text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
Ата Мекен партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагнозу маалым болду. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-августта медициналык борбордо анын баш мээси, бел омурткасы текшерилди. Текебевге коюлган диагноз: Аортанын жана жүрөк кан тамырлардын атеросклерозу (атеросклероз кан тамырлардын кандайдыр бир бөлүгүн холестерин жана май басып, кандын жүрүүсүнө тоскоол болот); карынчанын экстрасистолдук аритмиясы (аритмия жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу); 2-даражадагы жогорку кан басым; калкан безинин зобу, эутиреоз (эутиреоз бездин көлөмүнүн чоңоюшу).Текебаев 47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган. Эске салсак, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан.
Saat_kg
Тажикстандын Шаартуз райондук соту он кишиге ВИЧ-инфекциясын жуктурган сойкуну бир жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Аты-жөнү айтылбай жаткан аял өзүнүн бир нече кардарына атайылап ооруу жуктурган деп айыпталып жаткан.7-августтагы отурумда прокурор айыпталуучуну эки жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Бирок сот аялдын кылганына өкүнүп, мындан ары сойкулук менен алектенбей тургандыгы жөнүндөгү айткандарын жана үй-бүлөсүнүн экономикалык абалы оор экенин эске алып, ага карата жазаны жеңилдетти. Эми он күндүн ичинде соттолгон аялдын туугандары жана адвокаты өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана алышат. Аялдын өзү 30 жашта жана анын эки баласы бар. Ал 2014-жылдан бери ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборунда каттоодо турганына карабастан, күйөөсү менен ажырашкандан кийин интимдик кызматтарды көрсөтүүсүн уланта берген. Анын айрым кардарлары телефон чалуулар жана смс-билдирүүлөр аркылуу аныкталган. Тергөөчүлөрдүн билдиришинче, алардын баары Шаартуз районунун тургундары жана көбүн үйлөнө элек жаштар менен үй-бүлөлүү кишилер түзөт.
Saat_kg
Бишкек шаарындагы бир топ маршруттук каттамдардын багыты өзгөрдү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Манас проспектисинин Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылганына байланыштуу маршурттук каттамдардын багыты өзгөрдү. 102, 104, 118, 132, 148, 167, 170, 188, 200, 204, 215, 216, 264,265, 266, 269, 295, 223, 203 кичи автобустары Горький, Панфилов, Бөкөнбаев көчөлөрү менен жүрүп, андан ары мурунку багыты менен жолун улантат. Ал эми 262 маршрутка Асаналиев, Москва, Бейшеналиев көчөлөрү, Чүй проспектиси менен барып, андан ары мурунку каттамда багытын улайт.
Saat_kg
Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүргөн киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу ИИМдеги өз булактар жана Акрамовдун туугандары билдирди. Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамов 4-августта иш бөлмөсүндө өлтүрүлгөн. Дилшод Акрамовду өлтүрүүгө шектелген киши атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Маалыматтарга караганда, тарип сакчы жеке жаңжалдан улам устат жетекчисине кол салган. Бул киши Акрамовдун иш бөлмөсүнө кирип, алгач бетине кислота чачкан, андан соң денесине бир нече жолу бычак сайган, деди Дилшод Акрамовдун туугандарынын бири. Анын айтымында, Дилшод Акрамов дагы коргонуу үчүн шакиртине 2-3 жолу бычак урууга үлгүргөн. Жетекчисин өлтүргөн киши кармалып, ооруканада терезеден боюн таштап мерт болгон. Ага карата Мыкаачылык менен атайлап киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.40 жаштагы Дилшат Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.
Saat_kg
Макмалалтын комбинатынын кенин иштетүүгө инвесторду тандоо боюнча сынакты 2018-жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызалтын ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти. Атайын ведомство аралык комиссия түзүп, анын курамына тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүн, 5 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүн жана Тогуз-Торо районунун акимин кошуу сунушталууда. Кыргызалтындын филиалы Макмалалтын Жалал-Абад облусунун калкы 22 миңге жакын Тогуз-Торо районунун бюджетти түзүүчү жалгыз ишканасы болуп эсептелет.
Saat_kg
8-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18+23, күндүз +32+37;Таласта түнкүсүн +12+17, күндүз +30+35;Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18+23, +32+37;Ысык-Көл облусунда тункүсүн +12+17, күндүз +25+30;Нарында түнкүсүн +9+14, күндүз +28+33;Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21+23, күндүз +35+37 градуска жетет.
Saat_kg
Бүгүн, 7-августта Ош-Жидда багыты боюнча Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу, 18 чи рейс ыйык Мекке шаарына учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Учурда 17-каттам Бишкек-Медина, Ош-Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча учуп, болочок ажылар ыйык жайларда өздөрүнүн ажылыкка тиешелүү ибадаттарын аткарышууда. Бүгүнкү күндө ажылардын бардыгы Мекке шаарындагы мейманканаларга жайгашышып, 2 маал ысык тамак, ыйык Харам мечитине ташуучу автобустар менен камсыз болушту, -деп айтылат маалыматта.
Saat_kg
Таластагы Алмалуу жайлоосунундагы өрт эки тараптан өчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт башталгандан бери Алмалуу тоосундагы 10 гектар жайлоо жана Манас токой чарбасынын 20 гектар жайыт жери күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө жалпы 496 адам тартылган. Мурдараак жайыт жерлер күйсө, азыр токой чарбасына да өтүп жатат. Кызматкерлер өрттү чектөөгө алганы менен жалын Казакстан тараптан чыгууда. Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 148 адам (Жамбыл облустук ӨК департаментинен 77, токой чарбасынан 71 адам) жана 1 тик учак тартылган.
Saat_kg
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын сумо боюнча спортсмендери Ысык-Көлдө даярданышат. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 12-августунан 19-августка чейин Бостери айлында (Ысык-Көл областынын) сумо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдануу максатында төмөнкү курамда машыгуу өткөрөт: -Алмаз Эргешов, 1980-жылы туулган, МС-Тилек Усупов, 1972-жылы туулган, МС (резерв) -Эмиль Джаманкулов башкы машыктыруучу. Сумо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын машыгуудан өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциянын бюджетинен 37000 сом каралган.
Saat_kg
Сүрөт: УКМКИчки иштер министрлиги Азаттыкка билдиргендей, 10-августтан тартып сентябрга чейин Кыргызстандагы курал-жарак дүкөндөрүн убактылуу жабуу аракети башталат. Бул чечим быйыл сентябрда Ысык-Көлдө боло турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги саммити менен байланыштуу. Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8- сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин 3-сентябрда Чолпон-Атада өткөрүү белгиленген. Маалыматка караганда, оюндарда жана саммитте коопсуздукту камсыз кылуу максатында мергенчилердин колундагы куралдар да убактылуу алынмакчы. Учурда Кыргызстанда курал-жарак саткан ондон ашык дүкөн бар. Аларда негизинен аңчылык куралдары сатылат. Мындан тышкары, ИИМ таланып-тонолгон ок атуучу куралдарды өз эрки менен өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүү демилгесин көтөрдү. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын мекеме дагы бир сыйра эскертти. 2010-жылы апрель жана июнь окуяларында жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дары жоголгону белгилүү.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-августта Индонезия Республикасында өтүүчү XVIII Азия оюндарына катышуучу Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясы менен жолугушту. Мамлекет башчысы Индонезия Республикасында өтүүчү Азия оюндарына намыс талашканы бараткан өлкөнүн эң мыкты спортчулары менен жолугуп жатканына кубанып турганын билдирди. Бүткүл дүйнөлүк олимпиада оюндарынан кийинки чоң мелдеш аталган оюндарга жолдомо жеңип алуу эң мыктылардын гана колунан келет. Азия континентиндеги миллиондогон спортчулардын арасынан ушул чоң мелдешке жолдомо алганыңардын өзү чоң жетишкендик. Силер бул ийгиликке ак эмгегиңер, маӊдай териӊер, чыдамкайлыгыӊар менен жетиштиңер. Кыргыз мамлекетинин желегин желбиретип чемпиондук наамга ээ болсоңор силердин жеңишиңер бүт Кыргызстан эли үчүн чоң жеңиш болот, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Президент алдыда боло турган Азия оюндарынын катышуучуларын өлкөнүн эң кайраттуу, намыстуу, мекенчил, эр жүрөк улан-кыздары деп эсептээрин белгиледи. Бардык эле кыргызстандыктар сыяктуу мен да силер менен, силердин спорттук ийгилигиңер менен сыймыктангым келет. Мен силердин күйөрманыӊар болом. Ар бириңер медаль тагынып, чемпион болуп, Мекениңерге кайтып келишиңерди каалайм. Тайманбай күрөшкө түшүп, жеңишке жетишүү биринчи кезекте спортчунун духуна, демине байланыштуу болот. Айкөл Манас атабыздын кудуреттүү деми, күч-кайраты силердин ар бириңерде бар. Мен силерге ишенем, силерден үмүттөнөм, деп белгиледи Мамлекет башчысы. Татыктуу атаандаштык көрсөткүлө. Ар бир беттешиңер дүйнө элинин эсинде калсын. Силердин чебер аткарган ыкмаңар, чабуулуңар бүт дүйнө жүзүнө таркап, биз бул жакта жүрөк толкуп, маңдай жарыла кубангандай бололу, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал эл аралык спорттук мелдешке татыктуу спортсмендерди тарбиялоого көп күч-аракет жумшаган машыктыруучу-устаттарга ыраазычылык билдирди. Ар бириңиздердин мээнетиңиздерди баалап, барктап алууга даярбыз. Мына бул силерге тапшыра турган өлкө Туусу мекендин деми, элдин руху, туулган жердин абасы-суусу. Ата-бабалардын мурасы болгон Кыргызстандын Кызыл Туусун бийик көтөргүлө!, деп белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тууну Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын улуттук курама командаларынын капитаны Каныбек Жолчубековго тапшырды. Каныбек Жолчубеков спортсмендердин атынан Мамлекет башчысына улуттук курама команданын футболкасы символикалуу белекти тапшырды. Кыргызстандын спортсмендерин XVIII Азия оюндарына узатуу аземинин соңунда спортчулар Президент менен эстеликке сүрөткө түшүштү.
Saat_kg
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-август жума күнгө туш келгенине байланыштуу кыргызстандыктар август айында 3 күн катары менен эс алышат. Андан сырткары Курман айт күнү да эс алуу күнү деп жарыяланган. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы алдын ала маалымат боюнча Курман айт 21-августта белгиленерин кабарлаган.
Saat_kg
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 80 млн 14 миң 470 сом которду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттарын топтоо боюнча бирдиктүү депозитке аталган кызмат буга чейин 63 млн 362 миң 758 сом которгон эле. Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Каржы министрлигинин алдында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Saat_kg
Айнур Абдылдаева Юстиция министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Маалыматка ылайык, ал башка кызматка которулгандыгына байланыштуу учурдагы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. Белгилей кетсек, Айнур Абдылдаева үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Юстиция министри болуп дайындалган. Ага чейин аталган министрликтин статс-катчысы болуп иштеген. Айнур Абдылдаева өкмөттүн аппаратында 2001-жылдан бери иштейт. Мындан тышкары, президенттин аппаратында да эмгектенген. 2017-жылдын 13-июнунан тарта Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалаган.
Saat_kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун кызынын үлпөт тоюндагы видеосу интернетке тарады. Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков жана жубайы Айгүл Жээнбекованын бир уул, бир кызы бар. Жээнбековдун кызы Бактыгүл 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан.
Saat_kg
Кыргызстанда 7 айда 43,5 млрд сом салык жыйналды. Бул тууралуу Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 43 млрд 502,6 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 100,6 %га аткарылып, 258,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды.2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 145,2 млн сомго же 10,5 %га жогорулаган.
Saat_kg
Бүгүн, 7-августта АКШнын Иранга киргизген санкциялары күчүнө кирет. Вашингтондун Ирандын өзөктүк программасы боюнча жалпы макулдашуудан чыгуу чечимине карата Франциянын, Германиянын жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери, ошондой эле ЕБдин тышкы иштер боюнча өкүлү Фредерика Могерини өкүнүчтөрүн билдиришти. Аталган үч өлкө Орусия жана Кытай менен бирге 2015-жылы АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын катышуусунда иштелип чыккан макулдашууну түзүүгө катышкан. Ал макулдашууга ылайык, Иран өзөктүк программасынан баш тартып, анын ордуна өлкөгө киргизилген санкциялар алынмак. Дональд Трамп бийликке келгенден кийин макулдашуудан чыгуу ниетин билдирген. Могерини ЕС менен Ирандын ортосундагы соода байланыштарын сактап калуу оор болорун моюнуна алды. Европанын инвестициялык банкы азыртадан эле Ирандагы европалык ишканалардын долбоорлорун колдоодон баш тартты. Эми бул сыяктуу ишканалардын көбүнө Иран базарынан кетүүгө туура келет, анткени алардын акцияларынын бир бөлүгү америкалыктарга тиешелүү, деп билдирди Франциянын RFI радиосу. ЕБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы экономикалык байланыштын көлөмү анча чоң эмес. 2017-жылы ал болгону 20 миллиард еврону түзгөн. Америкалык санкциялардын биринчи толкуну акча трансакцияларына бөгөт коюуга багытталган. Санкциялардын экинчи толкуну быйыл ноябрда күчүнө кирет. Ал Ирандын энергетика секторун, мунай тармагын жана Борбордук банктын акча которуу жолдорун бутага алат.
Saat_kg
Таланттуу ырчы Кайрат Примбердиевдин аткаруусунда режиссер Руслан Акундун Көк-Бөрү тасмасынын алгачкы клиби жарыкка чыкты. Видео аталган тасманын фейсбук баракчасына жарыяланды. Тасманы тартуу иштери май айында башталган. Тасмага Казакстандык каскадерлор дагы тартылууда. Кинодо экшн, трюк, спецээффектер колдонулуп, улуттук оюндун чыныгы каардуу оюн экени баяндалмакчы. Тасма 20-сентябрдан баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.
Saat_kg
Кыргыз Эл артисти, радиорежиссер, актер Турсун Уралиев кечээ, 6-августта 85 жашында катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында туулган.1957-жылы Ташкент шаарындагы Николай Островский атындагы театралдык институтту аяктап, эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.1958-жылы КТРге режиссер болуп кабыл алынып, кыргыз радиосунун алтын фондусун түптөгөндөрдүн бири. Ал Саякбай Каралаевдин үнүн радиого түшүргөн эң алгачкы режиссер, Манас эпосун сактап жайылтууга эбегейсиз салым кошкон белгилүү инсан. Маркумдун сөөгү 8-август күнү Бишкек шаарында жерге берилет.
Saat_kg
Бул туурасында кечээ, 6-август Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча тийиштүү кызматтар менен болгон жыйында билдирди. Шаар башчысы унаалардан төлөгөн салыктар боюнча 1-сентябрга чейин жол кайгуул жана салык кызматынын өкүлдөрүн атайын рейд уюштуруп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен салык топтоону сунуштады. Ошондой эле, көмүскөдө жаткан салык төлөөчүлөрдү, үй шартында иштеп жаткан комерциялык багыттагы ишканаларды мыйзамдаштыруу боюнча каттуу талаптар коюлду. Мындан тышкары тийиштүү кызматтарга тез аранын ичинде жыйымдарды толугу менен өз убагында жыйноо боюнча механизмдерди иштеп чыгып, элдерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү менен, салык топтоп ар айдын аягында отчет жасоо тапшырмасы берилди. Жыйын соңунда Ош шаарында бекитилген жергиликтүү бюджеттин көлөмү дагы 30% жогорулатуу боюнча милдеттер коюлду. Белгилей кетсек, Ош шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджеттинин көлөмү бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошпогондо 860,0 млн. сомго шаардык кеңеш тарабынан бекитилип, 2017-жылга салыштырмалуу 101,0 млн. Быйылкы жылдын 6 айына такталган план 420,5 млн. сомго жеткирилип, 439,7 млн. сомго же 104,6 % аткарылган (пландагыдан 19,3 млн. сомго көп салык чогултулган)
Saat_kg
Бүгүн, 7-август күнү Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, электр жарыгы саат 09:00 дөн 17:00 гө чейин өчүрүлөт. Жарык берүү оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө үзгүлтүккө учурайт: -Ак-Тилек кичи шаарчасынын 1-14 жана 19, 21, 23, 25, 26, 28, 34 үйлөрүндө, -Учар айылында, -Мамыров көчөсүндө, -Керме-Тоо аймактык кеңешине караштуу Көкөм бий көчөсүнүн 74, 92,96, 98, 100 үйлөрүнд.
Saat_kg
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков опузалоого кабылганын айтып, аны иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, Исаковдун арызы Башкы көзөмөл органына 6-августта жиберилди: Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери опузалаган фактыны текшерүүнү суранды. Мындан бир нече жума мурун жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тарт, болбосо дагы бир кылмыш ишин козгойбуз деп УКМКнын Илим аттуу кызматкери Исаковду коркуткан. Бул факт тууралуу ал ошондо эле адвокат аркылуу коомчулукка кабарлаган. Эң кызыгы, бул иштин баары адвокаттын катышуусу жок болуп жатат. Мыйзам боюнча адвокатсыз эч кандай тергөө иштери жүрбөш керек эле. Исаков ушул фактыны текшерип берүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды. Буга чейин абактагы мурдагы премьердин адвокаты Нурбек Токтакунов аны УКМКнын кызматкери опузалап жатат деп жарыялаган. УКМК Нурбек Токтакуновдун айткандары чындыкка коошпойт деп билдирген. Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып, быйыл 5-июнда камакка алынган.
Saat_kg
Тасмалар адамды жашоого жаӊыдан көз караш менен кароого жардам берет.KG маалымат агенттиги сиздердин эс алуу күнүӊүздөр мыкты деӊгээлде өтүшү үчүн 5 мыкты тасманын тизмесин сунуштайт.PS: сунушталган тасмалардын баарын көрүп чыкканбыз.1+1 Тасманын режиссеру жана актерлору бул фильмде жашоодон алынган окуяны эӊ мыкты даражада ачып беришкен. Мындан сырткары ак менен караны да өз чегинде колдонушуп, комедия менен драманы бирдей деӊгээлде бере алышкан. Чыныгы достукту чагылдырылган фильм. Отпуск по обмену10000 чакырым алыста жашаган бейтаныш эки айым социалдык тармактардан таанышып калышат. Таанышуу учурдагы жашоосунан эс алууну каалаган эки айымдын үйү менен башма баш алмаштырууга алып келет. Бир окуя Айрис менен Аманданын жашоосун түп тамыры менен өзгөртөт. Абдан позитивдүү жана жылуулук тартуулоочу тасма. Сүйүү чындыгында дүйнөнү башкарат эмеспи, карапайым адамдан премьер-министрге чейин. Тасмада көптөгөн кызыктуу сюжеттик линиялар камтылган алардын бири премьер-министрдин сүйүүсү. Бүтүндөй бир элдин башкаруучусуна сүйүү келсе эмне болоору кызык болсо, бул тасманы көрүӊүз. Эта дурацкая любовь. Эс алуу күндөрү жеӊил жана жылмайуу тартуулаган тасмаларды көрүү керек. Мына ошолордун бири Эта дурацкая любовь тасмасы. Жашоо бумеранг мына ушул слоган менен тартылган фильмден сиз өзгөчө сезимдерди, маанайды жана өзүӊүзгө жашоо боюнча сабак ала аласыз. Эмма Стоун менен Райан Гослингтин сүйүү мамилесине дагы бир ирет күбө болосуз. Под ветвями боярышника. Сөзсүз түрдө кытайдын мыкты режиссерлоруна да токтоло кетүү керек. Под ветвями боярышника чыныгы, назик сүйүү, ата-энеге болгон урмат, Мекенге болгон сый дал ушул тасмада сүрөттөлөт. Аруу сезимге толгон тасма эс алуу күнүӊүздү унуткус кыларына шек жок. Баса, жүз арчыӊызды жаныӊызга алып алганыӊыз оӊ.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) тар чөйрөдөгү жыйынына катышууда. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Тар чөйрөдөгү жыйындын башталышында ЕӨАК жыйынына төрагалык кылган Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү салтанаты өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн интеграциялык биримдиктин алкагындагы кызматташууларынын актуалдуу маселелери каралды. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынында тар жана кеңейтилген түрдө ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчылары катышууда.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда Палестина Мамлекетинин тышкы иштер министри Рияд Малкини кабыл алды. Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана тереңдетүү боюнча кыйла маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы министр Рияд Малкинин келиши кыргыз-палестин мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрөт деген ишенимин билдирди. Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малки кыргыз-палестин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын белгилеп, Палестинанын Президенти Махмуд Аббастын жылуу каалоо-тилектерин жана келип кетүү тууралуу чакыруусун жеткирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Палестинанын элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү каалап, Кыргызстан ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин ырастады.
Saat_kg
Кыргызстанда Курман айт 21-августка белгиленди. Бул тууралуу муфтият билдирди. Маалыматка ылайык, Курман айт бир күнгө жылышы мүмкүн. Мусулмандар дин башкармалыгы акыркы датаны айдын чыгышына карата 15-августтан кийин так айтмакчы. Белгилей кетсек, быйыл Орозо айт 15-июнда болду. Орозодон кийин 70 күндөн кийин Курман айт белгиленет. Эмгек кодексине ылайык ал күнү эс алуу болуп эсептелет.
Saat_kg
28-июлда өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1318, күндүз 2429,Таласта түнкүсүн 813, күндүз 2530,Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 1520, күндүз 2934,Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 714, күндүз 2227,Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2+3, күндүз 1015 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1416, күндүз 2729 градуска жетет.
Saat_kg
Кыргыз опера жана балет театрынын балеринасы, КР Эл артисти Мадемилова Күлбүбү Чотоновна 89 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, балеринаны акыркы сапарга узатуу каадасы 29-июлда А. Малдыбаев атындгагы Кыргыз опера жана балет театрында саат 10:00 дө болот. Эл артисти Мадемилова Күлбүбү Чотоновнанын сөөгү Ала-Арча шаардык көрүстөнүнө коюлмакчы, -деп айтылат маалыматта.
Saat_kg
Грозный шаардык думасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы кызматына Ибрагим Закриев шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 27 депутаттын 23 ү колдоду. Закриев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жээни (бир тууган карындашынын баласы). Буга чейин ал өлкөнүн Каржы министрлигинде, өкмөт аппаратында жана аймак башчысынын катчылыгында иштеп, биринчи вице-премьер кызматын аркалаган. Чеченстанда жогорку кызматтарга Рамзан Кадыровдун туугандары менен айылдаштарын дайындоо нормага айланган. Би-би-синин орус кызматынын эсептөөсү боюнча ири чиновниктердин 23% өлкө башчынын айылдаштары, 12% достору менен туугандары. Жалпы жогорку кызматтагы чиновниктердин арасында Кадыровдун кишилери көпчүлүктү 65% түзүшөт.
Saat_kg
Эртеӊден тарта Бишкектеги эл ташыган айрым троллейбустардын багыты өзгөрүп, кээ бирлери ишин убактылуу токтотот, -деп билдирди мэриядан. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү ишемби, 27-июлдан, таңкы саат 6.00 дөн тарта 30-июлга, таңкы саат 5.00 гө чейин жабылат. Буга байланыштуу 8 жана 10 каттамдагы троллейбустар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жүрбөйт. Ал эми 4 троллейбус Киев көчөсү менен каттайт. Борбор калаанын мэриясы түзүлгөн кырдаалга жарандарды түшүнүү менен мамиле жасоону суранат.
Saat_kg
Тажикстан бийлиги Орусиядагы төрт үйлөрүнө апалары таштап кеткен үч наристени мекенине кайтарат. Тажикстан өкмөтүндөгү өз булак балдар 27-июль күнү Тажикстанга жөнөтүлөрүн айтты. Апалары балдарын таштап кеткени менен мамлекет аларды бөтөн жерде калтырбайт. Орусия Федерациясынын бир нече жараны аларды асырап алуу ниетин билдирген, бирок биздин дипломаттар тажик балдарын чет өлкөлүктөр багып ала албайт деген тыюуну жүйө келтирип баш тартышкан, -деди өз булак. Асыранды балдар киши соодалагандардын колуна тийген учурлар катталгандан кийин Тажикстан 2000-жылдардын башында наристелерди чет өлкөлүктөргө берүүгө тыюу салган. Бирок жакын арада бул тыюу жокко чыгарылып, мурдагы тажикстандыктардын бала асырап алуусуна артыкчылык берилиши мүмкүн. Буга чейин БУУ тажик бийлигин чет өлкөлүктөр тарабынан бала багып алууга салынган тыюуну кайра карап чыгууга чакырган.
Saat_kg
Аppмессенджери аркылуу Ысык- Көлдө суучулдар сууда жүргөн элдерди суунун астынан тартып кетип атайлап эле чөктүрүп, өлтүрүп ташка байлап коюшат, издетип жалдаганда саатына өтө көп суммадагы акча алышат, муну Ыссык Көлдүктөр өздөрү айтып жүрүшөт. Кыргыздар ансыз деле азбыз эки айдын ичинде 300 адам чөгүп өлдү анын 72 си жаш балдар, -деген маалымат таркатылууда, бул чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматы суудагы издөө иштерин бекер иш алып барышат, жана республикабыздын аймагында жай мезгилинде суу объектилеринде 59 адам чөксө, анын ичинен 18 си жаш балдар. Ысык-Көл облусунда 9 адам чөккөн, анын ичинен 2 жаш бала, -деп айтылат маалыматта. ӨКМ тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган билдирүүнүн авторун табуу максатында кайрылуу жазап жатканын билдиребиз, себеп дегенде мындай чындыкка дал келбеген билдирүү коомчулук арасында түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдар кызматында 200 дөн ашык адам иштейт.
Saat_kg
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына тиешелүү үч жатак-абагы жабылат. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкектин Орозбеков көчөсүндө жайгашкан 35-жатак-абак, Чүйдүн Ново-Павловка айылында жайгашкан 37-жатак-абак жана молдовановка айылындагы 48-жатак-абактар расмий түрдө ишин токтоткон. Эске сала кетсек, буга чейин аталган кызмат бул жатак-абактардагы соттолуучулардын санынын кескин аздыгынан улам, ал ал мекемелерди инвесторлорго сунуштап, өндүрүш ишканаларына айлантуу сунушун берип келген.
Saat_kg
Казакстанда сот белгилүү көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелген үчүнчү адамдын бөгөт чарасын карап, аны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Марат Ахметжановго шилтеме кылып жазышты. Бул кылмышка шектелип үч адам кармалды. Жетиштүү далилдер топтолду. Алардын мыйзамдуу экенин азыр прокурорлор текшерип жатышат. Сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарды. Үчүнчү адам кылмыш тууралуу билип туруп кабарлабагандыгы үчүн кармалды, деп билдирди Ахметжанов. Ал үчүнчү шектүүнүн аты-жөнүн айткан жок. Бирок жергиликтүү маалымат агенттиктери Алматынын Алмалы райондук сотуна бул иш боюнча үчүнчү шектүү катары кармалган Жанар Толыбаеваны эки айга камоо тууралуу өтүнүч келип түшкөнүн кабарлашты. Informburo сайтынын маалыматына караганда, сот Толыбаевага карата эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Буга чейин кармалган эки шектүү күнөөлөрүн моюндарына алып көрсөтмө беришкен.19-июлда Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Кармаш учурунда кылмышкерлер ага бычак сайып кетишкен. Спортчу үч литрге жакын кан жоготуп, ооруканада көз жумган.25 жаштагы Тен 2013-жылкы дүйнө биринчилигинде жана Сочиде өткөн кышкы Олимпиада оюндарында байгелерге ээ болгон. Ошондой эле ал эркектер арасында жалгыз көркөм муз тебүү боюнча Казакстандын беш жолку чемпиону.
Saat_kg
Түркмөнстанда студенттерге денеге чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынды. Мындан ары алар узун көйнөк жана саймалуу улуттук шым кийип жүрүшү керек. Билим берүү министрлигиндеги аткаминер билдиргендей, учурда бул талап окутуучуларга жана ата-энелерге жеткирилди. Азаттыктын түркмөн кызматынын Дашөгүз облусундагы өз булактары мындай көрсөтмөнү аймактагы мектептер да алганын айтышты. Быйыл окуучу кыздар үчүн жаңы мектеп формасы киргизилет. Жаңы форманын үлгүлөрү 10-августта келет. Эми класс жетекчилери эс алуу маалына карабай, окуучулардын үйлөрүн кыдырып, 10-августка чейин форма сатып албоону эскертишет. Облустук билим берүү жетекчилери бул кенен көйнөк, шым жана жакет болот деп жатышат, дешти алар. Түркмөнстан мектептеринде улуттук кийимге негизделген формаларды кийүү милдеттүү. Бул талап орус, түрк жана башка улуттун өкүлдөрү басымдуулук кылган мектептерге да тиешелүү.
Saat_kg
Маектешибиз Жыпара Молдалиева Таластын Бакай-Ата районунда туулуп-өскөн. Улуттук университеттин чет тилдер факультетин аяктап, үч кыз, эки уулга жакшы таалим-тарбия, билим берип, уядан учурган эне агартуу тармагында 40 жыл иштеп, канчалаган жаш канаттарга таалим-тарбия берип, азыркы кезде эс алууда. Учурда түштүк Кореяда жашайт. Эне деген бардык учурда эне. Балдар чоңойсо деле, алдуу-күчтүү кезимде балдарга жардамым тийсе экен дейт экенбиз. Анан да балдардын кимиси алыста болсо, же кимисине жардам керек болсо, ошону көбүрөөк карап, ошого көбүрөөк байырлап, ошону ойлоп жашайт экенбиз. Дегеним, бир кызым күйөөсү менен Кореяда жашайт. Балдары жашыраак, азыр ошолорго каралашып жүрөм. ***Кореяда жумуштары кыйын болгону менен, айлыктары жакшы. Мага жакканы жумушсуздук жок жана элдин жашоо шарттары мыкты. Мисалы, жумуш эртен мененки 8 ден кечки 5 ке чейин. Эртең менен жумушчуларга кофе менен таттуу нан, түшкүсүн жакшы ысык тамак, кечинде дагы жеңил тамак берилет. Мугалимдери, дарыгерлеринин маяналары абдан жакшы. Биздегидей коррупция жок. ***Балдарга өзгөчө камкордук кылышат. Бөбөк үч айга толгондон баштап бакчага алышат. Эгер бала бакчага барбаса, балага берилген жөлөкпул памперсине, сүтүнө кенен жетет. Ал жакта бала төрөлгөндөн баштап эмчек эмизбей багышат экен. Жеке менчик бакчалар өтө көп. Бир тайпада алтыдан ашык бала болбойт. ***Корейлер аябай маданияттуу. Дүкөндөргө кирсең да, деги эле кайда барсаң да бири-бирин урматтап, жүгүнүп турушат. Көчөдө гезиттер бекер таратылат. Дааратканалары таптаза, акысыз. Ар бир дүкөндө чыпкаланган суу, дарыканаларда кофе бекер турат. Көчөдө мас, же сөгүнгөн адамдар жок. Ууру деген түшкө кирбейт. Көп нерселер ачык эле турат. Көчөдө кызыл кнопкалар илинип турат, эгер бирөө тийишсе, басып кой, ошол замат полицейскийлер жетип келет. ***Кореяда чиркөө көп, күндө саат 5 те туруп, Кудайга сыйынышат. Түндө жалгыз жүрсөң да коркунуч жок. Мыйзам баарына бирдей. Айымдары биздин айымдарга окшоп кечке иштеп келип, кечинде кайра үйдөн күйпүл-ала болбойт. Тамакты көчөгө чыгып, ичип келишет. Негизги тамагы күрүч, балык, тооктун эти жана деңиз азыктары. Кийимге анча маани беришпейт. Косметиканын жакшысын колдонууга жана жакшы тамактанууга көңүл бурушат. ***Конокту үйдө күтүшпөйт. Кафелерге алып барып сыйлап кетиришет. Үйгө келсе кофе, жер-жемиш менен жөнөтүшөт. Тойлорду, туулган күндөрдү көбүртүп-жабыртпай, үй-бүлөсү менен белгилешет. Акчаларын чогултуп, саякаттаганды жакшы көрүшөт. ***Мектепке балдар 8:40 та барышат. Класстан тышкары ар кандай китептерди окутушуп, китепти сүйүүгө, окууга шыктандырат.1-6-класстар башталгыч класстар болуп, баа коюлбайт, тапшырма берилбейт. Башталгыч класстар-дын мектеби бөлөк. ***Бир шаардан бир шаарга кирерде жеңил унаалар салык төлөшөт. Андан түшкөн акчалар жалаң жолго жумшалат. Менин таң калганым өздөрү арык, кичинекей эле адамдар, бирок ушунчалык зор иштерди жасашат. Жолдору үч кабат жана бир жеринен тешик таппайсың. Айылы болсун, шаары болсун, зымылдаган тептегиз жолдор***Калдыктар 5 ке бөлүнөт: кагаз, айнек, темир, пакет, желим. Ар бири өз-өз идиштерине салынат жана буларды жума сайын кайра иштетүү заводдоруна алып кетишет. ***Балдар үчүн ойноочу жерлери бекер. Дем алыш күндөрү ата-энелер балдары менен чогуу эс алышат. Музейлери дагы бекер. Бейтапканаларга каалаган адам кирип, колун спирт менен тазалап жана өзүнүн кан басымын, салмагын, боюн дарыгерлерсиз эле ченеп алышат. Ооруканаларында шарттар жакшы. Бир палатада төрт киши жатат. Ар бири тосмо-көшөгө менен өзүн жаап алат. Ар бир тосмо-көшөгөнүн ичинде электр шамчырагы, розетка жана кнопка турат. Кнопканы бассаң, күнбү же түнбү, ошол замат дарыгер жардамга жетип келет.kg.
Saat_kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 27 нен 30-июлга чейин Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-июлда Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.31-июлда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.1-2-август күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар, калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Греция Республикасынын Президенти Прокопис Павлопулоско токойдун өрттөнүүсүнөн улам көп адамдардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. Грециядагы көп сандаган адамдардын өлүмүнө алып келген токойдун өрттөнүүсү тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атыман каза болгондордун туугандарына, жакындарына жана жалпы Греция элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, ошондой эле жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишине тилектешмин, деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
Saat_kg
ИИМ кызматкери унаада шымы жок жаткан жеринен видео тартылып алынган. Учурда бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө, -деп билдирет шаардык ИИББдин басма сөз кызматы. Териштирүүнүн жыйынтыгы чыкканда кызматкерге карата катуу тартиптик чара көрүлөт, жада калса кызматтан да алынышы мүмкүн. Жарандык активист Болот Ибрагимов унаанын алдыңкы олтургучунда шымы жок жаткан ИИМ кызматкерин видеого тартып алган. Пожалуй, пора ехать.A post shared by Болот Ибрагимов (@bolotibragimov) on Jul 26, 2018 at 4:42am PDT.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдында интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлөт. Анын курамына коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекова менен жолугушуусунун жыйынтыгы ушундай болду. Мамлекет башчысы балдардын үй-бүлөдө чоңоюу укугун камсыз кылуунун маанилүү экенин, анткени татыктуу адамды жана жаранды бала ата-энесинин жана жакындарынын камкордугуна, мээримине бөлөнгөн үй-бүлөдө гана тарбиялоо мүмкүн экенин баса белгиледи. Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча 10 жылдык Улуттук программаны колдогону үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. Бул документ Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн премьер-министри болуп турганда кабыл алынган. Бул программа Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болооруна ишенебиз. Биздин республикада жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды балдар үйлөрүндө жана интернаттарда багуу маселеси өтө курч бойдон калууда. Күн сайын мамлекеттик жана жеке менчик интернат тибиндеги жаңы балдар үйлөрү ачылып, коррупциялык схемалардын пайда болуусуна жол берилүүдө, деди Назгүл Турдубекова. Президент региондорду өнүктүрүү бул калктын турмуш деңгээлин, экономиканы көтөрүү, көпүрөлөрдү, жолдорду жана социалдык объектилерди куруу эле эмес экенин, алдыдагы асыл максаттарга жетүү үчүн биринчи кезекте руханий көрөңгөбүздү байытып, коомду мобилизациялашыбыз керек экенин белгиледи. Биз балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы таштанды балдарга, ошондой эле жакындары карылар үйүнө таштап кеткен улгайган адамдарга байланыштуу кырдаалды терең иликтейбиз. Региондордогу жетекчилер өз облустарын жана райондорун өнүктүрүүнү гана ойлобостон, калктын аярлуу катмарын коргоп, наристелерди жана карыяларды үй-бүлөлөрүнө кайтарышы керек. Деги эле кыргыз эли эч убакта өз балдарын жана ата-энелерин таштаган эмес. Тескерисинче, чоң жоопкерчилик менен аларга камкордук көргөн. Биздин эң башкы милдеттерибиздин бири бул ар бир баланын өз үй-бүлөсүндө чоңоюп, тарбияланышына жетишүү, деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекованы балдар үйлөрү системасын реформалоо маселесин кеңири талкуулоо үчүн кабыл алды. Мурда кабарлангандай, Назгүл Турдубекова бул маселени Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коомунун өкүлдөрү менен 2018-жылдын 19-июлунда өткөн жолугушуусунда айткан эле.
Saat_kg
Орусия Федералдык коопсуздук комитети 26-июлда Зеленоград шаарында өзүн СССРдин президентимин деп жарыялаган 56 жаштагы Сергей Тараскиндин үйүндө тинтүү жүргүздү. Тараскиндин 52 жаштагы шериги Александр Соловьевдун батири да тинтилди. Алардан СССР уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу аудио жана видеоматериалдар, уставдык документтер, мөөр менен типографиялык өнүмдөр алынды. Экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тинтүүдөн соң Тараскин менен Соловьев Тергөө комитетине жеткирилип, күбө катары суракка алынышты. СССР кыймылы тууралуу 2010-жылы белгилүү болгон. Медиазона басылмасынын маалыматы боюнча тиш дарыгери Сергей Тараскин эки жыл мурун Зеленоградда жеке клиникасын ачкан, бирок каржы маселесинен улам ал жабылып калган. Ишкер шаар бийлиги менен соттошуп, отурумдардын биринде өзүн СССР президентинин милдетин убактылуу аткаруучу деп жарыялаган. Мындан тышкары ал Советтер Союзунун алгачкы жана акыркы президенти Горбачевду дезертир деп атаган. Мындан кийин Тараскин өз уюмун түзүп, СССР өкмөтү уюштурган акылуу семинарларда тарапташтары менен жолугушуп турган.
Saat_kg
Ош облусунун аймагында ушул жылдын 6 айында 17 өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Ош облусунун аймагындагы сууга түшүүчү жайларга атайын сууда сүзүүнүн эрежелерин түшүндүргөн кагаздар илинип, өзгөчө суунун жээгиндеги бассейндерге, көлмөлөргө көңүл буруу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.
Saat_kg
Греция өлкөсүнүн түштүк-чыгышындагы Мати айылынын жанындагы токойдон өрт чыккан. Бүгүнкү күндө өрттүн кесепетинен 85 адам каза болуп, болжол менен 187 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Аймака өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген. Белгилей кетсек, Чыгыш Аттикадагы өрт миңдеген дөнүмдүк токой аянтын, сан жеткис үй жана автоунааны күлгө айлантты. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Токойлуу аянтта чыккан өрт, катуу жана улам багыт алмаштырган шамалдын себебинен Пендели, Мати, Рафина, Вучас сыяктуу дача жайгашкан жерлерин курчап, үйлөргө багытталганда өрт өчүргүчтөр бул жерлерден элдин чыгып кетүүсүн талап кылды. Кутулуш үчүн деңиздин жээгине барган жүздөгөн кишиге жардам бериш үчүн жүгүргөн аскердик жана жарандык кемелер, Грециянын жээк коопсуздук яхталары жана атайын кайыктар менен элди Рафина портуна жеткиришүүдө. Өрттүн кеӊири жайылып баратканына улам Греция коӊшулаш өлкөлөрдөн жардам сураган. Италия, Германия, Польша жана Франция өлкөлөрү жардам ирээтинде өздөрүнүн өрт өчүрүүчү тик учактарын жөнөтүшкөн.
Saat_kg
Бүгүн суу ресурстарын комплекстүү башкаруу маселеси зор актуалдуулукка ээ. Өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн бул тармактын саясатын ишке ашыруу менен түздөн-түз алектенген мамлекеттик органдардын функцияларын координациялоо керек, деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу жана Суу кодексин киргизүү маселеси боюнча Тегерек үстөлдө сөз сүйлөп жатып. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, планетада климаттын жылышына жана тузсуз суу камынын азаюусуна байланыштуу глобалдык тенденцияларды эске алуу менен суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Эл аралык эксперттердин баалоосу боюнча климаттын жылышы мөңгүлөрдүн бетинин кыскарышына алып келет, алардын аянты 2025-жылга карата 30-40% кыскарышы мүмкүн. Биздин өлкө бир кыйла жаратылыш ресурстарына ээ, анын ичинде жер жана суу ресурстары. Тоо мөңгүлөрүндө тузсуз суу камы 650 км3 деп бааланат. Өлкөдө 3000 ге жакын дарыя жана булактардын жалпы жылдык агымы 47 км3, биз алардын 20%га жакынын гана колдонобуз, деди ал. Суу ресурстарын башкаруу жолдорун талкуулоо жана кароонун жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Кыргыз Республикасынын Суу Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Өкмөттүн кароосуна иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле бүгүнкү сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги өлкө Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн комиссиянын ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана эксперттерди тартуу аркылуу ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүүсү зарыл.
Saat_kg
Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев эт азыктарын жана жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу Келечек акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Мэр комбинатта жүрүп жаткан реконструкциялоо иштерин көрдү. Келечек акционердик коомунун президенти Мадамин Эргешовдун айтымында, учурда комбинатта Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарын эске алуу менен техникалык базасын жакшыртуу иштери кызуу жүрүүдө, долбоор иштелип чыгып, өкмөткө жөнөтүлүп, насыяга каражат берилген. Бир айдын ичинде касапкана ишке берилип, андан соң 30 дан 50 тоннага чейин эт азыктары иштетилип, колбаса, эт консервалары жасалып чыга тургандыгын кошумчалады. Малдарда талаптагыдай (адал) союлуп, санитардык абалы сакталат. Ал эми 2012-жылдан тарта аталган заводдон жер жемиштердин, мөмө жемиштердин консервалары даярдалып, шербет жана вареньялар (консервация) жасалып, азыркы тапта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ошондой эле, акционердин жетекчилиги жылына 5 миң тонналык мөмө жана жер жемиш сактоочу логистикалык борборду ачуу үчүн инвестициялык долбоор даярдалгандыгын кошумчалап, анын суммасы 100 миң долларлык экендигин белгилеп өттү. Жалпысынан Келечек акционердик коомунун планы үч багытта продукцияларды чыгарып, Евразия экономикалык биримдигинин талаптарынын негизинде экспорттоо болуп саналат.
Saat_kg
Эртеӊ, 2-августта өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1419, күндүз 2530,Таласта түнкүсүн 1015, күндүз 2530,Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1621, күндүз 3035,Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 1015, күндүз 2126,Нарын дубанында түнкүсүн 712, күндүз 2227 градус болот. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1719, күндүз 2830 градуска жетет.
Saat_kg
Өзбекстан экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган сайттарга расмий бөгөт кое баштайт. Мындай чаралар каралган мыйзамга өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кечээ кол койду. Документ расмий жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет. Экстремисттик уюмдардын материалдары, белгилери жана атрибутикалары белгиленген тартип боюнча өчүрүлүп же жок кылынышы керек. Эгер өчүрүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анда жарандардын аларга жетүү мүмкүндүктөрү чектелет, деп жазылган мыйзамда. Документке ылайык, бөгөт коюуну камсыздап бербеген интернет таркатуучу компанияларга карата чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда мыйзамда жасаган ишине өкүнгөн экстремисттерди жоопкерчиликтен бошотуу дагы каралган. Экстремисттик ишмердүүлүккө катышуудан өз эрки менен баш тартып, бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаган адамдар мыйзам боюнча жоопкерчиликтен бошотулат, деп белгиленген мыйзамда.
Saat_kg
Жай мезгили эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек. Сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт, суук тийип калышы мүмкүн. Эгер сиз үшүк, денеңиздин калчылдаганын сезген болсонуз, дароо суудан чыгып, жээкти бойлой кыска бирок, ылдам чурканыз. Сууга түшүүнүн узактыгы абанын жана суунун температурасына, нымдуулукка жана шамалдын күчүнө көз каранды. Сууга түшүү үчүн эң жакшы шарт ачык, шамалы жок 250 С жана андан ашык температурадагы аба ырайы. Ошондой эле сууга түшүүнү 180 Сден баштаса болот. (Таблица 1) Суунун температурасы, 0 ССууга түшүү убактысы, мин.186-82010-1220 дан жогору15 минутага чейин. Тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат. Көбүнчө балдардын пляжында болгон оң, анткени ал жер жакшы, талапка ылайык кырсыкты алдын алуучу зарыл каражаттар менен камсыз болот. Эсиңиздерде болсун, балдар чон кишилердин көзөмөлүндө гана сууга түшө алышат. Пляждын территориясында медициналык пункт жана күндөн калкалоочу серелер курулушу керек. Плаяжды ачууга куткаруу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин гана уруксаат кылынат. Балдардын сууга түшүү учурундагы коопсуздугунун жоопкерчилиги сууда сүзүү жана куткаруу боюнча инспекторго жүктөлөт. Балдарды 10 дон ашпаган группада, 10 минуттан түшүрүп, суудан чыккан сон линейкага тургузуп, бирден жоктоп чыгуу күзөтчү-тарбиячынын милдети. Сууда сүзгөндү билбеген балдарга ден соолукту чындоо лагеринин же балдар мекемелеринин жетекчилери өзүнчө машыгуу жүргүзүү керек. Кырсыкты болтурбоо үчүн, балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү керек. Эсиниздерде болсун: сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек; тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат; кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт; күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт; үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу; көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секируугө болбойт. Эгер Сиз кайыкта болсонуз: кароосуз калган жана техникалык жактан он болбогон кайыктарды пайдаланбаныз; мас абалда кемеге түшүп сейилдебениз; сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаныз; карангы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбонуз. Эгер Сиз: чарчап турсаныз; күн өтүп кеткен болсо; ачкарын болсонуз; суусап турган болсонуз; ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсонуз сууга түшүүдөн өзүнүздү токтотуп койгонунуз жакшы болот. Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот. Кырсыктын себептери кайсылар? Үшүп калуу, ичиркенүү. Ачык суу айлампаларында 150 Стан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат, анткени бул муздактан, ичиркенүүдон адам кокусунан эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар кылат. Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу, куску келүү байкалып адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып температура +40+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот. Жабырлануучунун кийимин женилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек. Сууга түшүудөгү тарамыш түйүлүү, карышуу. Мындай абал сууда түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес, кескин кыймыл жасоолордо байкалат. Тарамыш түйүлүү, карышуу булчундарга күч келүүдо, үшүп калууда же ашыкча эмоцияга алдырганда кармайт. Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлүү кармаса, коркпостон терен дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан сон, сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей кол менен иштөө керек. Колдун манжаларын күч менен тезинен муштум кылып кысып, колду эки тарапка кескин кыймыл менен сунуп муштумду жазыныз. Биринчи жардам көрсөтүү. Жабырлануучу суудан чыкандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек. Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин, анын абалын баамдайбыз. Эгер жабыркаган адам ан-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат. Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек. Убакыты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы жб.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдыруу баштоо керек. Анык чөгүп кеткенде, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, тез-тез силкүү менен көкүрөгүнөн басышат (10-15 секунд аралыгында) андан кийин аны чалкасынын жаткырышат. Эгер, жабыркаган адамдын тиштери карышып калган болсо, оозун ачуу үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу керек: колдордун жардамы менен, астынкы жаакка колду коюп ачуу; санитардык сумкадагы кеңейткичтин, же болбосо кандайдыр бир жалпак катуу нерсени (кашык, таякча ж.) жардамы менен. Кээ бир учурда жакка жасалган жигердүү массаж да оозду ачууга өбөлгө болот. Жабыркаган адамдын ооз көңдөйүн жана мурдун тазалап алгандан кийин, карын жана өпкөдөгү сууларды чыгаруу үчүн, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, аркасынан далысын көздөй күч менен кагуу керек. Жабыркаган адамды куткаруу станциясына жеткиргенден кийин дагы, реанимация иш-аракеттерин улантуу кажет. Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталыгы да көп кездешет. Жабыркаган адамдын убактылуу дем алуу кыймылдарынын калыбына келиши, анын өпкөсүнүн иштеши толугу менен калыбына келди дегенди түшүндүрбөйт. Ошондундуктан, жабыркаган адамдын сезими жок болот же өпкөсү жабыркайт. Мындай учурда дем алуунун ритми мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл. Жардамды тез аранын ичинде, үзгүлтүксүз, ырааттуу, тартиби менен көрсөтүү керектигин унутпоо зарыл. Сууга чөккөн адамдын денесинин жылуулугун тез жоготушу, анын температурасынын дээрлик төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Жыгач досканын же жыгач калкандын үстүнө жаткырып, суу болгон кийимдерин чечиндирип, терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшеп же жуурканга ороо керек. Кургактап сүртүүнү улантуу менен бирге ысытуучу каражаттарды да, (уксус, нашатырь спирти) колдонсо болот. Асфиксия учурунда куткаруучунун кыймыл-аракеттери өзгөчө жигердүү болууга тийиш. Организмдеги кандын туура эмес айлануусуна шарт түзбөө үчүн, жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт. Бардык куткаруучу жабдуулар эл көп түшкөн аймактагы щитте жайгашышы керек. Кокус кырсык болуп жаныныздагы адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин 6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот. Жай мезгилинде жагымдуу эс алып, бөөдө кырсыктардан сак болунуздар!
Saat_kg
Ислам мамлекети экстремисттик тобу Тажикстандагы кол салууга жоопкерчилик алып, аны халифаттын жоокерлери уюштурганын билдирди. Бул тууралуу экстремисттер менен байланышы бар Амак сайты кабарлады.29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган.31-июлда Амак сайты Тажикстандагы чабуулду ишке ашырды делген беш эркек кишинин алдын ала жаздырылган видеосун жарыялады. Басымдуу бөлүгү орус тилинде жаздырылган бул видеодогу беш адамдын кеминде бирөө өздөрүн Ислам мамлекети экстремисттик тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин тарапкери экенин айткан. Видеодогулардын кеминде үчөө тажик бийлиги жарыялаган сүрөттөрдөгү шектүү адамдарга түспөлдөшүп кетет. Тажикстан Башкы прокуратурасы чет элдик туристтерге жасалган чабуул боюнча кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл орган алты киши кол салганын, алар велосипедчендерди автоунаа менен сүзүп кеткен соң, машинадан түшүп тирүү калгандарга бычак сайып, балта менен чабышканын билдирди. Буга чейин ИИМ кол салуучулардын төртөө жок кылынып, төртөө кармалганын кабарлаган. Министрлик кандуу окуя артында Ислам кайра жаралуу партиясы турат деп эсептейт. Прокуратура дагы кол салуу диний уюмдун активисттеринин бири Кори Носирдин буйругу менен жасалганын айтууда. Божомолдор боюнча чабуулдун максаты Тажикстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу болгон. Ислам кайра жаралуу партиясы бул айыптоолорду четке кагып, кол салууну айыптай турганын билдирди.
Saat_kg
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Кырчын этношаарчасында өтөт. Көрүүчүлөр Көчмөндөрдүн алтын доору жана башка улуттук салтуу ырларга, бийлерге, улуттук каада-салтар жөнүндө айтуучуларга, көчмөндөрдүн жашоосуна, оюндарына, элдик кол өнөрчүлөр жарманкесине, улуттук тамак-аштарды көрсөтүү ооз тийгизүү, көчмөн элдин кийимдер көргөзмөсүнө, чыгармачылык жана искусство менен танышууга (сүрөт, чийүү, айкелчилик), көчмөн элдеринин өзгөчөлүгүн чагылдырган жана камтыган иш-чаралардын театрлаштырылган көрсөтүүлөрүнө күбө болушат. Мындан сырткары этношаарчада дүйнө элинин эпостору, кыска убакытта кыргыз боз үйүн тыкан тигүү жана жыйноо мелдештери уюштурулат. Кырчын капчыгайына келгендер орто кылымдагы аскердик жана ат үстүндөгү көрсөтүүлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кырчын этношаарчасынын жооптуу режиссёру Талант Апыев айткандай, 1000 ден ашуун адам катышкан Көчмөндөрдүн алтын кылымы театралдашкан көрсөтүүлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашат. Анын айтымында, Көчмөндөрдүн алтын кылымы биздин эранын IX, X кылымдарын камтыган кыргыз тарыхын чагылдырат. Түндүк Сибирден түштүктү карай Тибетке чейин, батыштан түштүк Уралды карай Амур дарыясынын чыгышына чейинки чек араларда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү доору баяндалат. Көчмөндөрдүн алтын кылымы программасында биздин элдин ошол мезгилдеги улуу маданияты, жашоосу, каада-салты, конок тосуусу, аскердик жүрүштөрү чагылдырылат. Өз мезгилинин жашоосун чагылдырууга 1200 адам тартылды. Анын ичинен 100 гө жакынын актерлор жана каскадерлор түзөт. Алар башкы ролдорду аткарышса, калгандары сахнадагы көпчүлүктү түзүүчүлөр, деп кошумчалады Талант Апыев. Режиссёр белгилегендей, мамлекеттик театрда даярдык жүрүп жаткан учуру. Маектешибиздин сөзүнө караганда, кеңири даярдык Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтөт. Оюндарга жакын 27-августта Кырчын этношаарчасында башкы даярдык жүрөт. Көчмөндөрдүн алтын кылымы көрсөтүүлөрүнүн сценарийи сыр бойдон сакталаарын жана толук айтып бере албасын Т. Көрүүчүлөр, коноктор Кырчында эстен кеткис көрсөтүүлөргө күбө болоорун кошумчалады. Тагыраагы, Кырчын жайлоосундагы легендада кыргыз хандыктары, чет элдиктерди, конокторду тосуу, Кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү өлкөлөр биримдиги жана Кытай империясынын, Монголия жана башка мамлекеттердин элчилери чагылдырылмакчы. Мындан сырткары, уюштуруучулар Улуу Кыргыз Каганатынын аскердик жүрүшү, душмандар менен кармашы туурасындагы тарыхты чагылдырууга аракет кылышууда.
Saat_kg
Григорьев капчыгайындагы көлгө чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 31-июлда саат 20:05 чамасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын Григорьевка капчыгайындагы Кара-Көл көлүнө 1973-жылы туулган А. (эркек киши) аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.1-август күнү саат 08:50 дө издөө иштерине ӨКМдин 31 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган. Саат 11:30 да куткаруучулар тарабынан маркумдун сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Saat_kg
Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө болгон кырсыктын видеосу тарады. Nastya Yatsun деген YouTube колдонуучусу Скрябин мөңгүсүндө үстүнө таш кулаган туристтерди куткаруу учурунун видеосун жүктөдү. Белгилей кетсек, 30-июлда Бишкектен 40 чакырым аралыкта жайгашкан мөңгүдөн таштар кулаганы жана кырсыкка казакстандык альпинисттер кириптер болгону кабарланган. Кырсыктан үч киши жабыркап, казакстандык турист мерт кеткен. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы саат 7.00 дө тоого учуп, саат 10.03 дө жабырлануучулар менен Манас аэропортуна конгон.
Saat_kg
Тажикстан бийлиги калктуу конуштарда, ошондой эле шаарлар менен райондордун административдик борборлорунун негизги көчөлөрүндө курулган үйлөр беш кабаттан төмөн болбошу керек деген чечим кабыл алды. Өкмөттүн токтомунда мындай чечим шаарларды өнүктүрүүнү жана жер тилкелеринин тартыштыгын жоюуну эске алуу менен кабыл алынгандыгы жазылган. Өлкөнүн Архитектура жана курулуш комитети жергиликтүү долбоорчулар беш кабаттан төмөн болбогон бир канча турак жайдын үлгүсүн даярдап коюшканын билдирди. Мекемеден аларды көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат алган курулуш компаниялары менен ишканалар пайдаланса болорун белгилешти. Июлдун башында өлкө жарандары бийликтен шиферлерди заманбап бир түстөгү чатырларга алмаштыруу буйругун алышкан. Бирок бийликтин бул демилгесине элдин көбү нааразылыгын билдирип, алар үчүн бул чоң чыгым экенин айтышууда. Эл арасында чатырды толук алмаштыруу үчүн материалдын сапатына жана иштин көлөмүнө жарашы орточо эсеп менен 15 миңден 30 миң сомониге чейинки (1600-3200 доллар) сумма талап кылына турганы айтылууда.
Saat_kg
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды, -деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин наамына катталган мүлктөр: Бишкек шаарындагы турак үй. Бектенов көчөсү, 128, код ЕНИ 1040100050384;Унаалар 2008-жылы чыккан Тойота Камри унаасы В3966 ВА; 2000-жылы чыккан Мерседес Бенц 500 унаасы B6316AI; 2000-жылы чыккан Мерседес Бенц Б500 унаасы Е4948.Жоомарт Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр (баласы): Ош шаарында жайгашкан дүкөн. Анар кичирайону, 15 а/51, код ЕНИ 511040325012601051; 2015-жылы чыккан Тойота Камри унаасы 01KG881ACD.Исламбек Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр (баласы): Жер тилкелер жана батирлер: Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы жер тилкеси, Проектируемая көчөсү, 81, код ЕНИ 7082010011350; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 80, код ЕНИ 7082010011349; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 115, код ЕНИ 7082010011384; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 117, код ЕНИ 7082010011386; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 101, код ЕНИ 7082010011370; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 99, код ЕНИ 7082010011368; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 63, код ЕНИ 708201001 1332; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 62, код ЕНИ 7082010011331; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 82, код ЕНИ 7082010011351; Ош шаарындагы Ак-Тилек кичирайонундагы турак үй 28, код ЕНИ 5110403211682;Унаалар МАЗ 6303-020 унаасы 3546 М; МАЗ 6422 унаасы О0153AG.Жантөрө уулу Кубатка катталган мүлктөр (баласы): Лексус-ЕС- 350 унаасы, 2006-жылы чыгарылган В7800 АЕ; Мерседес Бенц ОЕК280, 2008-жылы чыгарылган 01KG497ABF; Хонда Одиссей, 2006-жылы чыгарылган 01KG820AAR;Канышай Турдукеевна Смадияровага катталган мүлктөр (жубайы):Мекеме, батирлер: Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129 б дарегинде жайгашкан өндүрүш мекемеси код ЕНИ 102020036002802006; Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129 б дарегинде жайгашкан батир жана гараж, код ЕНИ 102020036002801004;Унаалар: Лексус RX330 унаасы, 2004-жылы чыгарылган Е7800 Е; БМВ 325 унаасы, 1993-жылы чыгарылган B5036R; Тойота Прада унаасы, 2005-жылы чыгарылган B7800L.
Saat_kg
Аламүдүн районунда жоголуп кеткен 11 жана 13 жаштагы балдар Ысык-Көл облусунан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Балдар табылды, аларда баары жакшы. Балдарды алардын энеси Ысык-Көлгө алып кеткендиги белгилүү болду. Окуянын чоо-жайы такталып жатат, -деп айтылат маалыматта.31-августта милиция 13 жаштагы Алмазбек уулу Курманбектин жана Кутманбек Базарбаевдин жоголуп кеткендиги тууралуу маалыматты тараткан.
Saat_kg
Орусиянын Люберцы шаарында кыргыз-өзбек жарандары ортосунда чыккан жаңжал учурунда каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү мекенине кечээ, 31-июл күнү жөнөтүлгөн. Уруксат кагаздары, каражат жагынан Орусиядагы кыргыз жарандары, өкүлчүлүк көмөк көрсөтүшкөн. Буга чейин Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосунда чыккан жаңжал учурунда бир кыргыз жараны каза болгон. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын өлүмүнө мушташ учурунда бийиктиктен кулап кеткендиги себеп болгондугу жазылган. Буга байланыштуу Кузьминск райондук тергөө бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуяга тиешеси бар делип Кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны жана Өзбекстандын 10 жараны кармалып, сурак берүүдө. Мушташ 28-июлда болгон.
Saat_kg
Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология бөлүмүндө медициналык кароодон өтүп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, экс-депутат 47-түзөтүү абагынын дарыгерлеринин көрсөтмөсү менен Улуттук кардиология борборуна жөнөтүлгөн. Текебаев медициналык кароого кечээ чыгарылган. Эске салсак, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан.
Saat_kg
Мексикада Aeroméxico авиакомпаниясынын Дуранго Мехико багыты боюнча учкан Embraer 190 учагы кулап түштү. Анын бортунда 97 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Бийликтин маалыматы боюнча авиакырсыктан каза болгондор жок, 85 киши түрдүү жаракаттарды алышкан.Tweets by cnnbrk. Учак жергиликтүү убакыт боюнча 16.00 дө Дуранго аэропортунан жогору көтөрүлгөндөн беш мүнөт өткөндөн кийин кырсыкка учураган. Өлкө бийлиги учактагы бардык адамдар тирүү экенин билдирди.Aeromexico авиакомпаниясынын 2431 каттамынын кырсыкка учурашынан каза болгондор жок экенин ырастайм, деп жазды Дюранго штатынын губернатору Хосе Айспиро Твиттерге. Ал бийлик учурда жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.
Saat_kg
Чүйдө 13 жана 11 жаштагы балдар изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, дайынсыз болгон балдар 30-июль күнү саат 16:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен.13 жаштагы Курманбек Алмазбек уулунун бою 145-150 сантиметр, чачы кара, бетинде сепкили бар. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым жана бутуна кара слансы кийип жүргөн. Ал эми 11 жаштагы Кутманбек Базарбаевдин бою 140-145 сантиметр. Кийип жүргөн кийимдери: жол-жол майка, көк түстөгү чолок шым жана кара слансы кийип жүргөн. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан балдарды көрүп-билгендер болсо, байланышып коюуну өтүнөт. Байланыш телефондору: 0 (312) 36-35-27; 0 (701) 25-55-22.
Saat_kg
Август айынан баштап Ош шаарында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби сайын майрамдык иш-чаралар өтөт, деп билдирди Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы. Маалыматка ылайык, эс алуу бактарында Ош шаардык маданият башкармалыгы, музыкалык мектептер, балдардын чыгармачылык борборлору, театр кызматкерлери тарабынан концерттик, оюн-зоок программалар тартууланат. Ошондой эле дене тарбия жана спорт комитети мелдештерди уюштурат. Майрамдык иш-чаралар 4-августта Алымбек Датка этнографиялык борборунда, 11-августта Ата Түрк , 18-августта Раззаков сейил бактарында, 25-августта Жайкы сахна подиумунда өтмөкчү.
Saat_kg
Кара-Көл шаарында жеӊил унаа жол кырсыгына учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 375-чакырымында (Сары-Булак тилкеси) Тайота РАФ-4 үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учураган. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жеңил жаракат алышкан. Каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди, -деп айтылат маалыматта.
Saat_kg
Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев каза болду. Бул тууралуу Дождь телеканалы Михаил Ходорковскийдин Иликтөөлөр борборунун булактарына таянып кабарлады. Журналисттер анда Вагнердин жеке аскердик компаниясы тууралуу документалдуу тасма тартып жүрүшкөн. Орхан Жемалдын каза болгонун Би-би-сиге Иликтөөлөр борборунун башкы редактору Андрей Коняхин менен журналисттин досу Максим Шевченко ырастады. Коняхин РБК басылмасына журналисттер Борбордук Африка Республикасына ишемби, 28-июлда барышканын айткан. Акыркы жолу алар менен 26-июль кечинде байланышка чыкканбыз. Азырынча аларга эмне болгондугунун чоо-жайын билбейбиз, деди Коняхин. Башка бир булак чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулганын билдирүүдө. Андан ары эмне болгону белгисиз. Курман болгондордун сөөктөрү аныкталды. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дагы Африкада журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев каза болгонун ырастады. Алардын сөөктөрү Бангиге жеткирилди. Мекеменин билдирүүсүндө Орусиянын Борбордук Африка Республикасындагы элчилиги ал өлкөдө орусиялык журналисттердин жүргөнүн билбегендиги жазылган. Учурда дипломаттар орус жарандарынын өлүмү боюнча бардык маалыматтарды тактап, сөөктөрүн мекенине жеткирүү үчүн аталган өлкөнүн укук коргоо жана өкмөттүк түзүмдөрү менен тыгыз байланышта болууда. Орхан Жемал аскер жаңжалдары жана мусулман өлкөлөрү тууралуу репортаждарды даярдап келген белгилүү орусиялык журналист. Ал Түндүк Кавказда, Ооганстанда, Иракта, Ливанда жана Сирияда иштеген. Андан тышкары 2008-жылкы Орусия менен Грузиянын ортосундагы жаңжал тууралуу Беш күндүк согуштун хроникасы деген китеп жазган. Мурдараак Борбордук Африка Республикасында үч орусиялык курман болуп, алардын экөөсүндө Известия басылмасынын күбөлүктөрү табылганы кабарланган. AFP агенттиги орусиялыктар белгисиз куралдуу адамдар тарабынан өлтүрүлгөнүн жана сөөктөрү Сибут шаарынан 23 чакырым алыстыкта табылганын жазган. Кийинчерээк Известия ал өлкөдө бир дагы кызматкери болбогонун билдирген. Борбордук Африка Республикасында жаңжал 2013-жылы, президент Франсуа Бозизе бийликтен кетирилгенден кийин башталган. Учурда андан кийинки мамлекет башчы Фаустин-Армене Туадера өлкөнүн борбору Банги шаарын жана анын тегерегиндеги аймактарды гана көзөмөлдөйт. Калган аймактарга 15 куралдуу топ өз ара бөлүшүп, өз көзөмөлдөрүн орнотушкан. Азыр Борбордук Африка Республикасында БУУнун 13 миң кишиден турган тынчтык орнотуу миссиясы жайгашкан.
Saat_kg
Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз борбору Азаттыкка ырастады. Окуя кечээ саат 15:43 төр чамасында болгон. Маалыматка караганда, 18 жаштагы Ж. аттуу жоокер табелдик курал менен өзүн башка аткан. Катардагы жоокер алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин жан берген. Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Жоокер сотко кимди коштоп барганы жана кайсы иш боюнча соттук процесс жүрүп жатканы белгисиз. Буга чейин июлдун ортосунда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы 1 жатак абагындагы 21 жаштагы жоокер өзүн атып алган. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийген. Ушуга окшош эле окуя июнь айынын башында Жаңы-Жер айылындагы 19 түзөтүү колониясында да болгон. 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алган. ЖАМКтын маалыматына ылайык, тергөө бул факты боюнча суицид деп жыйынтык чыгарган.
Saat_kg
АКШ президенти Дональд Трамп Иран президенти Хасан Роухани менен алдын ала шартсыз эле жолугууга даяр экенин билдирди. Трамп 30-июлда Италия премьер-министри менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйыны учурунда: Мен ким менен болсо да жолугуша алам жана жолугушуу болоруна ишенем, деди. Кошмо Штаттардын лидери бул жолугушуу Америка жана Иран эле эмес бүтүндөй дүйнө үчүн пайдалуу болорун кошумчалады. Иран лидерлери Трамптын сунушун дароо четке кагышкан жок. Вашингтон Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон 2015-жылдагы өзөктүк келишимден быйыл май айында чыгып кеткен. Ал келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын ооздуктап, ал үчүн эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизилген санкцияларды жеңилдетмей болгон. Бирок Трамп 24-июлда АКШ ал макулдашуунун ордун баса турган чыныгы келишимди иштеп чыгууга даяр экенин ишара кылган. Роуханинин ага кеңешчиси Хамид Оналеби 31-июлда сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн Кошмо Штаттар 2015-жылдагы келишимге кайтып келиши керектигин билдирди. Тараптар бири-бирин катуу опузалап жатканына карабай, соңку апталарда Трамп Вашингтон менен Тегерандын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштап келет.
Saat_kg
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги театралдашкан шоуга 1,5 миң артисттин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын Секретариаты билдирет. Иш-чаранын теңрежиссёр-коючусу Виктор Фельд белгилегендей, театралдашкан көрсөтүүлөрдө көчмөндөр философиясы чагылдырылат. Театралдашкан көрсөтүүлөр жаңы технологиялар колдонуу менен уникалдуу болот. 9 эпизодду көрсөтүүдө 70 сүрөт менен көчмөндөр философиясы ачылат. Театралдашкан көрсөтүү дуйнө көчмөндөрүнүн уникалдуу мураскери кыргыздардын улуу эпосу Манас жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен байланышкан. Бүгүнкү индустриалдык коомубуздун принциптери, көчмөн каада-салттардын бүгүн да жашоодо актуалдуулу экендигин ачып берүү демилгеси камтылган, деп баса белгиледи Виктор Фельд. Көрсөтүүлөрдө түрдүү жанрлардын артисттери жана цирктин, драм театрдын, балеттин өнөрпоздору, каскадёрлор жана музыканттар катышышат. Театралдашкан шоунун артисттери бардык талаа мейкиндиктерин, ал тургай жөө жүргунчүлөр өтө турган жолдорду да колдонушат. Артисттик өнөр бардык жерлерде өтөт. Бул жылы көркөм театралдаштыруу жарыгы көп болот. Коноктор чыныгы театрда жүргөндөй сезимде калыш үчүн ат майдан талаасын чыныгы өнөр секисине айландырабыз. Лазердик шоу да өтөт, деп белгилешет секретариаттан. Мындан сырткары, ар кандай көрсөтүүлөргө 3 деңгээлдеги сахна колдонулат. Теартарладашкан көрсөтүүлөргө арналган кооздуктардын массивдүүлүгү көрүүчүлөргө жана теле көрүүчүлөргө жаңылык болот. Анткени талаада артисттер гана эмес, декоративдүү кооздктары да жылып турат. Шоунун бирден-бир кооздугу чоң ансамблдин музыканттары болмокчу. Театралдашкан көрсөтүүлөргө атайын изилденген, атайын көчмөндөр оюмдары түшүрлгөн, руху чагылдырылган кийимдер заманбап доор менен айкалыштырылып тиктирилүүдө. Кийимдер бардык улуттарга, элдерге тагыраагы, англичандарга, монголдорго, казактарга, кытайларга да түшүнүктүү болот. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ар элдин парады жана катышуучу-өлкөлөрдүн чыгармачыл жамаатынын көрсөтүүлөрү коюлмакчы.
Saat_kg
Кыргызстандык шахмат оюнчулары Ысык-Көлдө өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын медаль утушту. Бул тууралуу шахмат федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан келишкен спортчулар катышты. Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык шахматчылар 9 медаль жеңип алышты. Алардын арасында 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль бар, -деп айтылат маалыматта.
Saat_kg
16-июлда Өзбек мамлекеттик циркинде тордон качып кеткен маймыл өлдү. Кызматкерлердин айтымдарында, маймылды аны менен бир бөлмөдө кармалган эки жолборс жана бир арстан жеп салган. Цирк кызматкери Азамат Хусинов белгилегендей, эреже боюнча цирктеги жаныбарлар өз-өзүнчө бөлмөлөрдө кармалышы керек болчу. Бирок быйыл январда мекеменин жаңы директору маймылга бөлүнгөн бөлмөнү тартып алган. Кышында маймыл бир нече күн муздак гаражда жашаган, андан кийин ветеринарлардын бөлмөсүндө кармалды. Ал суукка туруштук бере албай турганын айтып, мындай шарттарда өлүп каларын көп жолу айттык. Бирок жетекчилик маймылга өзүнчө бөлмө берген жок. Акыры ал эки жолборс жана бир арстан кармалган бөлмөгө жайгаштырылган, деди Хусинов. Цирк директорунун милдетин аткаруучу Рустам Мажидов кандын даамын татып калган жырткычтар эми Ташкент зоопаркына жөнөтүлө турганын айтты. Бирок Азамат Хусинов жолборстор менен арстанды зоопаркка берүүгө себеп жок экенин, жырткычтар буга чейин деле коёндун эти менен тамактанып жүргөнүн билдирүүдө.
Saat_kg
Москвадагы курулуш объектисинде Кыргызстан жана Өзбекстан жарандарынын ортосунда жапырт мушташ болуп, бир кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу 31-июлда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Соттук эксперттердин болжолдуу маалыматы боюнча кыргызстандыктын өлүмүнө анын бийиктиктен кулап кетиши себеп болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгы кыргыз жаранынын өлүмү фактысы боюнча иликтөө иштерин баштады. Мушташка катышкан Кыргызстандын төрт жана Өзбекстандын ондон ашык жараны кармалып, сурак берип жатышат. Учурда бул факты боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Процессуалдык чечим сурактын жыйынтыгы жана кыргыз жаранынын өлүмүнүн себептери тууралуу экспертизанын корутундусунун негизинде кабыл алынат. Дипломаттар каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине бүгүн жөнөтүүгө ниетенип жатышат.
Saat_kg
Эртеӊ, 1-августта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1520, күндүз 2530,Таласта түнкүсүн 27, күндүз 1722,Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында 1520, күндүз 2833,Ысык-Көлдө түнкүсүн 914, күндүз 2025,Нарында түнкүсүн 510, күндүз 2025 градус болот. Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1820, күндүз 2830 градуска жетет.
Saat_kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетет коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн ачылган атайын эсепке 20,4 млн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эсеп ачылгандан бери аталган комитет жалпысынан 129,6 млн. Финансы министрлигинин карамагындагы Борбордук казыналыктын 2018-жылдын 24-июлуна карата берген маалыматына караганда, бирдиктүү депозиттик эсепке 169 миллион 314 миң 359 сом келип түшкөн.
Saat_kg
Түркиялык Нurriyet Daily News вебсайты казак президенти Нурсултан Назарбаев кезектеги эс алуусун Бодрумда өткөрүп жатканы тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Көп узабай бул сайт Казакстанда ачылбай калды. Басылманын маалыматы боюнча соңку тогуз жыл бою жайкы эс алуусун Бодрумдагы мейманканалардын биринде өткөрүп келе жаткан президент казак ишкери Алиджан Ибрагимовдун яхтасын колдонгон.28-июлда басылма Эге деңизинин жээгинде жүргөн жана сууда сүзүп бараткан кишинин сүрөттөрүн жарыялап, анын Нурсултан Назарбаев экенин маалымдаган. Сүрөттөрдүн биринде казак президентине окшош адамды жана ага сүлгү сунган жардамчысын көрүүгө болот. Башка бир сүрөттө президент бир нече кишинин коштоосунда сүзүп жүрөт. Басылма Назарбаев көпкө сүзүп, андан соң алты жансакчысынын коштоосунда 20 мүнөттөй сейилдегенин жазды. Фотогалереяда президент эс алган кеменин сүрөтү да бар. Анын ээси Алиджан Ибрагимов өлкөдөгү эң бай 50 кишинин тизмесине кирген ишкер. Нurriyet Daily News казак президенти бир нече күндөн кийин грек аралына барып, ал жерде да эки апта эс аларын жазды. Казакстан президентинин администрациясы президенттин жумуш сапарларына байланыштуу суроолорго гана жооп берерин билдирип, Назарбаевдин эс алуусу боюнча түшүндүрмө берген жок.
Saat_kg
Бүгүн, Бишкекте Тез жардам кызматынын унаасы менен БМВ жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки жеңил машина сүзүшүп кетти. Айбек Турдалиев аттуу интернет колдонуучусу өз баракчасына окуянын видеосун жүктөдү. Анын айтымына караганда, кырсык Калык Акиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде катталды.
Saat_kg
Түркияда кыргыз келинди ажаткана жууганга мажбурлап, анын күйөөсүн катуу сабашты, -деп Шах Алатович аттуу интернет колдонуучу жазып чыкты. Маалыматка ылайык, окуя 29-июлда болгон. Анда Түркияда эмгектенип жүргөн кыргыз жаранын себепсиз, белгисиз эркек кишилер көчөдөн токтотуп алып, ажаткана жууганга мажбурлаган. Келинди коргогусу келген анын жолдошунун башын жарып, катуу сабашканы айтылат. Ошо менен бирге интернет колдонуучу, бул окуяга байланыштуу топтолгон бир нече кыргыздар менен жергиликтүү калктын ортосунда массалык уруш чыкканын жазган.
Saat_kg
Бүгүн, 31-июлда Ош шаарынын мэри ажылык сапарга аттанган тургундар менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарынан ажылык сапарга аттанган мусулмандарды узатуу аземи болуп өттү. Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов менен шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты. Калаа башчысы өз сөзүндө сапарга аттангандарга ак жол каалап, ыйык жерде мамлекеттин келечеги үчүн бата кылууну суранды. Ажылык сапарга бараткандарга ак жол каалайм. Ажылыка да кудай каалаган адамдар барат. Ыйык жерде мамлекетибизге, элибизге бата кылыңыздар. Биз бактылуу элбиз.Өзүбүздүн мамлекетибиз, динибиз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бар. Ажылык сапардан кайтканда да жолугушуу насип кылсын, -деди шаар башчысы. Ош шаарынан быйылкы жылдын эсебинен 332 адам ажылык сапарга аттанды.
Saat_kg
Бүгүн саат 14:00 дө Бишкек мэрлигине талапкер тил сынагынан өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Тил сынагын тапшырган талапкер 2 шартты аткарууга тийиш. Биринчиси, өз программасын кыргыз тилинде жазып, аны окуп берет. Экинчиси билет түрүндө жашырылган конверттеги чыгармадан үзүндү окуп, аны айтып берет, -деп айтылат маалыматта. Бишкек мэрлигине талапкер катары шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Азиз Суракматов гана арызын тапшырган.
Saat_kg
Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүнө чыгып баратып таш кулап каза болгон жарандын денеси жана жабыркаган 6 турист Манас аэропортуна жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылгандарды куткаруу үчүн Казакстандын тик учагы саат 10:00 чамасында туристтер турган жерге барып конгон.Кырсык кечээ, 30-июлда болгон. Анда Скрябин мөңгүсүнө чыгып бара жаткан 7 туристке таш кулап кеткендиги маалымдалган. Кырсыктан 1 казакстандык турист көз жумган.
Saat_kg
Бүгүн, 31-июлда саат 07:00 дө Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу тоосунун аймагындагы өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Манас райондук 100 Өрт куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу жана токой чарбасынан 12 кызматкер, саат 10:30 да Жайылган айылынан кошумча 15 адам тартылды. Эскерте кетсек, Талас облусунун Манас районунда 2018-жылдын 28-июлунан тартып Алмалуу тоосундагы (Казакстан Республикасы менен чектешкен аймак) куураган чөптөн өрт чыгып, бүгүнкү күнгө чейин бирде толук өчүп, бирде кайрадан жанданып турууда. Өрт 29-июлда 19:30 толук өчүрүлүп, 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 га куураган чөп күйгөн. Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 100 га куураган чөп күйгөн.
Saat_kg
Бишкекте Эл аралык миграция уюмунун колдоосу жана АКШнын ЮСАИД кызматы менен биргеликте Адам сатууга каршыбыз аталышында иш-чара өттү. Ал 1-июлдан, 20-июлга чейин жарыяланган. Көргөзмөнүн башкы максаты жарандардын укугун, чет өлкөдөгү эрежелерин билбей кор болуп жатышкан мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Аны менен катар жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кара жумушта иштөөсүнө тыюу салуу боюнча маселелер айтылып, атайын сүрөт көргөзмөлөр уюшулду.
Saat_kg
Чүй облусунда Хонда Стэпвагон үлгүсүндөгү автоунаа жол тескөөчүлөрдүн унаасына урунду, -деп билдирет Чүй ОИИБдин ЖКККБ маалымат кызматынан. Маалыматка ылайык, окуя 29-июль күнү болгон. ЖКККБнын кызматкерлери жолдун боюнда радар менен иштеп жатышкан. Бул учурда Хонда Стэпвагон унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөр чатакташып, рулду өздөрүнүн тарабына тартып башташкан. Натыйжада Хонда тосмого, андан соң жол тескөөчүлөрдүн унаасына урунган. Хонда Стэпвагон унаасынын айдоочусу күнөөнү өз мойнуна алды. Жабырлануучулар жок, -деп айтылат маалыматта.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна жана Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаардык 4, Бишкек шаарынын Биринчи май 2 жана Свердлов 2 райондук сотторунун судьяларынын кызмат ордуна дайындоого 8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген. Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 7 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду. Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди. Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 7 талапкер дайындалды. Экинчи Жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн: Бишкек шаардык сотуна: Досмамбетов Азизбек Анарбекович, Садыкова Гульмира Сартовна, Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич; Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна: Бейшеева Зарема Асаналиевна, Орозбакова Максат Асанкуловна; Свердлов райондук сотуна Асаналиева Чынара Сейткадыровна, Исаева Айзада жиберилишти. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Saat_kg
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда үчүнчү жолу өрүк фестивалы өттү. Сары кыздын тою деп аталган иш-чара көлдүн түштүгүндө эко-агро жана этнотуризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Дыйкандар өздөрү өстүргөн продукцияларын ала келип, тажрыйбалары менен бөлүштү.
Saat_kg
Бүгүн, 30-июлда Ош шаарында 30-июль Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата Дельфин бассейнинде сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке Ош шаарында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү жана медицина кызматкерлери катышты. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында жаш курагына жараша төмөнкү 3 тайпага бөлүнүп өткөрүлдү:1-тайпа- 25 жашка чейин2-тайпа- 35 жашка чейин3-тайпа- 40 жашка чейин. Мелдешке 50 дөн ашуун адам катышып, жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, медалдар жана дипломдор тапшырылды.
Saat_kg
Өзгөн районунда 4 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу SAAT.KG агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июль күнү саат 21:47 чамасында Көлдүк айылынын Абдырайым-Бий көчөсүндөгү каналга 2014-жылы туулган Т. аттуу бала чөгүп кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун сөөгү саат 22:50 дө табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Saat_kg
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Анын ичинен президенттин 3 жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1654 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 1406 чоң адамдар жана 248 балдар, көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.) 1 жарлыгы 1170 адамды (анын ичинен 934 чоң адамдар жана 236 балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.
Saat_kg
Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө таштар кулап, казакстандык турист мерт болду. Бул тууралуу 30-июлда Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдирди. ТИМдин маалыматы боюнча дагы үч киши жабыркады. Алардын биринин абалы оор. Казакстан бүгүн, 31-июлда жабыр тарткан туристтерди эвакуациялоо үчүн тик учак жөнөтөт.30-июлда Бишкектен 40 чакырым аралыкта жайгашкан мөңгүдөн таштар кулаганы жана кырсыкка казакстандык альпинисттер кириптер болгону кабарланган.
Saat_kg
Якуттардын улуттук оюну дүйнө жүзүнө жайылып, мас рестлинг деген аталыш менен таанылган. Таяк тартыш экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди. Көчмөндөрдүн Олимпиадасы 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Быйылкы оюндарга 40 өлкөдөн спортчулар келип, спорттун 25 түрү боюнча ат салышат. Биринчи бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун он түрү киргизилген. Чет өлкөдөн бир гана казак күрөшү кошулган болчу. Калганын кыргыз элинин спорттук оюндары түзгөн. Бул жолку Көчмөндөр оюндарына 25 спорт түрү киргизилип жатат. Алардын ону гана кыргыз оюндары, калгандары бөлөк көчмөндөрдүкү. Арасында түркмөн күрөшү, азербайжан күрөшү, түрк күрөшү жана казак күрөшү бар. Быйылкы оюндарда 15 спорт түрү ойнотулат, ичинде төртөөнүн дагы өзүнчө түрлөрү бар. Ошолордун баарын кошкондо жалпы 25 оюн боюнча мелдештер өтөт. Алардын арасында өзгөчө шаңдуу, бүйүр кызытаарлык спорт түрлөрүн кездештирүүгө болот. Маселен, якут элинин улуттук Таяк тартыш оюну кыргыз спорт ышкыбоздоруна алгачкы жолу тартууланмакчы. Бул оюндун эрежелери аябай жөнөкөй. Аты айтып тургандай, эки оюнчу бетме бет отуруп, ортодогу тактага тамандарын тирешет да, атаандашынан тыякты тартып алууга аракеттенишет. Дүйнөдө мас-рестлинг деп аталган бул оюн спортчунун абдан күчтүү болуусун талап кылган, өтө сейрек учуроочу оюн. Таяк тартышта спортчулар карама-каршы отуруп, буту менен кырынан коюлган тактайды тээп, ошол тактайга удаа турган таякты эки колдоп кармашып тартышат. Мелдеш калысынын ышкырыгы менен тартышуу башталат. Таякты атаандашынан сууруп алган спортчу жеңүүчү аталат. Ар бир таймаш эки утушка чейин болот жана эки же үч кармашуудан турушу мүмкүн. Алгачкы расмий эрежелер 1945-жылы иштелип чыккан, андан кийин төрт ирээт кайрадан каралып, жакшыртылган.
Saat_kg
Тогуз жолдун томунда жайгашкан Сириядагы байыркы шаар Пальмира соңку бир жылда дүйнөлүк басма сөз беттеринен түшпөй келет. Чөлдүн ортосунда жайгашкан Пальмира бүгүнкү күндө оор абалда. Пальмира Сирияда жарандык согуш башталганга чейин байыркы көркөм архитектуралык курулуштары менен дүйнөгө атагы чыккан. Шаардын тарыхы б. ч. II миң жылдыктын башына барып такалат. Колдон колго өтүп турган калаа биздин замандын II кылымында Рим империясы тарабынан каратылып алынгандан кийин мурдагыдан да кооз имараттар курулган. Шаар кербенчилердин негизги соода жолундагы эс алуучу борбор катары курулгандыгына карабастан, диний курулуштар да көп жүргөн. VI кылымда арабдар каратып алгандан баштап христиан жана башка диний храмдардын курулушу токтоп, исламдык курулуштар башталган. Бирок чөлкөмдөгү башка шаарлардан айырмаланып исламдык курулуштар аз жүргөн. Ошондуктан байыркы храмдар дээрлик бузулбай сакталып калган.academic.ruXVI кылымдын башында Осмон империясынын курамына өтүп, 1920-жылга чейин болгон. 1920-жылы Франция Осмон импеиясынан Сирияны тартып алгандан кийин 1946-жылга чейин өкүм жүргүзгөн. Сирия бул жылы көз карансыздыгын алгандан кийин Пальмира да анын карамагына өтөт.XX кылымдын башында башталган археологиялык казуулар бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Шаар 1980-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине кирет. Ушундан тарта Пальмирага келген туристердин саны артат. Сакталып калган көз жоосун алган кооз курулуштар, укмуштуудай храмдар, сырдуу имараттар туристерди өзүнө тартып турган. Ошондой эле жаңы археолдогиялык казуулардан тарыхый буюмдардын, шаардын калдыктары табылып реконструкциялангандан кийин дүйнөдөгү эң кызыктуу туристтик жерлердин бири катары саналган.es. Пальмиранын тагдыры 2015-жылы бузулду. Мурда туристерди өзүнө тартып атагы чыгып келсе, 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан кийин, согуш чордонунун борбор катары таанылып келет. 2012-жылы Сирия өкмөтү чочулап экспонаттарды көчүрүп баштаган, бирок өлкөнүн саясий абалынан улам аларды толук көчүрүп кетүүгө мүмкүн болгон эмес. Экспонаттарды көчүргөнү менен имараттарды көчүрүп кетүү мүмкүн эмес эле.27-мартта Асаддын аскерлери шаарды Ислам мамлекетинин согушкерлеринен бошотту. Сүрөт: AFPСириянын өкмөттүк аскерлери менен оппозициядан турган эркин армиясы өлкөнүн батыш жагында согушуп жатканда 2015-жылы май айында Ислам мамлекети экстремисттик тобу Пальмираны толугу менен басып алган. Ушул күндөн баштап Пальмира туристик эмес, террордук шаар катары дүйнөгө таанылды. Басып алган террористтик топ байыркы шаар калдыктарынын имараттарын талкалап, экспонаттарды өздөрү каалгандай сатыкка коюшкан. Ошондой эле, бир нече кайталангыс деп эсептелген храмдарды талкалап салышкан эле. Ушул жылдын 9-мартында Сириянын өкмөттүк күчтөрү Орусиянын аба күчтөрүнүн жардамы менен Пальмира шаарына сокку уруп, 27-мартта шаарды ИШИМден толугу менен бошотуп алгандыгын жарыялап чыгышкан. Учурда шаарды тазалоо иштери жүрүп жатат, бирок 10 ай ичинде талкалап салган эстеликтерди кайра калыбына келтирүү 5 жылда бүтөөрү айтылууда.tr. Ошентип дүйнөгө эң алгач соодагерлердин эс алуучу борбору болуп таанылган, андан кийин көп жылдар бою диний борбор болуп таанылган, кийинчерээк туристтик борбор болуп таанылган шаар бүгүн талкаланган бир байкуш калаа катары бүт дүйнөгө таанылды. Кайра калыбына келген күндө да кан кечип калган бул шаарга туристер узак жылдар бою баруудан айбыгышат.adnkronos.
Saat_kg
FIFA 7-апрелде жарыялаган рейтингинде Александр Крестининдин командасы 204-өлкөнүн арасынан 100-орунга чыкты. Эгемен Кыргызстандын тарыхында бул рекорддук көрсөткүч. Буга чейин эки ай катары менен улуттук курама командабыз 105-орунду ээлеп турган. Учурда Кыргызстандын эсебинде 340 упай бар. Азия континентинин ичинде ак шумкарлар 12-орунга чыкты. Бул дагы өзүнчө рекорд болду.2018-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо раунду жыйынтыкталып бүттү. Орусияда өтчү мелдешке Кыргызстан курамасы өтпөй калганы менен Азия Кубогунун тандоо раундунун группалык этабына жолдомо алды. Быйыл улуттук команда 8 расмий жана достук матчын өткөрмөкчү. Алардын алтоосу Бишкекте, экөөсү сыртта болот.
Saat_kg
Акчалай жардам ай сайын берилип турат. Жөлөк пулду апрель, март жана июнь окуяларында көз жумган жана жабыр тарткан үй-бүлөлөр алышат.2010 жылдагы кайгылуу окуяда жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мамлекет колдоо катары 3000 сомдон пособия чектеп берди. Жөлөк пулду алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 630 ду түзсө, алардын ичинен 162 үй-бүлө Апрель революциясында жапа чеккендер. Ошондой эле, мамлекет 2010-жылдын апрель, март жана июнь окуясында жабыр тарткандарга 869 батир бөлгөн.
Saat_kg
Волонтёрлор оюндардын ачылышына жардам берип, спорт оюндарына көмөктөшөт. Калыстарга жардам берүүдөн тарта, чет өлкөлүк конокторду коштоп жүрүү да алардын мойнунда болот. Өлкөнүн расмий каттоосунда турган каалаган жаран ыктыярчы боло алат. Каттоо 6-апрелден 20-апрелге чейин уланат. Билдирүү Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин сайтына жайгаштырылды. Ыктыярчы болууну каалагандар анкета толтурушу керек болот. 20 сынан 30-апрелге чейин волонтёрлор тандалып, 1-майдан 31 ине чейин атайын окутуу жүргүзүлөт.
Saat_kg
Кредитти адамдар үмүттөнүп, пландаштырып жана кайсы бир максатты көздөп алат. Бирок төлөгөнгө келгенде туруктуу жумушу жок же башка чыгымдарынан арттыра албай кыйналып, биринин калпагын бирине кийгизип, микрокредиттик компаниянын (МКК) кызматкерлерин да кошо кыйнаган учурлар көп кездешет. Бул куру кыялга батуунун натыйжасы же тобокелге салуунун кесепети болушу мүмкүн.K-News маалымат агенттигине таянсак, Кыргызстанда коммерциялык банктар тарабынан 2015-жылы 78 млрд сомдон ашуун кредит берилген. Анын 10,84%ын керектөөчү насыялары түзгөн. Муктаж болуп турган буюмга накталай акчаң жетишсиз болсо, кредит системасы аркылуу эгедер болуу абдан ыңгайлуу жолдордун бири. Муну дүйнөлүк практика эчак эле тастыктаган. Мисалы, Түркияда ар бир жаран телефондон тарта автоунаа сатып алууну да насыя менен ишке ашырат. Кыргызстанда да бул система өнүгүп келе жатканы менен багытты туура эмес тандап алып, оозубуз сүткө күйгөн учурлар көп кездешүүдө. Насыяны кээ бири белгилүү бир максатты көздөп алса, кээ бирөө утурумдук бир кызыкчылык же бир муктаждык үчүн алышы мүмкүн. Экинчи жагдайда кыйналып калгандар көбүрөөк. Балдарын жалгыз тарбиялап келаткан Динара айым өткөн жылы уулун үйлөндүрүп, тойканага чоң үлпөт тоюн өткөргөн. Кудаларынын астынан өтүү үчүн 100 миң сом калың алып барган. Чогулткан каражатынын көбү тойго кеткендиктен, калыңга берген акчаны насыяга алганга туура келген. Эми аны төлөп кутулуу үчүн өзү гана иштебестен, уул-келинин да чет өлкөгө жиберүүгө мажбур болгон. Каныбек жубайы экөөлөп насыя алып бизнес ачышкан. Бирок иши оңунан чыкпай, банкрот менен аяктаган. Мал алабыз деген көрсөтмөнү берип, биринчи насыяны мөөнөтүнөн эрте жаап салуу үчүн башка бир компаниядан дагы насыя алышкан. Кыргыздын той-топурга кеткен чыгымы көп болгондуктан, күнүмдүк керектөөлөр болуп отуруп акчага болгон муктаждыгыбыз күн санап өсө берди. Анда да алган насыяларыбыз азаймак түгүл, тескерисинче көбөйө берди. Акыры кантип сазга батып кеткенибизди байкабай калдык. Абдан кыйын учурларга дуушар болдук. Төлөбөй убактысын кечиктирсең, компаниянын кызматкерлери үйгө чейин издеп келишет дейт ал. Мындай окуялар четтен саналат. Ал тургай насыянын сазынан чыга албай ажырашкан үй бүлөлөр, өз жанын кыйган жарандар, өзүнө бензин чачып өрттөнгөндөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана соцтармактардан көрүп, билип келебиз. Туруктуу жумушу же бизнеси барлар үчүн насыя алуу жана аны төлөө бир аз жеңилирээк. Руфаттын туруктуу иши бар болгондуктан жана ал маянасын банктык карта менен алгандыктан, кыйынчылыксыз төлөп кутулганын айтат. Анын насыясы банк аркылуу сүйлөшүлгөн келишим боюнча маянадан эле ай сайын кармалып которулуп турган. Жыйынтыгында, үзгүлтүксүз төлөнүп отуруп, кантип бүтүп калганы билинбей калган. Туура максатта пайдаланылган насыя жемишин берери бышык. Өзгөчө бизнес тармагындагы утуштар буга күбө. Буюм-тайымды кредитке алууда да, маяна жетерлик болсо же бир кошумча киреше болсо, ал жакшы жыйынтыгын бербей койбойт. Насыяны алган адамдын кайтарып төлөбөй коюусу банктын же компаниянын эле эмес, мамлекеттин бюджетин да зыянга учуратат. Ошондуктан жарандар карызга акча алгандан кийин, кайра аны төлөп берүүсү милдеттүү деген оюн билдирди серепчи Азамат Акелеев. Насыя алууда эң алгач кайсы максатты көздөп алганы жатасыз жана кайра анын үстөгүн төлөөгө кудуретиңиз жетеби? Маяналуу ишиңизден сырткары кепилдигиңиз барбы? Мисалы, бизнесиңиз ошону актайбы же алган буюмуңуз акчаны кайтарууга жардам береби деген сыяктуу суроолорго жооп издөө керектигин адистер айтышат. Жооп ала алгандан соң компаниянын же банктын шарттары менен таанышып чыгуу зарыл. Андан кийин атайын кызматкерден ар бир сурооңузга жооп алуу керек. Бардык шарттар канааттандыргандан кийин гана насыя алганга өтүүгө болот. Анткени ошол эле насыяга алынган акча сизди же көкөлөтүп, же чөгөлөтүп коюга жөндөмдүү.
Saat_kg
2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин бийлиги кулаган. 6 жыл өткөндөн кийин мурунку бийликти кетирген убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана апрель баатырлары революциянын максатына канааттанбай жатышат. Революция бир топ максаттарды көздөдү: төлөм тарифтерин калыбына келтирүү, Кыргызтелекомду, Түндүк электрди мамлекетке кайтаруу, саясий шылтоо менен камакта отургандарды бошотуу, монархия орнотууну көздөгөн конституциялык реформаны жүргүзүүнү токтотуу, Максим Бакиев башында турган инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жана өнүгүү фондун жоюу, Курманбек Бакиевдин балдарын жана бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтардан бошотуу, сөз жана басма сөз эркиндигин камсыз кылуу. Максатка эми жетебизfergananews. Бул аралыкта кандай өзгөрүүлөр болду деген суроо ушул убакытка чейин жаралып келет. Ага ар ким ар кандай жооп берет. Ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн башында турган экс-президент Роза Отунбаева мамлекеттик башкарууну парламенттик башкарууга алмаштыруу максатын коюшкандыгы тууралуу айтты. Ал максаттын натыйжасында бизде парламенттик-президенттик аралаш башкаруу системасы иштеп жатат. Эң башкысы, авторитардык башкаруунун жолун буудук. Биз мандаты боюнча өлкөнү, мамлекетти башкара турган адамдарга болгон талапты жогорулатып отуруп, революциянын алдына коюлган баардык максаттарга жетебиз, деген ою менен Отунбаева Saat. Жок, жеттик. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев революция максатына жеткенин айтууда. Биринчиден, элдин кыжырына тийген Бакиев убагындагы үй-бүлөлүк, регионалдык башкаруу жоюлду. Ошондой эле Датка-Кемин долбоору ишке ашып, айыл чарба продукциялары чет жактарга экспорттолуп жатат, газ маселеси чечилди. Ал эми бензиндин баасы болсо бул дүйнөлүк рыноктун таасири астында. Парламенттик мамлекет болдук. Эң негизгиси, сөз эркиндиги бар деп айтат элем. Ал эми электр энергиянын баасында ар кандай өзгөрүүлөр болуп турат. Суу аз болсо, жарык кымбат болот, деген ойдо ал. Же жете элекпизби? Апрель баатыры, Айбек Мырза революция максатына жетти деп айта тургудай экономиканы көтөрө турган реформалар жүргүзүлгөн жок дейт.kg. Коррупция жоюлган жок. Тышкы карыз нормадан, 60 пайыздан ашып кетти. Акаев, Бакиев заманындагы коррупционерлердин көпчүлүгү өз жазасын алган жок. Саясий элита алмашкан жок. Мамлекеттик башкарууга толук жаңы саясий элита келиши зарыл, деди ал. Айбек мырза Жаңы Муун кыймылынын өкүлү. Уюм бийликтин жүргүзүп жаткан иштерине каршы иш-чараларды уюштуруп келишет. Былтыр алар убактылуу өкмөттөн кандуу июнь окуясына, коррупциянын ооздукталбаганына, элдик байлыктар дагы деле таланып-тонолуп жатканына жооп берүүгө тийиш деп билдиришип, митинг уюштурушкан. Бирок жооп болгон эмес. Ал революцияга катышканы менен өзүн апрель баатыры деп эсептебей турганын кошумчалады. Баатырлыктан баш тартып. Былтыр жылдын башында Нарында электр энергиясына байланыштуу митингден кийин Бактыгүл Жумабаева апрель баатыры деген күбөлүгүн өрттөгөн.kg. Мен эми баатыр эмесмин. Баатыр болбой эле койсок болмок, канча балдарыбыз өлдү. Бекер эле баатыр болуптурмун, деп ал нааразы болгон. Аксы районун баатырлары дагы күбөлүктөрүн тапшыра тургандарын эки жыл мурун айтышкан. Анткени, алар апрель окуясы өз максатына жеткен жотугун жана президент убада кылган реформалар жүргөн эместигин белгилешкен. Бирге келгендердин биримдиги ыдырап.kg. Азимбек Бекназаров бир кезде Акаевге, кийин Бакиевге каршы күрөшүп, эми Атамбаевге каршы чыгып жатат. Ал бийликке жеткенден кийин кайра эле Бакиевдин жолу менен кеткендерин карап турууга жан дүйнөсү жол бербей тургандыгын айтып жүрөт. Элдин каны аркылуу келген азыркы президент Алмазбек Атамбаев дагы парламенттик системаны четке кагып, кайрадан авторитаризмдин жолуна түшүп жатат. Президент конституциядагы ыйгарым укуктарынан чыгып кетти. Учурда мен Атамбаевге каршы чыккан жокмун. Биз бир үй-бүлөнүн же бир партиянын кулу болбой, Конституция менен иш алып барышыбыз керек, дейт А. Экс-президент Роза Отунбаева болсо азыркы бийликтин башка бир бутактары элдин келечеги тууралуу ойлобой жатканын билдирди.kg. Айрым конформисттер, өздөрүнө жоопкерчиликти албай, алдына коюлган маселелерди чечпей жатышат. Өздөрүнүн турмушу жана бизнеси үчүн пайдалуу шарттарды алууга аракеттенишип, алар Конституциянын иштешин бузууда. Бул чоң кызмат ордундагы чиновниктер учурдагы Конституция, жаңы башкаруу системасы үчүн өмүрүн кыйгандардын, апрель баатырлардын келечеги тууралуу ойлонушпайт, деди ал. Экс-президенттин оюнда, пппозиция жебенин огун Атамбаевди карай гана багыттап жатат. Эмне үчүн алар өздөрүнө ыңгайлуу кадрларды жумушка кабыл алып-бекитүүгө макул болгон оппозициядан, ЖК коалициясынан, конкреттүү министрлерден, мекемелердин жетекчилеринен, ар кандай деңгээлдеги саясатчылардан талапкылышпайт? Баардыгын президентке үйө берүүгө болбойт, дейт Роза Отунбаева.2017-жылы Кыргызстан эң өнүккөн мамлекетке айланат деген оюн таш капты. Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө 2017-жылы Кыргызстан өнүккөн башка мамлекетке айлана турганын баса белгилеп келет. Ал үчүн эмне кылуубуз керектигин мен билем, бизде бардык шарттар бар. Буюрса, завод-фабрикалар курулуп, сугат жерлер берилип, жаштарыбыз иш менен камсыз болгон өлкөгө айланат, деген президент. Ал арада, быйыл Глобал Файненс америкалык басылмасынын изилдөөсү боюнча Кыргызстан дүйнөнүн 50 эң кедей мамлекеттеринин катарына кирди.2017-жылга чейин бир жыл калды.
Saat_kg
Зинедин Зидандын шакирттери бул матчтын фаворити деп эсептелген. Бирок немистер 25-мүнөткө чейин эле эки гол киргизип, бул эсепти матчтын аягына чейин сактай алышты. Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндары уланууда. 7-апрелге караган түнү Вольфсбург өз үйүндө испаниялык Реал Мадридди кабыл алды. Батыш прессасы жазгандай, букмекерлер Реалдын жеңишине койгон. Бирок, Вольфсбург конокторун кучак жайып тосуп алган жок.18-мүнөттө Реалдын айып аянтчасында эреже бузулуп, пенальти дайындалды. Родригес аны так аткарды. 7 мүнөттөн кийин Арнольд оң канаттан чыгарылган топту дарбазачынын алдынан өткөрүп, эсепти эки эселетти. Матч 2:0 менен аяктады.com. ПСЖ менен Манчестер Сити болсо тең оюн көрсөтүштү 2:2. Златан Ибрагимович биринчи таймда пеналтиден гол киргизгенде франциялыктар жеңишке жетишмек беле. Ошентсе дагы, швециялык чабуулчу өз эсебине бир гол жаздыра алды. ПСЖ үчүн экинчи голду Рабио киргизди. Ситиден голдор де Брюйне менен Фернандиньонун эсебинде.com. Эки дуэлдин тең экинчи матчтары 13-апрелге караган түнү Бишкек убакыты боюнча 12:45 те башталат.
Saat_kg
Борбордогу тарых музейнин айланасында мрамордон төшөлгөн брусчатка бүтүндөй алынып, ордуна Түркиядан жаңы мрамор таштары алынып келет. Оңдоо иштери музейди реконструкциялоонун алкагында жүрүп жатат. Оңдоо иштери эки этап менен жүрөт. Биринчиси имараттын сырты жана анын ар тарабындагы жайгашкан жерлер. Экинчи этапта музейдин ичин заманбап талаптарга жооп бергидей кылып оңдолот. Учурда мамлекеттик тарых музейи да жабылып, ичин реконструкциялоого даярдап жатышат. Ал эми айланасындагы 10 миң чарчы метр аянтты алмаштыруу иши жакын арада башталат, көчмөндөр оюнуна чейин бүтүрүү каралууда. Азыр жерге эски төшөө таштары алынып, оңдолуучу жер тосмолонуп жатат. 15 күндөн кийин Түркиядан жети Кам. АЗ материал келет. Ага чейин эскисин оодарып чыгууга үлгүрсөк, ал келери менен ишти баштайбыз деп билдирди реконструкциялоо боюнча фирманын бригадири Осман Татар.kg. Мындан тышкары мамлекеттик тарых музейинин сырткы бетиндеги кирдеген жана сынган беттери да жаңыланат.kg. Музейдин ичин оңдоп-түзөө 2017-жылда бүтүрүү пландалууда. Музей 25-марттан баштап толук жабылып, учурда ичиндеги экспонаттарды чогултуу иштери жүрүп жатат. Музейдин ичин жана айланасын реконструкциялоо Түркия өкмөтү тарабынан каржыланып жатат.kg. Эске сала кетсек, музей 1925-жылы түптөлүп, азыркы имараты 1984-жылы курулган. Анын айланасындагы төшөө таштары да ошол эле жылы басылган.
Saat_kg
Дагестандын Темиргой айылынын 60 жаштагы тургуну Сагиб Исламмагомедова короосунан табылган сексендей жыланды күрөк менен чаап өлтүргөн. Айылдаштары эрдиги үчүн сыйлыкка көрсөтсө, биологдор табиятка зыян келтирди деп нааразы. Ал картошка казып жаткан учурда жыландын уюгуна туш болот. Күрөк менен чаап отуруп, жыйынтыгында 80 ден ашык жыланды өлтүрүп койгон. Калгандары качып кутулган деп tvzvezda.ru сайты жазып чыкты. Таң калган айылдаштары ага эрдиги үчүн сыйлык берүүнү райондук администрациядан өтүнүшкөн. Бирок баардыгы эле аялдын эрдигин жактыра беришкен эмес. Жергиликтүү биологдор Нурмухаммедова жана айылдын тургундары менен жолугушууну каалашат. Аларга райондун экологиясына канчалык зыян келтирилип жатканын түшүндүрүп, мындай окуялардын кайталанбасын эскерткиси келет. Аял өзү Жыландар мага картошка казууга тоскоол болушту. Мындай жыландар бизде толтура, кайрадан төлдөсө, бат эле көбөйөт, деп оюн айткан.
Saat_kg
Конкурска катышууга 382 киши арыз берип, уюштуруучулар 36 вокалистке гана чакыруу берген. Быйыл Нидерланд, Улуу Британия, Польша, Монголия, Кыргызстан өлкөлөрүнөн келип катышты.ru. Андан тышкары, Орусиянын Бурятия, Калмыкия, Санкт-Петербург жана Маскөө шаарларынын өнөрпоздору да өз таланттарын тартуулашты. Сынак 2005-жылдан бери эки жылда бир жолу өтүп келет. Бул сынак жогорку деңгээлде өттү. Эмгек сиңирген ырчылар, ССРБдин эл артисттери да катышышты. Экинчи турда 13 катышуучу ат салыштык. Нидерланддын ырчысы биринчи орунду, мен экинчи орунду илип кеттик, деп Saat.kgге Тилек Найманбаев айтып берди. Айтымында, сынакта мекендешибиз сегиз ыр аткарды. Алардын ичинен Калый Молдобасановдун Селкиге атуу ырын ырдап берген.
Saat_kg
8-10-апрелде Кыргызстанда суук түшүүсү күтүлөт. Борбор калаада абанын температурасы 4-9 градуска чейин төмөндөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Өлкөнүн айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кыргызгидромет Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында көпчүлүк аймактарда жаан жаай турганын кабарлады. 9-апрелде күндүз жана 10-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн.10-апрелде Талас, Кемин өрөндөөрүндө жана тоо этектеринде аба ырайы 0-2 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган, гүлдөгөн жана түйүлгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин кыйындатат. Ал эми 7-апрелде айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 9-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот деп Кыргызгидромет болжолдойт.
Saat_kg
Жергиликтүү калк бул гүлдүн ачылуусун чоң майрам катары белгилеп, жыл сайын фестиваль өткөрөт. Сүрөт: Зарылбек Мааткалыков. Быйыл фестиваль 20-апрелде өткөргөнгө пландалып жатат. Фестивалга өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелерден, туристтер, жергиликтүү жашоочулар катышат. Чоң деңгээлдеги концертти төкмө акындар ачып берет. Кыргыздын улуттук тамак аштары бышырылып, оюн-зоок менен коштолот. Өрүк боюнча көргөзмө өтөт, деп билдирди жергиликтүү тургундар Saat. Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, майдын ортосуна чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып, анын гүлдөө мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Бийиктиги 1-1,5 мге чейин жетип, тоонун тескей капталында өсөт. Сүрөт: Зарылбек Мааткалыков. Жеке ишкер Зарылбек Мааткылыков Караван айылында жашаган энелер, апалар үчүн өз эсебинен Айгүл гүлүнүн ачылышына Кара-Булак айылынын тоолоруна экскурсия уюуштуруп жатканын айтты. Айгүл гүлүнүн илимий аталышы Эдуарда чаар гүлү. Бул ажайып кооз гүл бир гана таштуу жерлерде өсүп, тамыры да терең жайгашкан. Бир караганда гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жашоочулар сүйүшкөн эки жаштын көз жашы деп аташат. Азыр Айгүл тоосу корукка алынып, ССРБдин кызыл китебине 1978-жылы киргизилген. Айгүл гүлү Баткен облусунун Кара-Булак кыштагында өсөт.
Saat_kg
Бишкек шаарындагы көрнөк-жарнактар жаштарды сүрөттөрү менен гана өзүнө тартабы деген ой кетет. Анткени сүрөттөрдүн жанындагы жазууларда көп учурда сөз маданиятына көңүл бурулбаганы аз келгенсип, каталардын көптүгүнөн баш айланат. Айрыкча, жарнамалык ураандын кыргыз тилинде ынанымдуу, таасирдүү жазылышына жана башка тилден так, сабаттуу которулушуна басым жасалуусу абзел. Себеби, ал товарды өндүрүүчү ишкананын чакырыгы катары жарнамадагы ойдун каймагын, идеясын туюндура алат. Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, жарнаманы кабыл алууда адамдардын көпчүлүгү жарнамалык ураанга көңүл бурушат. Андан соң калган бөлүгүнө көз жүгүртүшөт. Көрнөк-жарнактар тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде Кыргыз Республикасында көрнөк-жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар, жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурда башка тилдерде да жоболоштурулат. Башка тилдеги тексттин ариби мамлекеттик тилдин арибинен чоң болбоого тийиш деп ачык жана так жазылган. Бирок тилекке каршы, жарнактар ар кайсы тилде да жазылып, мамлекеттик тил колдонулбай калган учурларды кездештирүүгө болот. Улуттук Мамкеттик тил коммисиясына кайрылсам, кызматкери Айтиев Бактыбек былтыр Бишкек мэриясына караштуу Жарнама департаменттин жоюп салышканын айтты. Бүгүнкү күнгө чейин жобо кабыл алына элек. Азыр жарнамага түздөн түз жооп берүүчү мекеме жок. Биз бул тууралуу шаардык мэрияга кат жөнөткөнбүз бирок, жооп ала элекпиз, деди ал. Бактыбек мырзанын айтымында, комиссия өз ишин так аткарып жатат. Жакында эле үч райондо рейд жүргүзүшүптүр. Андагы туура эмес жазылган, илинген жарнамаларды монополияга каршы агенттигине билдирип, алар айып пул салышат экен. Акырындык менен колго алып, бул көрүнүштөрдү жойууга аркет кылып келебиз. Ал эми жеке менчик иш каналар жергиликтүү бийликке карагандыктан, биз аларга жооп бере албайбыз. Кээде гана оңдоп түзөөгө бизге кайрылышат, дейт адис. Бул жарнактардын тексттерин комиссия жазып бериптир. Чоң компаниялар уят болуп калбайлы деп өздөрү эле тил комиссиясына кайрылышат.
Saat_kg
Жаңы оператордун аталышы жана качан ишке кире турганы азырынча белгисиз. Долбоор боюнча Кыргызтелеком жакынкы арада тендер өткөрүүнү көздөп турат. Ишкананын пландары тууралуу 2015-жылдын жыйынтыктоочу чогулушунда белгилүү болду. Компания тейлөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгып, атаандашуу талаасында алдыга чыгууну максат кылды. Түйүн 900/1800/2100 МГц диапазонунда чыгарылат. Ыкчам ылдамдыкта боло турган LTE технологиясынын 4G түйүнүнүн рыногун анализдеп, долбоорун тендерге койгонбуз. Ал азыркы убакта заманбап мобилдик технологиялардын катарына киргендиктен, дүйнөнүн көп өлкөлөрү аны колдонуп жатат. Аны менен кошумча кирешелердин булагын арттырып, компаниянын брендин жогорулатып, башка тармактарыбызды да өнүктүрүп алсак болот дейт Кыргызтелекомдун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Мадина Мамарасулова.
Saat_kg