кол жазмаларын көргөзгөн учурлары болгон. Атам да аны колдогон. Бирок кийин "Биринчи мугалим" фильми тартылганда атам режиссёр Александр Кончаловскийге абдан нааразы болду. "Кыргыздарды өтө эле жапайы көрсөтүп коюптур. Тасмага бизде жок айрым каада-салттарды киргизип салган" деп жаман көрдү. Фильмдеги айрым кадрларга, мисалы, эки адам сүйлөшүп жатса бирөө сууга заара ушатканына ачуусу келип, "кыргыздарда эч качан мындай болгон эмес" деп калчу. Анткени атам кыргыздын нарк-насилин мыкты билген адам эле. Ал эми Айтматов ал кезде алгачкы фильми тартылгандыктан бул жагын байкабай калганбы, анысын билбейм. Кыскасы, атам ушул жагына катуу каршы турду. Анан кинонун билермандары атама "сиз эмнеге анчалык ачууландыңыз. Бул фильм дүйнөлүк сынактарда сыйлыктарга татып, кыргызды таанытат, көрөсүз" дешти эле атам "минтип таанылуунун кереги жок" деген. Ошондон Чыңгыз Төрөкулович экөөнүн мамилеси бир аз сууй түштү. Бирок кийин Айтматов бир нече ирет үйгө келип, үйдө экөөнүн баарлашып отурганына күбө болгом. Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан. ©
Sputnik / Чернов Сабырбек Сыдыкбеков: Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан — Атаңыз үйдө чыгарма жазууга кайсы убакта киришип, кандай шартта жазар эле? — Атамдын кабинети 2-кабаттагы китепканасынын жанында болчу. Эртең менен эрте туруп, ары-бери бир аз басып, анан жумушка киришчү. Ал кезде компьютер жок, үйдө атайын жазган машинка болор эле. Биз уктап жатсак, күнүнө машинканын тарсылдаганы угулуп турчу. Ошентип түшкө чейин жазып, анан анысын өз алдынча окуп чыкчу. Аскар байкемдин кызы бир ирет: "Анда үйдө чоң атам экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Анан эле чоң атамдын кабинетинде бакылдашкан эле үндөр чыгып калды. Барып акырын карасам, атам креслодо отуруп алып, өзү менен өзү сүйлөшүп жатыптыр", — дейт. Чынында ал киши чыгармасындагы диалогдорду ушинтип текшерчү. — Балдарына көңүл бурууга убактысы жетчү беле? ©
Фото / из личного архива Азата Акматова Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам — Ооба, бурчу. Бирок чынын айтканда дайыма эмес. Мурда кыргыз мектептер жетишсиз болчу да. Бул маселени атам бир нече ирет көтөргөн. Бизге да "ай, силер орус мектепте окуп жатасыңар. Кыргызча үйрөнгүлө, кийин ит болосуңар" дечү. Биз "макул" деп коюп эле, нары барып орусча сүйлөшүп кете берчүбүз. Бирок кийин эне тилибизди жакшы билбегендиктен чын эле уят болгон учурлар болду. Арстан байкемдин жубайы орус. Балдары да кыргызча түшүнгөн менен сүйлөй албайт. Атам айылда өскөндүктөн кыргыздын салт-санаасын жакшы билчү. Алы-күчү бар кезде бизге да көп нерсе үйрөтчү. Үйдөгү эркек балдар карындашыбыз бир аз эрке болгондуктан урушуп койчубуз. Анан атам "ай, антпегиле. Кыз кишинин тагдыры башка болот. Бул конок, сыйлагыла" деп айтчу. Ушундай майда-барат нерседен өйдө үйрөтүп, салтты түшүндүргөнгө аракет жасачу. — Ар бир адамдын көздөгөн тилеги бар эмеспи. Улуу жазуучу эмнени жасоого жетишпей калды? — Атамдын эки кол жазмасы китеп болуп чыкпай калган. Анан да романдары жазылып акырына чыкпай турат. Ал киши өмүрүнүн аягында Паркинсон дарты менен ооруп калбадыбы. Ошол себептен иштөөгө мүмкүн болгон жок. Азыр чыгармаларынын томдугун чыгарсак жана үй музейин уюштурсак деп жатабыз. Өзү жашап кеткен үйүн музей кылуу ниетибиз бар. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Коронавирустун "индия" штаммы ичеги карын-ашказан оорусу барларга да көйгөй жараткан учурлар кездешүүдө. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты Зухра Павлова Sputnik радиосуна айтып берген."Эгерде ашказан, ичеги жакта көйгөй болсо, вирус сөзсүз таасирин тийгизет . Иммундук ткандын 80 пайызы ичегилерде экендигин эске алсак, бул системанын жөн калбашы турган иш", — деген ал. Павлова мындай көрүнүш былтыр да кездешкендигин айтты. ©
Sputnik / Виталий Белоусов Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги"Ичеги карын, ашказанына (вирус – ред.) таасир эткендер да кездешкен, бирок алар жыт менен даам билбей калгандарга караганда аз болгон", — деди медик. Дарыгер "индия" штаммынын дагы бир "ачылышы" — адамдын кулагынын укпай калышына себепкер болорун билдирди. Анткен менен мындай маанайдагы билдирүүнү мурдараак башка окумуштуулар да айтышкан эле. Жакында Москванын социалдык өнүктүрүү боюнча мэри Анастасия Ракова "индия" штаммы каптагандан тарта коронавирустун жыт, даам сезбей калуу, кургак жөтөлүү сыяктуу белгилери аз кездеше баштагандыгын белгилеген эле."Дельта" деген аталышка ээ болгон коронавирустун "индия" штаммын былтыр, октябрь айында, Индиядан аныкташкан. Эми ал дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да тарап, миллиондогон адамдарды кооптондуруп жатат. Анткен менен Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург "Спутник V" вакцинасы берген антителонун запасы бүгүнкү күндөгү бардык штаммдардан сактоого жетишерин белгилеген. | Sputnik_kg |
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Коронавирустун "индия" штаммы ичеги карын-ашказан оорусу барларга да көйгөй жараткан учурлар кездешүүдө. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты Зухра Павлова Sputnik радиосуна айтып берген."Эгерде ашказан, ичеги жакта көйгөй болсо, вирус сөзсүз таасирин тийгизет. Иммундук ткандын 80 пайызы ичегилерде экендигин эске алсак, бул системанын жөн калбашы турган иш", — деген ал. Павлова мындай көрүнүш былтыр да кездешкендигин айтты. ©
Sputnik / Виталий Белоусов Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги"Ичеги карын, ашказанына (вирус – ред.) таасир эткендер да кездешкен, бирок алар жыт менен даам билбей калгандарга караганда аз болгон", — деди медик. Дарыгер "индия" штаммынын дагы бир ачылышы — адамдын кулагынын укпай калышына себепкер болорун билдирди. Анткен менен мындай маанайдагы билдирүүнү мурдараак башка окумуштуулар да айтышкан эле. Жакында Москванын социалдык өнүктүрүү боюнча мэри Анастасия Ракова "индия" штаммы каптагандан тарта коронавирустун жыт, даам сезбей калуу, кургак жөтөлүү сыяктуу белгилери аз кездеше баштагандыгын белгилеген эле."Дельта" деген аталышка ээ болгон коронавирустун "индия" штаммын былтыр, октябрь айында, Индиядан аныкташкан. Эми ал дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да тарап, миллиондогон адамдарды кооптондуруп жатат. Анткен менен Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург "Спутник V" вакцинасы берген антителонун запасы бүгүнкү күндөгү бардык штаммдардан сактоого жетишерин белгилеген. | Sputnik_kg |